Циклотрон резонансы

Википедия дан

Циклотрон резонансы — Турактуу магнит талаасына жайгаштырылган өткөргүчтөрдүн, алардагы зарядды ташуучулардын циклотрон жыштыгына барабар же эселенгендей жыштыктагы, электр-магниттик толкундарды жутуусу же чагылтуусу.

Катуу нерселердин физикасында Циклотрон резонансы электрондордун энергиялык спектрин изилдөөдө, биринчи иретте алардын эффективдүү массасын так өлчөөдө кеңири колдонулат.

Циклотрон резонансынын жардамы менен зарядды ташуучулардын зарядынын белгисин так аныктоого болот.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Физика: Энциклопедиялык окуу куралы,Башкы редактору Ү.Асанов Жооптуу редактору Жээнбаев Ж, ISBN 9967-14-010-0,