Мазмунга өтүү

Элдик демократиялык революция

Википедия дан

Элдик демократиялык революция Европа менен Азиянын бир катар өлкөлөрүндө 2-дүйнөлүк согуштан кийин социалисттик өзгөрүүлөрдүн прологу сыяктуу жайылтылган антиимпериалисттик, антифеодалдык демократиялык революция. Элдик демократиялык революция башкача да терминдер колдонулат. (Мис., Чехословакиядагы улуттук-демократиялык революция, Венгриядагы демократиялык революция, Кытайдагы жаны демократиялык революция ж. б. Болгарияда элдик демократиялык революция башынан эле социалисттик мүнөздө болгон.) элдик демократиялык революция антиимпериалисттик, антифеодалдык демократиялык революция катары коомдук-экономикалык өнүгүүсү ар кандай деңгээлде болгон өлкөлөрдө (Чехословакия менен Венгрия, Румыния менен Кытай ж. б.) капитализмдин жалпы кризисинин учурунда болуп өткөн. 40-жыл менен 20-жылдардын революциялардын социалдык-экономикалык мазмуну бирдей эместигине карабай, бул аталган өлкөлөр чет элдик империализмден (Германия, Италия, Япониянын) жарым колониалдуулукта, көз карандылыкта турганы менен аналогиялуу.


Бул өлкө-лөрдүн элдеринин алдында революциячыл жалпы фашизмге каршы, улуттук күнкорсуздук жана демократия үчүн күрөшүү маселесин коюп, алардын баштапкы революциячыл өнүгүүсүндө окшош жолго түшүүсүн шарттады. Элдик демократиялык революция социалисттик революция тибине кирип, ошону менен эле буржуазиялык-демократиялык революциядан айырмаланып турат. Эгер эски типтеги буржуазиялык-демократтык революциянын экономикалык негизи өндүрүш күчтөрү менен феодалдык (жарым феодалдык) өндүрүштүк мамилелердин ортосундагы карама-каршылык түзсө, социалисттик революциянын негизи – өндүрүш көчтөрү менен күнү бүткөн каптиталисттик өндүрүш мамилелеринин каршылыгы болсо, жогоруда каралган өлкөлөрдөгү Элдик демократиялык революция негизи – эки түрдүү: биринчиден, өндүрүш күчтөрүнүн өнүгүшү менен феодалдык (жарым феодалдык) өндүрүштүк мамилелеринин; экинчиден, улуттук экономикалык өнүгүүнүн кызыкчылыгы менен чет элдик капиталдын же аны менен байланышкан жергиликтүү капиталдын зомбулугун каршылыгы түзгөн.


Элдик демократиялык революция айырмалуу белгиси анын кыймылдаткыч күчтөрүнүн курамында болуп саналат. Эгер эски типтеги буржуазиялык-демократиялык революциянын кыймылдаткыч күчү буржуазиялык таптар, а социалисттик революциянын кыймылдаткыч күчү пролетариат Элдик демократиялык революциянын кыймылдаткыч күчү элдик фронт, ар түрдүү катмарлардын жана таптардын биримдиги болуп, социалисттик революцияга чечкиндүү жакындайт. Элдик демократиялык революциядагы бир маанилүү айырмасы анын орноткон бийлигинде. Элдик демократиялык революциянын натыйжасында орнотулган элдик бийлик пролетариат диктатурасынан таптык мүнөзү боюнча айырмаланат. Элдик демократиялык революция орноткон бийлик демократиялуу жана социалисттик өзгөртүүлөрдү жүргүзүүнү, социалдык маселелерди чечүүнү көздөйт. Элдик демократиялык революция Европа менен Азиянын бир катар өлкөлөрүндө 2-дүйнөлүк согуштан кийин социалисттик өзгөрүүлөрдүн прологу сыяктуу жайылтылган антиимпериалисттик, антифеодалдык демократиялык революция. Элдик демократиялык революция башкача да терминдер колдонулат. (Мис., Чехословакиядагы улуттук-демократиялык революция, Венгриядагы демократиялык революция, Кытайдагы жаны демократиялык революция ж. б.


Болгарияда элдик демократиялык революция башынан эле социалисттик мүнөздө болгон.) элдик демократиялык революция антиимпериалисттик, антифеодалдык демократиялык революция катары коомдук-экономикалык өнүгүүсү ар кандай деңгээлде болгон өлкөлөрдө (Чехословакия менен Венгрия, Румыния менен Кытай ж. б.) капитализмдин жалпы кризисинин учурунда болуп өткөн. 40-жыл менен 20-жылдардын революциялардын социалдык-экономикалык мазмуну бирдей эместигине карабай, бул аталган өлкөлөр чет элдик империализмден (Германия, Италия, Япониянын) жарым колониалдуулукта, көз карандылыкта турганы менен аналогиялуу. Бул өлкө-лөрдүн элдеринин алдында революциячыл жалпы фашизмге каршы, улуттук күнкорсуздук жана демократия үчүн күрөшүү маселесин коюп, алардын баштапкы революциячыл өнүгүүсүндө окшош жолго түшүүсүн шарттады. Элдик демократиялык революция социалисттик революция тибине кирип, ошону менен эле буржуазиялык-демократиялык революциядан айырмаланып турат. Эгер эски типтеги буржуазиялык-демократтык революциянын экономикалык негизи өндүрүш күчтөрү менен феодалдык (жарым феодалдык) өндүрүштүк мамилелердин ортосундагы карама-каршылык түзсө, социалисттик революциянын негизи – өндүрүш көчтөрү менен күнү бүткөн каптиталисттик өндүрүш мамилелеринин каршылыгы болсо, жогоруда каралган өлкөлөрдөгү Элдик демократиялык революция негизи – эки түрдүү: биринчиден, өндүрүш күчтөрүнүн өнүгүшү менен феодалдык (жарым феодалдык) өндүрүштүк мамилелеринин; экинчиден, улуттук экономикалык өнүгүүнүн кызыкчылыгы менен чет элдик капиталдын же аны менен байланышкан жергиликтүү капиталдын зомбулугун каршылыгы түзгөн. Элдик демократиялык революция айырмалуу белгиси анын кыймылдаткыч күчтөрүнүн курамында болуп саналат.


Эгер эски типтеги буржуазиялык-демократиялык революциянын кыймылдаткыч күчү буржуазиялык таптар, а социалисттик революциянын кыймылдаткыч күчү пролетариат Элдик демократиялык революциянын кыймылдаткыч күчү элдик фронт, ар түрдүү катмарлардын жана таптардын биримдиги болуп, социалисттик революцияга чечкиндүү жакындайт. Элдик демократиялык революциядагы бир маанилүү айырмасы анын орноткон бийлигинде. Элдик демократиялык революциянын натыйжасында орнотулган элдик бийлик пролетариат диктатурасынан таптык мүнөзү боюнча айырмаланат. Элдик демократиялык революция орноткон бийлик демократиялуу жана социалисттик өзгөртүүлөрдү жүргүзүүнү, социалдык маселелерди чечүүнү көздөйт.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Саясат таануу (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004,ISBN 9967-14-11-9