Эдмунд Галлей

Википедия дан
Edmund Halley
Туулган жылы:

1656-жыл

Туулган жери:

Хаггерстон, Лондон

Каза болгон жылы:

1742-жыл

Каза болгон жери:

Гринвич, Лондон

Илимий чөйрөсү:

астроном, геофизик, математик, метеоролог, физик жана демограф

Иштеген жери:

Гринвич обсерваториясы

Альма-матер:

Оксфорд университети

Белгилүү болгондугу:

Изилдөөчү Галлея кометалары

Белгилүү болгондугу:

Изилдөөчү Галлея кометалары

Галлей (Halley) Эдмунд (1656-1742), англиялык астроном жана геофизик, 1720-жылдан Гринвич обсерваториясынын директору.

Кылган илимий иштери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Айдын кылымдык ылдамдануусун б.а. Ай бир кылымда өзгөргөн ылдамдыгын аныктаган. Түштүк жарым шардагы жылдыздардын картасын түзүп, 1718-ж. Альдебаран, Сириус жана Арктур жылдыздарынын өздүк кыймылын аныктаган. Бул ачылышка астрономдор 50 жылдан кийин гана ишенишкен. Болиддер Жердин космостук тело менен жолугушуусу жөнүндө биринчи тыянак чыгарган (1714). Кометалар теориясын иштеп чыккандыгы менен Галлей дүйнөлүк атакка ээ болгон. Ньютон жана башка окумуштуулар: комета - парабола орбитасы менен кыймылдаган Күн системасына келген Ааламдык коноктор деп эсептеген. 1680 жана 1982- ж.ж. пайда болгон эки жаркырак комета эллипстик орбита менен кыймылдарын эсептеп чыккан. 1682-жылы көрүнгөн комета 1758-жылы кайра көрүнөөрүн бүткүл дүйнөлүк тартуу закону менен алдын ала эсептеп чыккан. Бул бүткүл дүйнөлүк тартылуу законун зор салтанат менен далилдениши болуп калды. Бул Күн системасындагы эӊ чоӊ кометага Галлейдин ысмы берилген. Галлей кометасынын 1910 жана 1986-ж.ж. Күнгө (Жерге) жакындап келүүсү менен Ааламдын түзүлүшү жана пайда болушу тууралуу теорияларды далилдеп жана кеӊейтип берди.

Адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Астрономия илиминин өнүгүшү. – Мамбетакунов Э., Калыбеков А. – Ж.Баласагын атындагы КУУ, Бишкек, 2014. – 240 б.