Чампаң

Википедия дан

Чампаңкытайча тили түшүнүксүз эл деген маанидеги сөз. Алооке кан кыргыздарды чаап алып Каракандын балдарын туш-тушка сүргөндө, Жакыпты караан кылып келген Акбалтанын сөзүндө: "Чалгынды бирге чалсам деп, Чампаңдан жылкы алсам деп" (Саякбай Каралаев, 1. 28) айтылат.

Мында Цин империясынын мезгилиндеги Чыгыш Түркстандын Орто Азияга чектеш жерине көчүрүлүп келген эл жөнүндөгү түшүнүк айтылган. Эпостон ошол коңшу турган кытайдан жылкы тийүү жана олжого курал-жарактарды алып келүү менен алардын жалпы кытайча аталышы боюнча Ч. деп атап жатат.Ч. Валихановда жер оодарып чек арага айдалган кылмышкерлер менен аскерлер Ч. деп аталганын белгилейт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4