Ындыстан топоними

Википедия дан

Ындыстан — топоним. Кыргызстандан кыйла алыс жаткан өлкө катары эпостун бир катар эпизоддоруна эскерилет. Манасты байлап кетмекке Каканчын каны жиберген жигиттердин бири Ындыстандын бер жагы Коңгу деген жерден болот. Кошойдун Кырмузшааны багынтышы, Айгандын окуясы Ындыстанга караштуу же ага жакын жерлерде өтөт. Алмамбеттин келгенине арнап Манас той берген окуя да учурайт. “Күн үрүш жакка бет алсаң Ысбахан менен Ындыстан, кандай барсаң андай бар, Ар керегиң камдай бар”. Географиялык реалиада Азиянын түштүгүндөгү Индстан жарым аралы. Батышын Араб деңизи, чыгышын Бенгал булуңу чулгайт. Индстанда Индиянын көп бөлүгү, Пакистан менен Бангладеш айрым жерлери жайгашкан.