Мазмунга өтүү

Эдвин Хаббл

Википедия дан
англ. Edwin Hubble
Туулган жылы:

1899-жыл

Туулган жери:

Маршфилд, Миссури

Каза болгон жылы:

1953-жыл

Каза болгон жери:

Сан-Марино, Калифорния

Илимий чөйрөсү:

астрономия

Иштеген жери:

Йорк Обсерваториясы жана Маунт Вилсон обсерваториясы

Белгилүү болгондугу:

Хаббл Закону

Белгилүү болгондугу:

Хаббл Закону

Сыйлыктары


Кэтрин Брюс Медалы.

Хаббл, Эдвин Пауэлл (англ. Edwin Powell Hubble, 1889-1953), XX к. улуу астроному АКШнын Миссури штатында Менсфил шаарында камсыздандыруу агентинин үй-бүлөсүндө төрөлгөн. Үйүндө кызматчылары болсо да атасы балдарын жумушка тартып, кылган жумуштары үчүн акы төлөп турган. Эдвин короосундагы чөптөрдү чаап, бакты сугарып, тазалоонун милдетин аткарган. Балалык кезинде Жюль Верндин фантастикалык чыгармаларын көп окуган. Чоӊ атасынын жасаган телескобу менен туулган күнүндө тун бою асманды кароого уруксат беришкен.

1906-ж. Эдвин Хаббл мектепти бүтүп, Чикаго университетине тапшырып, астрономия, физика жана математикадан сабак алат. Жөндөмдүү студенттер менен бирге Великобританияга окуусун улантууга жиберилет. Оксфорд университетинде эл аралык укук боюнча адистигин улантып калат. Укук боюнча бакалавр даражасын алуу менен 1913-ж. Америкага кайтып келет. Хаблл Чикаго университетине трамвай магнаты Чарлз Йерктин каражаты менен курулган обсерваторияга жумушка кирет. Обсерваторияда диаметри 107 см эӊ чоӊ рефрактор-телескоп коюлат. Өтө чоӊ рефрактор жакшы эффект бербеси белгилүү болгондуктан, мындан чоӊу азырынча курула элек.

Хабблдын биринчи илимий эмгеги жылдыздардын өздүк кыймылына арналган. Анын доктордук диссертациясынын темасы: "Начар тумандуулуктарды фотографиялоо менен изилдөө" деп аталган. 1923-ж. Андромеда туумандуулугун 250 см рефлектор аркылуу фотографиялоо менен эки жаӊы жылдыздын жаралуусун байкаган. Спиралдуу тумандуулукка чейинки аралыкты аныктап, бул тумандуулук өз алдынча жылдыздык система деген тыянак чыгарган.

Хаблл галактикаларды изилдөөсүн улантып, составын, структурасын, жана айлануу кыймылын үйрөнгөн. Ал биринчи жолу галактикаларды формасы боюнча классификациялаган. Галактикадан тышкаары тумандуулуктарды Хаббл үч типке бөлгөн: эллиптикалык -Е, спиралдык - S, жана иррегулярдуу —Irr же, туура эмес галактика. Хабблдын илимий эмгектери жогору бааланып, 1927-ж. АКШнын Улуттук академиясына жана Великобританиянын Королдук коомунун анык мүчөлүгүнө кабыл алынат. "Галактикадан тышкары тумандуулуктардын нур ылдамдыктары менен аралыктардын байланышы" деген Хабллдын эмгеги 1929 жылы жарыяланат. Ал 40 тумандуулуктун нур ылдамдыгы менен алардын арасындагы аралыктардын өзгөрүшүн байланыштырып, "Галактикалар бизге чейинки аралыктарына пропорциялаш ылдамдыктар менен бизден алысташат" деген тыянак чыгарат.

Хабблдын ачылышы кеӊейген Аалам концепциясынын негизи болуп, Коперниктин ачылышы менен барабар кабыл алынган. Аалам жөнүндө көз караштарда революциялык төӊкөрүш жасаган.

Галактикадан тышкаары тумандуулуктардын жылдыздык табиятын далилдеген; аларга чейинки аралыктарды аныктаган (1925). Галактикалардын структуралык классификациясын иштеп чыккан (1926). 1929-жылы Ааламдын кеӊейүү законун ачып (Хаблл закону), байкоолор менен далилдеп, өзгөрмө жылдыздардын жаӊы тибин ачкан (1953). Орбитадагы космос телескобу Хабллдын атынан коюлган.

  • Астрономия илиминин өнүгүшү. – Мамбетакунов Э., Калыбеков А. – Ж.Баласагын атындагы КУУ, Бишкек, 2014. – 240 б.