Экофеминизм

Википедия дан

Экофеминизмфеминизмдин бир бутагы катары айлана-чөйрөнү коргоодо аял менен жаратылыштын ортосундагы мамиленин негизин талдайт.

Климаттын өзгөрүшүн, гендердик теңчиликти ошондой эле социалдык адилетсиздикти көтөргөн идеология экофеминизмде өзгөчө басым жасалат. Экофеминистик көз караштагылар жаратылыш менен адам ортосундагы мамилени талдоодо «жыныс» концепцияны  колдонушат. Бул термин француз жазуучусу Франсуа де Бонн "Le Feminisme ou la Mort" (Феминизм же өлүм) китебинде биринчи жолу колдонулат.

Экофеминизм теориясы феминизмдин өнүгүүсүн таңуулоо менен коомчулукту кызматташууга үндөйт. Экофеминисттик талдоо аял менен жаратылыштын экономикада, динде, саясатта, адабиятта басмырлануусун талдайт. Бул изилдөөлөрдө аял менен жаратылышка болгон  мамиле каралат. Мисалы, эркектердин аялдарга үстөмдүк кылышы жана адамдардын жаратылышка кылган мамилесин камтыйт. Экофеминизм, аял менен жаратылышты сыйлоого жана аялзатына аяр мамиле кылууга чакырат.

Экофеминизм өзүнө көптөгөн көз караштарды камтыйт. Өзгөчө айлана-чөйрөгө жана аялдарга патриархалдык жактан басынтылуусу көңүл чордонунда[1].

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. БУУӨП. Женщины и окружающая среда в Кыргызской Республике. (орус.). https://www.kg.undp.org/content/dam/kyrgyzstan/Publications/gender/Photostory%20RUSfinal.pdf(жеткиликсиз шилтеме)