Чоң сегиз

Википедия дан

Чоң сегиз - (англ, расмий аталышы Group of eight, G8, орус. — Большая восьмерка) - эл аралык клуб, эл аралык уюм болуп саналбайт, ал эл аралык келишимде негизделген эмес, уставы жана катчылыгы жок.

Клубдун чечимдери мүчө-мамлекеттер үчүн атайын күчке ээ эмес. Бул клуб G6 форматында Франция президентинин демилгеси менен Рамбуйе сарайында 1975-ж. 15-17-ноябрда Франция, АКШ, Улуу Британия, ФРГ, Италия жана Япониянын мамлекет жана өкмөт башчыларынын кеңешмесинде түзүлгөн.

1976-ж. «G6» курамына Канаданы кошуу менен G7, ал эми 1991-2002-жж. Орусиянын кошулушу менен («7+1» схемасы боюнча - Улуу Британия, Германия, Италия, Канада, АКШ, Франция, Япония жана Россия) G8 форматы калыптанган.

Мүчө [Мамлекет|мамлекеттердин]] лидерлеринин расмий эмес форуму болуп эсептелет (Европалык комиссиянын катышуусу менен), анын чегинде актуалдуу эл аралык көйгөйлөргө мамиле кылууну макулдашуу ишке ашырылат.

2014-ж. 1-январынан тарта Чоң сегиз төрагалыгы Орусияга өткөн. Бирок Крымды өзүнө кошуп алгандан кийин 2014-ж. 18-мартта Орусия G8 курамынан чыгарылган. 2014-ж. 4-июнда Брюсселде G7 саммити болуп, ал Орусияны катыштырбай туруп өткөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Адам укуктары, демократия, бийлик. Энциклопедиялык сөздүк. – Б.: 2015. -496 б. ISBN 978-9967-27-790-8