Чыныбаев, Билал Садыкбекович

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search
Билал Садыкбекович Чыныбаев, этнограф тарыхчы, тарых илимдеринин кандидаты, манас таануучу. 18.07.2008.

Билал Садыкбекович Чыныбаев (14.10.1963-ж. Кыргызстандын Суусамыр өрөөнүндө Кызыл-Ой айылында туулган – 24.08.2008 – “Манас” аба майданынын жанында учак кырсыгынан набыт болгон) – кыргыздын белгилүү этнограф тарыхчысы, тарых илимдеринин кандидаты, манас таануучу, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты, коомдук ишмер.

Кыскача өмүр таржымакалы[оңдоо | булагын оңдоо]

Билал Садыкбекович Чыныбаев 1963-жылдын 14-октябрында Кыргызстандын Суусамыр өрөөнүндө Кызыл-Ой айылында туулган. Ал кезде Суусамыр өрөөнү Нарын облусуна караштуу Жумгал районунун курамында болгон.

Атасы – Садыкбек Солтогул уулу (20.1.1943-ж. туулган) – саяк уруусунун кырбаш уругунан.

Солтогулдун атасы - Орозалы, анын атасы - Адигине, анын атасы - Жумабай, анын атасы - Кырбаш, анын атасы - Жутакей.
Кырбаш Жутакей уулунун алты уулу болгон, анын эң кичүсү - Жумабай. Негизинен Суусамыржын Кызыл-Ой, Тунук айылдарында турушат, калганы Панфилов районунун Чалдыбар ж.б. кыштактарында турат.

Орозалы Адигине уулунун үч уулу (Чейнеке, Чыныбай, Солтогул), бир кызы (Уулбала) болгон. Чейнекеден бала жок. Чыныбайдын биринчи аялынан - Устабай, андан эки уулу (Карыпбек, Тойчубек). Булардан балдар бар. Чыныбайдын экинчи аялы Дүрбүбү ападан - Сайдин деген уулдуу болот. Сайдин үйлөнүп, бат эле согушка кетет. Сайдиндин уулу чарчап калат, өзү согуштан кайтпай калат.

Солтогулдан эки уул (Шамшы, Садыкбек), бир кыз (Разия). Бирок Солтогул өз уулу Садыкбекти агасы Чыныбайга каттатып койгон. Чыныбай Садыкбекти багып чоңойткону үчүн Садыкбектин балдары бүт "Чыныбаев" деп катталып калышты.

Энеси – Жумакан Байсейит кызы (1942-жылы туулган). Ал Ысык-Көлдөгү бугунун арык-тукум уругунан болгон. Ата-энеси 1960-жылы баш кошкон, экөө тең Караколдо (Пржевальск шаарында) баш кошкон. Алар Пржевальск кооператив техникалык окуу жайында таалим алышкан. 1965-жылы май айында ажырашып кетишкен.

Садыкбектин тун уулу - Билал, кызы - Элмира (ал ата-энеси ажырашканда апасы менен кеткен).

Садыкбек Чыныбаев (Солтогул уулу) кийин Сыябүбүгө (1974-жылы үйлөнгөн. Алардын эки кызы бар (Жыргал, Мээрим). Садыкбек кийин Кыргыз мамлекеттик университетинин экономика факультетинде 1965-71-жж. окуп, экономист адистигин алган. Суусамыр совхозунда, Миң-Булак совхозунда иштеп жүрүп, 1998-жылы ардагер болду.

Билал Садыкбек уулу өз чоң атасы Солтогулдун колунда тарбияланды. Чоң апасы Жаркын Бекбоо кызы көп таасир берди. Жаркын апа фольклорду жакшы билчү, чоң атасы Солтогул айылда имам болгон, арап адабиятын окуган санжыра билген.
Жаркын чоң эне (1987-жылы) 89 жашында кайтыш болду. Солтогул 100 жашында (1998-жылы) кайтыш болду. Чоң атасынын эстелигин тургузуп, ашын берип, байгеге төө сайган - Билал менен Калыя болду.

Билал өз айылында Суусамыр орто мектебин аяктаган.

1979-жылы Кыргызстандын ордо шаары Бишкектеги Кыргыз Мамлекеттик Университетинин (азыркы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук Университети) тарых факультетине тапшырган.

Билал Чыныбаев студент кезинен эле дилгирлиги, уюштуруучулук жөндөмдүүлүгү менен айырмаланчу. Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетинде бир группаны жетектечү. Мыкты да окучу. Ошонун натыйжасында 3-курстан Казань мамлекеттик университетине которулуп кеткен.

1991-жылы 20-июнда Казань шаарында көрүнүктүү чыгыш таануучу окумуштуу Миркасым Усмановдун жетекчилиги менен “Манас” эпосундагы тарыхый байланыштар боюнча өзүнүн кандидаттык диссертациясын жактады.

1980жж. акырында Билал Кыргызстанга кайтып келип, оболу Кыргыз мамлекеттик университетинде (азыркы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде) окутуучу, доцент болуп иштеди.

Кийин, 1995-жылдан тартып мамлекеттик аткаруу кызматына кетти. <br

Алгач Бишкек шаардык мэриясында жооптуу кызматкер, анан шаардын Свердлов районунун акиминин орунбасары, 1-Май районунун акиминин орунбасары болуп иштеди. <br

Бишкек шаардык кеңешинин депутаты болчу.

2008-жылы августта депутаттардын 1-Май райондук кеңешинин төрагасы болуп иштеп жаткан.

Тарыхчы-окумуштуу, мамлекеттик ишмер, Бишкек шаардык кеңешинин депутаты, депутаттардын Бишкек шаарына караштуу 1-Май райондук кеңешинин төрагасы Билал Чыныбаев да Бишкектен Иранга сапар алары менен кыйроого учураган "Боинг-737" учагында болгон.

Кыйраган учак “Манас” аба майданынан анча узак эмес Жаңы-Жер кыштагынын айдоо жерине түшкөн. Каргашалуу окуя 2008-жылдын 24-август күнү саат 20:30 чамасында орун алган.

Кырсыктан улам көз жумган Б.Чыныбаевдин сөөгү Бишкек шаарына коюлган.

Манас таануудагы салымдары[оңдоо | булагын оңдоо]

Билалдын “Манас” эпосундагы тарыхый параллелдүүлүк боюнча изилдөөлөрү өтө алгылыктуу.

Эпос каармандарынын айрымдарынын 9-кылымдагы тарыхый инсандар менен дал келишүүсүн чеберчилик менен ачып берген.

Ал 19-кылымдагы бизге белгисиз татар окумуштууларынын “Манас” эпосу боюнча жазып калтырган пикирлерин таап чыкты, жарыялады. Бул дагы өзүнчө чоң жаңылык болду. <br

Белгилүү этнограф, тарыхчы Имел Молдобаев оппонент катары, Тынчтыкбек Чоротегин – расмий эмес оппонент катары Казан шаарына барып, Билалдын КазанМУдагы кандидаттык диссертация коргоо каадасына катышкан.

Илимий жетекчиси – Миркасым Усманов[оңдоо | булагын оңдоо]

Миркасым Усманов (1934-2010) Татарстандагы чыгаан окумуштуу, булак таануучу, чыгыш таануучу болгон.

Ал 1968-жылы кандидаттык диссертациясын, 1981-жылы доктордук ишин коргоп, тарых илимдеринин доктору болуп калган. 400дөн ашуун илимий эмгегин жарыялап, 50дөн ашуун илимий эмгекке редактор болгон.

М.Усманов 1991-жылы Татарстан Илимдер академиясынын академиги болуп шайланган. 1997-1999-жылдары Орусия Илимдер академиясынын Чыгыш таануу коомунун президенти болгон.

2008-жылы Ислам конференциясы уюмунун Ислам тарыхын, өнөрүн жана маданиятын иликтөөдөгү салымы үчүн берилчү жогорку сыйлыгынын ээси болду.

АКШ Географиялык коомунун мүчөсү, Эл аралык жазуучулар коомунун Татарстандагы ПЕН-борборунун мүчөсү болгон.

Демөөрчүлүк ишмердиги[оңдоо | булагын оңдоо]

Билал Чыныбаев жаштар спортуна аябай кам көрчү. 2008-жылы Көлмө айылына бир спорттук зал курдуруп, ичин да спорт эмеректери менен жабдып берген.

Өзүнүн чакан бизнесине таянып, баскетбол боюнча жаштардын курама командасына көп жардам берчү. Аларга сүрөөнчүлүк кылып, Үрүмчүгө, Москвага алып барып ойнотуп келген.

Каза болоорунда да Тегеранда өтө турган баскетбол боюнча мелдешке өзү колдогон команда менен чогуу бара жаткан. Команданы ошол жакка алпарып, айрым сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келүү үчүн Бишкек-Тегеран учак каттамына отурган.

Үй-бүлөсү[оңдоо | булагын оңдоо]

Үй-бүлөлүү болчу. Жубайы Калыя. Алар 1984-жылы баш кошкон.

Тун уулу – Чынасыл.
Кызы - Айзада.
Кичүү уулу – Тилектеш.

Неберелери бар.

Илимий жана коомдук ишмердүүлүгү[оңдоо | булагын оңдоо]

Кыргызстан жаш тарыхчылар жамаатынын мүчөсү болгон (1989).

Бишкек шаардык кеңешинин депутаты (2004-2008).

Достору. Үзөңгүлөштөрү[оңдоо | булагын оңдоо]

Билалдын досторунун арасында тарыхчы окумуштуулар Кыяс Молдокасымов, Бектемир Жумабаев, Алымбек Кушубеков ж.б. болгон.

Наамдары. Даражалары. Сыйлыктары.[оңдоо | булагын оңдоо]

  • “Манас-1000” медалы. 1995.
  • “Ош-3000” медалы. 2000.

Эмгектеринин кыскача тизмеси[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Чыныбаев Б. С. Историко-этнографические аспекты изучения эпоса "Манас" (историография проблемы): Специальность - 07. 00. 09 - Историография, источниковедение и методы исторического исследования. – Автореф. диссертации на соискание учеши степени кандидата исторических наук. – Казань, 1991.
  • Чыныбаев Б. С. Историко-источниковедческое изучение эпоса "Манас" в отечественной историографии //Бартольдовские чтения 1987 года. Год восьмой. Тезисы докладов и сообщений. - М.,1987. - С. 110-111..
  • Чыныбаев Б. С. Из истории изучения эпоса "Манас" в XIX в. // Великий Октябрь и некоторые вопросы исторической науки. Тезисы докладов и выступ. на Межреспубл. науч. конф. молодых историков. 21-22 мая 1987 г. - Фрунзе: Илим, 1987. - С.73.
  • Чыныбаев Б. С. К вопросу о народности эпоса "Манас" //Тезисы конференции молодых ученых исторического факультета. - Казань, 1987. - С.76-79.
  • Чыныбаев Б. С. Об использовании устного творчества в историческом исследовании // Тюркология.- 88: Тез. докл. и сообщ. 5-й Всесоюзной тюркологической конференции 7-9 сентября 1988 г. - Фрунзе: Илим, 1988. - С.473-475.
  • Чыныбаев Б. С. Хусаин Фаизханов и эпос "Манас" // Исторические чтения. Тезисы докл. и сообщ. на Межреспубликанской науч. конф., посвященной 75-летию член-корр. АН Кирг.ССР, проф. A.A. Хасанова. - Фрунзе, 1989. - С. 55-58.
  • Чыныбаев Б. Новые данные о Манасе: [Текст] // Тезисы докл. научной конференции профессорско-преподавательского состава исторического факультета. 17-18 января 1991 г. - Фрунзе: Изд-во КГУ, 1991. – С. 32-34.
  • – ISBN .

Колдонулган адабият[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Асанов У. "Нарын облусуна 70 жыл". Энциклопедия. - Бишкек, 2009.
  • Нарын облусу: Энциклопедия / Башкы редактору А.Карыпкулов; Ред. Кеңештин төрагасы академик Үсөн Асанов. – Бишкек: Кыргыз Энциклопедиясынын Башкы редакциясы, 1998. – 420 бет, илл. - ISBN 5-89750-100-9.
  • – ISBN .

Интернеттеги шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]