Мазмунга өтүү

Чараймактар

Википедия дан
Чараймактар, аймактар

Теймурлар
дари چارایماق
Мамлекеттер жана аймактар

Бардыгы: 1 777 000
 Ооганстан

1 404 000
 Иран: 209 000
 Тажикстан: 7 000
Тили

дари тилинин диалектери (фарс тили)

Дини

Ооганстанда — мусулмандар (сүннөттөр)
Иранда — мусулмандар (шииттер)

Кирет

индоиран элдери, моңгол элдери, түрк элдери

Тууган элдер

хазарейликтер, моголдор, тажиктер

Келип чыгышы

иран элдери, моңгол элдери, түрк элдери

Чараймактар (дари چارایماق «төрт уруу») — Ооганстандын түндүк-батышындагы жана Ирандын түндүк-чыгышындагы элдердин тобу (жемшидтер, фирузкухтар, таймандар, теймурлар)[1][2].

Жалпы саны болжолдуу 1 777 000 адам[3]. Ооганстандын расмий бийлиги чараймактарды тажик улутуна таандык деп жазып чыккан. Бирок, илимий тактоолордун негизинде алар башка этникалык топтор, өзгөчөлүктөр маданий жана тиричилик деңгээлинде жана бул топтун сырткы келбетинен ачык байкалат.

Этноними жана этногенези

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чараймактар этноними иран тилинде чар (чахар) «төрт», түрк тилдериндеги «аймак» термини моңгол тилиндеги «уруу, эл» деген маанини билдирген терминден келип чыккан. Жемшидтер, фирузкухтар, таймандар, теймурлар бул эл тобуна кошулгандыктан «төрт эл» деп аталып калган[4]. Ошондой эле зури (сури), этникалык тобун дагы чараймактардын бешинчи тобу деп да атап коюшат.

Отурукташуусу

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чараймактар Иран-Ооганстан чек арасындагы туздуу көлдөрдүн жанындагы, Гор велаятынын тоолуу, чөлдүү жана дыйканчылык үчүн жараксыз аймактарында отурукташкан. Көптөгөн чараймактар азыркыга чейин боз үй сымал убактылуу үйлөрдө жашап, малдары менен дайыма жер которуп, көчүп жүрүшөт. Азыркы учурда бул элдердин арасында отурукташуу процесси байкалууда.

  • Жемшидтер (дари جمشیدی) — Ооганстандын Герат жана Бадгис велаяттарынын түндүк-батышындагы Куша жана Герируд дарыяларынын ортосундагы Паропамиз тоолорунун түндүк капталдарында жашашат. Жемшидтер ылакаптары боюнча, алардын түпкү теги Систандан, өз тукумун Ирандын легендарлуу падышасы Жамшидден башталат. Бир катар изилдөөчүлөрдүн пикири боюнча моңгол тектүү чараймак урууларынын катарына кирет[5].
  • Фирузкухтар (дари فیروزکوهی) — Герат провинциясынын чыгышындагы Герируд жана Мургаб дарыяларынын ортосундагы аймакта жашашат. Уламыштарга ылайык Мазендерандагы Фирузкух чебинен көчүп келишке. Башка божомолдор боюнча этноним Гор провинциясындагы гуридтердин борбору болгон Фирузкух менен байланышкан. Изилдөөчүлөр фирузкухтарда түрк-моңгол суперстратынын болушун мүнөздөйт[6].
  • Таймандар (дари تیمنی) — Гераттын түштүк-чыгышында, Фарахруд дарыясынын башатында жана Герируд дарыясынын чыгышында жашашат. Бул топтун түбү моңгол, түрк, иран элдери менен байланышкан. Бир катар изилдөөчүлөрдүн пикири боюнча моңгол тектүү эл[5]. Таймандардын курамына төмөнкү этно топтор кирет:
    • Кыпчактар (дари قیپچاق) — түрк тектүү эл
    • Дурзайлар (дари دورزای) — пуштун тектүү эл
  • Теймурлар (дари تیموری) — моңгол тектүү эл. Гераттын түштүгүндө Иран-Ооган чек арасын бойлой жана Намакзар көлүнүн жанында жашайт. Этноним Амир Темур менен байланышкан деген божомолдор бар.
  • Аймак хазаралар — хазар тектүү уруу. Ооганстандагы хазарларга кылымдар бою кысым көрсөтүлүп келген. Мамлекет тарабынан чараймактар эмес, тажиктер же перстер деп таанылат[7].

Чараймак диалектилери боюнча кандайдыр бир толук кандуу илимий изилдөөлөр болгон эмес, бирок жалпысынан фарс-тажик диалектисинин континуумуна таандык деп мүнөздөлөт. Ооганстанда чараймактардын тилин расмий түрдө дари тилинин бир диалектиси деп эсептешет[8].

Чараймактардын тобуна кирген баардык элдер ислам динин тутунушат жана мусулмандар болуп саналышат. Ооганстанда жашаган өкүлдөрү — сүннөттөр, ал эми Иранда жашаган өкүлдөрү — шииттер[9].

Тышкы шилтемелер

[түзөтүү | булагын түзөтүү]