Чатыраш

Википедия дан

Чатыраш — кыргыз элинде байыртадан бери ойнолуп келе жаткан шахмат оюнунун бир түрү. Бул оюн боюнча мелдеш уюштурулуп, оюнга жаш-кары дебей катышкан. Оюн ойноого ыңгайлуу ар кандай жерде калыңдыгы 2—5 см, узундугу 30—31 см, туурасы 20—21 см келген тактанын бетине эки оюнчу 32 таш менен (бир оюнчу колунда 16 ак түстөгү, экинчисинин колунда башка түстөгү 16 ташы болот) ойнойт. Оюнду калыс башкарат. Кыргыз эли бул оюнду салтанаттуу тойлордо, бош убактыларында эс алып көңүл ачуу үчү ойной тургандыгы [["Манас" эпосунда |"Манаста]] " сүрөттөлөт. Ч-ты элибиз байыркы доордон тартып азыркы күнгө чейин ойноп келе жатат. Ч-ты Манас баатырдын өзү, анын уулу Семетей, небереси Сейтек да абдан кызыгып ойношкондугу эпосто ачык айтылат. Кабылан турган эр Манас, Кан оюну чатыраш, Улуу-Камыр башында Алмамбет менен ойноп жатты дейт (Радлов жазып алган вариант. 146), "Эки жүзчө адамы, бакылдашып ордо атып, чатыраш оюн салыптыр" (Сагымбай Орозбаков, 2. 308).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4