Чалапинов Деңизбек

Википедия дан
Чалапинов, Деңизбек
Жалпы маалымат
Төрөлгөндө берилген аты: Чалапинов, Деңизбек
Туулган жылы: 23.11.1933-жыл
Туулган жери: Тармал-Саз айылы, Кочкор району, Нарын облусу, Кыргызстан
Каза болгон жылы: 2016-жыл
Каза болгон жери: Кемин айылы, Кемин району, Чүй облусу, Кыргызстан
Өлкө: CCCР желеги СССРКыргызстан желеги Кыргызстан
Ишмердүүлүгү: театр жана кино артисти
Наамдары: Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, Кыргыз Республикасынын эл артисти (2010)
Чыгармачылык активдүүлүгү: 1956-жылдан баштап азыркы кезге чейин
Театр: Тянь-Шань облустук музыкалуу-драма театры, Ысык-Көл облустук К.Жантөшев атындагы драма театры

Чалапинов, Деңизбектеатр жана кино артисти.

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чалапинов Деңизбек орто билимди Фрунзедеги №5-мектептен алган.
Орто мектеп аяктаган соң 1952-жылы Москвадагы мамлекеттик А.В.Луначарский атындагы театр өнөрү институтунун актердук факультетине тапшырып, окуган. Үй-бүлөөлүк шартына байланыштуу, актердук кесип боюнча адистикти 1956-жылы Ташкенттеги мамлекеттик А.Н.Островский атындагы театр жана сүрөт өнөрү институтунан алып чыккан.
Алгачкы эмгек жолун 1956-жылы Жалал-Абад театрынан баштаган.
1962-1983-жылдары азыркы Нарын (мурдагы Тянь-Шань) облустук музыкалуу-драма театрында эмгектенген.
1983-1993-жылдары Ысык-Көл облустук К.Жантөшев атындагы драма театрында иштеген.

Чыгармачылыгы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1956-жылдан тартып, дээрлик 60 жылга чукулдаган талыкпаган чыгармачылык жолунун ичинде, Д.Чалапинов элибиздин эсинен кеткис жүзгө жакын театр жана кинообраздарды жаратып, калкыбыздын рухий казынасынын байышына көөнөргүс салымын кошкон.
Д.Чалапинов бир кездерде “Нарын жылдыздары” деп бүт Кыргызстанга дүң болгон А.Жангорозова, К.Медетбеков, Б.Алиев, С.Чечейбаева, С.Андабеков, К.Карасартова, Т.Жумакаева, З.Эсеналиева, Г.Мамашева, К.Тагаев сыяктуу ж.б. ондогон орошон таланттардын тобуна кирет. Тобуна эле кирбестен, ушул аталган инсандардын катарында, өзүнүн кайталангыс чыгармачылык жүзү, ташкындаган жөндөмү менен көбүнөн айырмаланып да турат. В.Шекспирдин “Виндзордук ойсокелериндеги” мистер Пейдж, А.Н.Островскийдин “Добулундагы” Борис, “Күнөөсүз күнөөлүүлөрүндөгү” Шмага, Ч.Айтматовдун “Жамийласындагы” Садык, Ж.Садыковдун “Чакмак таштын сыныгында” Классовский, Т.Абдумомуновдун “Жарыктык карыларымындагы” Мантай өңдүү ондогон образдарын айтпаганда да, Д.Чалапинов Нарын облустук музыкалуу-драма театрынын сахнасында жараткан В.Шекспирдин “Отеллосундагы” Яго, В.Вишневскийдин “Оптимисттик трагедиясындагы” Алексей, сыяктуу образдары, жеке гана тоолук театрдын тарыхындагы көркөм бийиктик эмес, дегеле бүтүндөй улуттук сахна өнөрүндөгү этаптуу көрүнүштөр болуп саналат.
Төрт жүз жылдык тарыхы бар “Отелло” трагедиясынын таржымалында Д.Чалапиновдун Ягосундай индивидуалдуу жана философиялык жалпылоосу терең образдык чечилиштер өтө сейрек болуш керек. Анткени, актер салтташып калган караниет офицер Ягонун образына эстен кетпей турган элестүү демондук мүнөз берүүгө жетишкен. Ошол эле учурда, Д.Чалапиновдун Ягосу өзүнүн интеллектуалдык циник экени менен өтө коркунучтуу болчу.
Ушундай эле ташкындаган темпераменти менен сахнаны жарып жиберчүдөй болгон Алексейдин образы да, Д.Чалапиновдун чыгармачылык кудуретинин бийик экенинин айгинеси.
Булардан сырткаары, 20-кылымдын 80-жылдарында Ысык-Көл драма театрынын сахнасында залкар артист “Курманбектеги” Тейитбек-хандын элестүү образын жаратып, кыргыз сахна өнөрүнүн төбөсүн дагы бир ирээт бийиктете алган.
Ал эми Д.Чалапиновдун кинообраздары кыргыздын кино өнөрүнүн алтын казынасына эчек кирген.
Залкар таланттын чыгармачылыгы жогору бааланып, ага 1973-жылы Кыргыз ССРинин Ардак грамотасы, 1993-жылы “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти”, 2010-жылы “Кыргыз Республикасынын эл артисти” деген ардактуу наамдар берилген.
Акыркы учурда Деңизбек Чалапиновдун чыгармачылык активинде азыркы көрүүчүлөрдүн эсинен кеткис, устаттык менен жаралган кинокарыяларынын жаркын образдарынын бүтүндөй бир галереясы пайда болду.

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Интернет шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз совет энциклопедиясы. Фрунзе,Кыргызстан, 1977-жыл, 2-том.
  • Нарын облусу энциклопедия. Бишкек-1994-ж.