Шеф Адам Жонс

Википедия дан
Шеф Адам Жонс
Burnt
Файл:Burnt (film).jpg
Урааны

«Жогото турган эч нерсем жок деген эркекти баалабай койбо!»

Жанры

драма, комедия

Режиссёру

Жон Уэллс

Продюсери

Стейси Шер
Эрвин Стофф
Джон Уэллс

Сценарийдин
автору

Стивен Найт

Башкы ролдордо

Брэдли Купер
Сиенна Миллер
Омар Си
Даниэль Брюль

Оператору

Адриано Голдман

Композитору

Роб Симонсен

Кинокомпания

Shiny Penny Productions
3 Arts Entertainment
Battle Mountain Films
Entertainment Film Distributors
The Weinstein Company

Узактыгы

101 мүнөт[1]

Бюджети

$ 20 млн. доллар[2]

Кирешеси

$ 36 606 743[3]

Өлкө

 АКШ

Тили

Англисче

Жылы

2015

IMDb

ID 2503944

«Шеф Адам Жонс» (англ. Burnt) — режиссёр Жон Уэллстин 2015-жылы тартылган американын драма жанырындагы тасмасы[4].

Тасманын бет ачаары 2015-жылы 30-октябрда болгон[5].

Мазмуну[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Адам Жонс өспүрүм кезинде эле Париждеги ресторанда шеф-ашпозчу болууга жетишет. Бирок бара-бара ичимдик менен баңгиликке азгырылып, карьерасынан, кулинария жаатындагы абройлуу сыйлык катары эсептелген Мишлендин (Мишлен жылдызы ресторандын шеф-ашпозчусуна берилген жогорку даража) бир жылдызынан айрылат. Мунун баары кулинария генийи болгон баш каарманга чоң сокку болуп, башка жашоо издеп Жаңы Орлеанга качып кетет. Ал өзүнө качан гана миллион устрица (деңизде жашаган моллюска) тазаласам, ашканага кайтам деген шарт коёт. 3 жылда миллион устрица тазалап, баңгиликтен да арылып, мурунку аброюн жана Мишлендин 3-жылдызын кайтарыш үчүн Лондонго барып, ишенимдүү команда чогултат.

Каармандарда[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Актёр Роль
Брэдли Купер Адам Жонс Адам Жонс
Сиенна Миллер Элен Элен
Омар Си Мишель Мишель
Даниэль Брюль Тони Балерди Тони Балерди
Риккардо Скамарчо Макс Макс
Сэм Кили Дэвид Дэвид
Алисия Викандер Анна Мари Анна Мари
Мэттью Риз Монтгомери Риз Монтгомери Риз
Ума Турман Симон Симон
Эмма Томпсон доктор Росшилде доктор Росшилде
Лили Жеймс Сара Сара
Сара Грин Кейтлин Кейтлин

Тасма тууралуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тасмага тартылуу үчүн Брэдли Купер менен Сиенна Миллер кулинарияга баш-оту менен киришкен. Аларга бычак менен иштөө, жабдыктарды колдонуу, ашканадагы кыймыл-аракеттер, профессионалдык «жаргондор» менен сүйлөөнү үйрөтүшкөн. Сиенна тасма тууралуу: «Кино иштеп жаткан ашканада тартылгандыктан кыйын болду. 120 градус ысык электр мешинин жанында бир канча саат иштөө алсыратып жиберди» деп эскерет. Тартуу иштери аяктагандан кийин актриса дүйнөгө таанымал шеф-ашпозчу Маркус Верингдин мактоосуна арзыган. Актёрлорду даярдоо менен гана чектелбестен, рецепттерди, ашкананын жана ресторандын дизайнын, кызмат көрсөтүү стилин түзгөн Маркус «мен чындап эле ресторан ачып жаткандай болдум» деп айткан. Брэдли 2005-жылы «Ашкана сырлары» аттуу телесериалга тартылгандыктан тасма тартуу учурунда кыйналган эмес. Ал: «Мен 15 жашымда кафеде идиш жууп иштегем. Колледжде окуп жүргөндө ашпозчунун жардамчысы болгондуктан ашкана тууралуу түшүнүгүм бар. Тасмада менде дублёр болгон жок, бардык тамактарды өзүм жасап жаттым»,- деген.

Музыкасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Original Soundtrack
Аталышы Узактыгы
1. «Fire» 3:17
2. «It Serves Your Right to Suffer» 3:25
3. «Dream» 4:38
4. «Fade Out Lines» 3:14
5. «Love Like This» 4:10
6. «Adam Arrives to London» 1:41
7. «Cooking for Simone» 2:54
8. «Birthday Cake» 2:43
9. «The Next Menu» 2:02
10. «Ode to a Sous Vide» 0:25
Original Score
Аталышы Узактыгы
1. «Adam Arrives to London» 1:41
2. «Finding the Team» 1:03
3. «Ingredients» 1:36
4. «Cooking for Simone» 2:55
5. «Presentation» 0:60
6. «First Service» 1:57
7. «Preparation» 3:15
8. «The Next Menu» 2:02
9. «Persistence» 2:34
10. «Quality» 1:37
11. «11 Soft Center» 2:45
12. «Adam's List» 1:39
13. «Chef De Partie» 1:21
14. «For Paris» 1:38
15. «Yes, Chef» 2:38
16. «We Do What We Do» 1:44
Бонус-треки
Аталышы Узактыгы
1. «Dream (Original Mix)» 4:40
2. «Carpathian Ridge» 1:35
3. «Walk in The Trees» 2:31
4. «A Picture of You» 2:13

Ой-пикирлер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кинодо көп деле интрига жараткан эпизоддор жок. Юмор жетиштүү деңгээлде, көрүүчүлөрдү мезгил-мезгили менен жылмайтып турат. Башкалардан айырмачылыгы деп актёрдук курамды айтсак болот. Айымдардын сүйүктүүсү Брэдли Купер, «Жарыш» («Гонка») тасмасынын жылдызы Даниэль Брюль, актриса, модель Сиенна Миллер, «1+1» (баштапкы аталышы «Кол тийбестер» – «Неприкасаемые») комедиялык драмасындагы Омар Си, ресторан сынчысынын ролундагы Ума Турман көрүүчүлөрдү кубантып турат. Ашпозчулардын кулинардык чеберчилигин көрүп тамшанасың. Дыкаттык менен даярдалган деликатестен баштап жөнөкөй азыктар да көркөм тартылган. Ошондуктан Адам Жонс тамактан алган ырахатты жөн жерден оргазмга салыштырбаса керек. Мындан улам айрым киносынчылар «Шеф Адам Жонс» – бул чоң кинематографиядагы фуд-эротика» дешүүдө.

Эскертмелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Burnt. Текшерилген күнү 30 -июль (теке) 2017.
  2. Ryan Faughnder. Sandra Bullock and Bradley Cooper face 'The Martian' as Halloween spooks box office. Los Angeles Times (October 15, 2015). Текшерилген күнү 30 -июнь (кулжа) 2017.
  3. Burnt (2015). Текшерилген күнү 30 -июль (теке) 2017.
  4. Chang, Justin. Film Review: ‘Burnt’ (en-US), Variety (21 -октябрь (тогуздун айы) 2015). Текшерилген күнү 30 -июль (теке) 2017.
  5. Zack Sharf. Bradley Cooper-Starring Chef Drama ‘Burnt’ Pulled From Limited Release (англ.). IndieWire (Oct 19, 2015). Текшерилген күнү 30 -июль (теке) 2017.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Калып:Стивен Найт