Чоң согуш («Манас» эпосу)

Википедия дан

Чоң согуш («Манас» эпосу) — «Чоң казат » бөлүмүндөгү кульминациялык чекит, күрөштүн чечүүчү учуру.

Кырк чоро баш болгон калың кошун аламандап ат коюп, аткычылдар жаа чоюп, мылтыктын үнү тарсылдап, доол согуп карсылдап, албарс кылыч жаркылдап, саадактын огу шартылдап согушка киришти. Аккулага минип, жоо жарагы толук колуна тийген Манастын кадимки баатырдык шаңы келип, душманга сүрү артып, аралап жоого киргенде оң көзүнөн ок чыгып, сол көзүнөн чок чыгып, астына каршы келгендин алыскысын найзалап, жакыныраагын Ачалбарс менен кайсалап кыйратып кирди. Эки кошуун беттешип, кандуу чоң согуш болду. Айыгышкан согушта азууларын аркайтып, ат жыгылып сулады, муруттарын сербейтип, эр жыгылып кулады. Туу түбүндө турушуп, туубуз качпай турат деп кубат кылып урушушту. Кыргын ичинде Коңурбайды көргөн Манас аны беттеди. Коңур такаат кылбай, калаасын көздөй качып берди. Көшөрө кууган Манас узатпай жетип, артынан найза салды. Ээрден көчүгү кыйшайып эми аттан түшө турган болгондо шаардын сепилине жетип, жашынан машыктырып көндүм болгон Алгара чептен секирип өтүп Коңурбай кутулуп кетти. Өкүнгөн Манас кайра тартты. Туусу жыгылып, бел байлаган баатыры качып, кытай колунун өлгөнүнөн калганы шаарын көздөй качты. Көбү колго түшүп, азы капкасына кирип кутулду.

Жарадар болгон Коңурбай эки жарым күн эс-учун билбей тилсиз жатып, үчүнчү күндө араң эсине келди.

Жылкы тийгенде артынан куугун келип, согуш болуп, ал согушта Жолойдун жана анын эки баласынын өлүшү Радлов жазып алган вариантта эскерилет.

Белгилүү манасчылардын варианттарынын ичинен эки кол беттешкен чечүүчү согуш Шапак Рысмендеевдин варианты менен Молдобасан Мусулманкуловдун вариантында негизинен Сагымбай Орозбаковдун вариантына жакын айтылса, ТМВда окуянын нугу бир болгону менен бир катар орчундуу өзгөчөлүктөрү бар.

Ошондой элеБагыш Сазановдун вариантында өзүнө таандык өзгөчөлүктөргө ээ. Саякбай Каралаевдин вариантында: Тал-Чокудагы Манаска Ажыбай Аккуланы жеткирет. Аккулага минген Манас кырк чорону баштап, он эки кандын колу да согушка кирди. Көп жоонун орто жерин Манас оюп, тегерегин кырк чоро союп, бир капталын Бакай сүрүп, солон жагын Төштүк беттеп, калың кошун ат коюп киргенде туруштук бере албай кытайлар качып калышты. Коңурбай жардам сурап Түп Бээжинге кабар берип, көк букачан Мадыкан дөө баштаган эсепсиз көп кол келип, согуш кайра күч алды. Жалгыз мүйүздүү көк букасын! минген Мадыкан дөө согушка кирип эле Музбурчак менен Кошойду катары менен ыргыта сайды. Колго түшүп, байлоодо калган Кошой менен Музбурчакты Сыргак бошотуп чыкты. Манас баш болгон кыргыз баатырлары көптөп жатып Мадыканды араң жеңип, башын кесишет.

Качкан кытайларды артынан сүрүп баратып, алдынан жолуккан Коңурбайды көрүп Манас бет алды эле, ал беттешпестен качып жөнөдү. Көшөрө кууп баратып Манас шаардын эми дарбазасынан Коңурбайдын артынан кирип кетерде Алмамбет жетип, чылбырдан алып токтотуп калды. Нааразы болгон Манаска Алмамбет Коңурбай шаарга киргизиш үчүн амалданып качканын түшүндүрдү.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4