Элдик педагогика
Элдик педагогика – элдик оозеки чыгармачылыкта, үрп-адат, каада-салттарда, оюн жана оюнчуктарда сакталган педагогика идеяларынын жана тарбиялык тажрыйбаларынын тутуму.
Ал эми анын илимий-тематикалык географиясын, изилдөө чектерин төмөнкүчө мүнөздөп көрсөтүүгө болот: элдин негизги педагогика түшүнүктөрү (багуу, кароо, асыроо, тарбиялоо, бутуна тургузуу, эрезеге жеткирүү, адам катарына кошуу).
Элдик педагогиканын кенч казыналары, булактары (уламыш, болумуштар, дастандар, жомоктор, макал-лакап, табышмактар, элдик ырлар, колдонмо-жасалма өнөрү, таштагы жазуулар, акындар чыгармачылыгы, санжыралар). Элдик тарбиянын мазмуну жана максат-милдеттери (пейил-мүнөздү, адеп-ахлакты, акыл жана дене бой маданиятын калыптандыруу, ден соолукту сактоо, чыңдоо, көркөм-эстетикалык табитти өстүрүү ж. б.). Тарбиялоонун факторлору, усулдары (жандуу жаратылыш, эне тил эмгек, каада-салт, үрп-адаттар, элдик өнөр, дин, турмуш-тиричилик ж. б.).
Каражаттары (өрнөк, түшүндүрүү, ынандыруу, ишеним, бата, өтүнүч, кеңеш, ишаарат, алкыш, какшык, зекүү, эскертүү, көндүрүү, тыюу, коркутуу, дем берүү ж. б.). (Эпостор, жомоктор, макалдар, табышмактар, жаңылмач, апыртма, бат айтма, элдик ырлар, көркөм өнөр, оюндар, табият, элдик майрамдар ж. б.). Адамзаттын жамааттык жашоо образынын пед. концепциясы (үй-бүлө, урук, уруу, коом, эл, адамзат). Дүйнө элдеринин педагогика маданияттарындагы жалпылыктар жана бөтөнчөлүктөр (жалпы адамзаттык педагогика маданият, славян элдеринин педагогика маданияты, түрк элдеринин педагогика маданияты ж. б.).
Элдик тарбиячылар (ата-эне, уруулар, карыялар, усталар, уздар, саяпкерлер, мүнүшкөрлөр, эсепчилер, манасчылар, жомокчулар, акындар, санжырачылар, уламалар); элдик педагогикадагы инсандык идеалдар (чыныгы адам, эр жигит, аксакал, карыя, ак көрпө жайыл ургаачы, жабылуу кара инген, ак жоолук делбир ж. б.).
Элдик педагогикадагы инсан идеалы. Кыргыз эли тарбиялоонун максаты жана мазмуну жөнүндөгү кылымдардан берки түзүлгөн түптүү көз караштарын «адам кылуу» деген жөнөкөй жана улуу түшүнүк менен туюнтушат. «Адам бол» деген бийик талапты ар бир ата-эне бала сөзгө түшүнө баштагандан эле кулагына куюп, жандүйнөсүнө сиңире баштайт.
Кыргыз элинин тарбия көзкарашысында уул балдар менен кыздардын идеалы алардын үй-бүлөлүк жана коомдук турмуштагы ордуна, иштемине карай өз алдынча, өзгөчө мерчемдер менен аныкталган. Атап айтсак, уул балдарды тарбиялоонун идеалы – байыркы доорлордон азыркы күнгө чейин «Эр жигит» деген түшүнүк менен туюнтулуп келет. Жигит идеалынын мазмуну башка элдердин нарк дөөлөттөрүнө, б. а. орус элиндеги «азамат уул» (орус. добрый молодец), жапан элиндеги «самурай», англичандардагы «жентельмен» деген түшүнүктөргө жакын. Алардын баарына тең эле албеттүүлүк, эр жүрөктүүлүк, тайманбастык, кичи пейилдик, калыстык, шайыр-шайдооттук сыяктуу жалпы касиеттер мүнөздүү.
Ал эми аял затынын идеалын таамай, так туюнтуп турган «Ак жоолук делбир», «Ак көрпө жайыл», «Жабуулуу кара инген» деген түшүнүктөр да кездешет. «Ак жоолук делбир» түшүнүгү төмөнкүчө чечмеленет: «Мындай аял сымбаттуу келет. Күйөөсүнүн кенедей да көңүлүн калтырбайт. Жоро-жолдоштору дайыма келип турат. Аларды сүйлөгөн сөзү, кылган кылыгы менен ыраазы кылат. Үйүн таза кармайт. Балдарын куурчактай кылып кийиндирет. Маңдайы жарык болот». «Ак көрпө жайыл ургаачы» түшүнүгү акылга дыйкан, мээримдүү, адамгерчиликтүү, жүрүм-туруму менен өзгөлөргө өрнөк боло алган аялды сыпаттоо иретинде колдонулат. Ал эми «Жабуулуу кара инген» үй турмушунда бардык түйшүктү мойнуна алган, уздугу, чеберчилиги менен айырмаланган, ушак-айыңга кошулбаган, ашыкча кеп-сөзү жок, көтөрүмдүү, көпчүлүктүн ишине активдүү катышкан аял.
Элдик педагогикалык негизги түшүнүктөр. Кыргыз элинин салттуу тарбия маданиятына таандык терминдерди жана түшүнүктөрдү талдоо төмөнкүдөй тыянак чыгарууга негиз берет. Биринчиден, азыр элдик педагогика лексикондо активдүү колдонуп келе жаткан түшүнүктөр, терминдердин айрымдары бардык түрк тилдерине ислам дини менен кошо кирип, орток терминге айланып кеткен. Алсак «Тарбия» дээрлик бардык түрк тилдерине арабдардын «тарбият» деген сөзүнөн кирген. Семантикалык мааниси бардык түрк элдеринде бирдей, б. а., инсанды өнүктүрүү, өстүрүүгө байланышкан пед. кубулуштарды жалпылоо маанисинде колдонулуучу түшүнүк.
«Тарбия» деген уңгу сөзгө -лоо мүчөсү жалганганда инсандын көп кырдуу сапаттарын калыптандыруу, өстүрүү процессин, мыйзам ченемдүүлүктөрүн мүнөздөөчү түшүнүккө айланат. Жалпылап айтканда, кыргыз элиндеги «тарбиялоо» түшүнүгү баланы багуу, кароо анын акыл-эсин өстүрүү, ден-соолугун чыңдоо, аны өрнөктүү жүрүм-турум адаттарына үйрөтүү дегенди билдирет.
«Тарбиялоо деген түшүнүктүн ажырагыс компоненттеринин бири – тартип. «Тартип» – фарс сөзү, кыргыз тилинде «ирет», «ырааттуулук» деген маанини билдирет. Ал эми «тартиптүү» деген сын атооч сөз инсандын жүрүм-турумунун белгилүү ыраатка салынгандыгын, андагы өр-нөктүү, үлгүлүү инсандык касиеттерди мүнөздөйт. Кыргыз тилинде тарбиялоо түшүнүгүнө синонимдеш төл сөз арбын. Алардын баары көп маанилүү, алардын маани-маңызы баланын ар кыл жаш курагындагы өсүп-өнүгүү өзгөчөлүктөрүнө, ага ылайык камкордуктардын мазмунуна карай улам тереңдеп олтурат. Алсак, «торолтуу» деген сөз жаңы көз жарган наристенин өсүп-өнүгүүсүн мүнөздөө иретинде колдонулат. Ал эми «алдейлөө», «бапестөө» деген түшүнүктөр ымыркайды көзөмөлдөп баккандардын аруу сүйүүгө ширелген ар түрдүү камкордуктарын айгинелеп турат.
Байыркы кыргыздардын педагогика лексиконунда «телчиктирүү» түшүнүгү кеңири колдонулган. Бул түшүнүктөн кыргыздардын аңчылык өнөрүнө байланышкан адат-салттарынын изи ачык байкалат. Анткени, бул сөз куш, ителги, бүркүт таптоодо да, баланы жетилтүүдө да кеңири колдонулуп келген. Тарбиялоо маселесине байланышкан элдик түшүнүктөрдү таанып-билип, тактоодо «үйрөтүү», «үйрөнүү» деген сөздөр өзгөчө мааниге ээ. Түз маанисинде «үйрөтүү» тарбиячы, насаатчынын, ал эми «үйрөнүү» деген сөз тарбиялануучунун ишмердигин сыпаттайт. Сөздүн тегине келсек, анын тамыры байыркы мезгилдерге барып такалат. «Үйрөн» деген уңгу сөз байыркы түрк тилинде «ө» – ой жүгүртүү, ойлонуу, «ег» – ой, акыл-эс деген эки сөздүн курамынан турган. Түп маанисин түзмө-түз чечмелегенде башкалардын акылына, кеңешине канык, өз алдыңча ойлон, акылыңы өстүр деген мазмунга ээ. Семантикалык мааниси жагынан кыргыз тилиндеги «кемелине келтирүү», «баралына келтирүү», «эрезеге жеткирүү» сыяктуу сөздөр да негизги педагогика терминдердин катарына кирет. Булар бир караганда тектеш терминдер катары туюнтулат. Бирок, элдин тарбия практикасында алардын ар бири өз алдынча түшүнүк, өз алдынча өзгөчө педагогика иштемди аткарат. «Баралына келтирүү», «баралга жеткирүү» деген түшүнүктөр, төгөрөгү төп, жигит катары жетилдирүү деген маанини билдирип, көбүнчө уул балдарды тарбиялоо, өстүрүү жараянын мүнөздөйт. Ал эми «кемелине келтирүү» деген түшүнүктө адамдын жыныстык өзгөчөлүгү эске алынбайт. Башкача рухий маданият, өнөр жагынан өнүгүп-өсүп калыптангандыгынын чен өлчөмү катары мүнөздөлөт.
Кыргыз фольклорундагы «санат», «насыят», «терме», «нуска», «үлгү», «үгүт» ырлары да генезиси, элдин түшүнүгүндөгү колдонулуп келинген ар кандай семантикалык мааниси жагынан, элдик тарбия, таалим деген термин менен тамырлаш. Алар жаштардын жан дүйнөсүнө небактан калыптанган, аныкталган, такталган абийир ар, адеп ыймандуулуктун жол жобо, эреже, тартиптерин сиңирүүгө байланышкан улуулардын пед. иш-аракетин туюнтат. Талдоого алынган сөздөрдө тастыкталгандай, кыргыз элинде тарбиялоонун маңызы жөнүндө көп кырдуу, ырааттуу түшүнүк берүүчү терминдер, педагогика туюнтмалар арбын. Бирок, элдин рухий турмушундагы динамикалык жараяндардан улам айрымдары архапкага айланып кетсе, айрымдары таалим-тарбия ишинин айрым бир курамчасын гана сыпаттаган көмөкчү түшүнүктөр катары гана кабылданып калгандыгын байкоого болот. Мында, баарыдан мурда, тарбиялоо деген башка тилден кирген сөздүн маңыз-мазмуну улам тереңдеп, улам кеңейип улам байып, олтуруп нагыз улуттук түр-түспөлгө ээ болгонун эске алуу зарыл.
Элдик педагогиканын өзгөчөлүктөрү. Элдик педагогика илим педагогикадан өзүнө таандык бир катар өзгөчөлүктөрү менен айырмаланат. Элдик таалим-тарбиянын мазмуну элдин тарыхы менен өтмө катар байланышта. Байыркы бабалардын турмуш практикасынан жаралган каада-салттар, үрп-адаттар эчен муундардын акыл-элегинен өтүп, улам жаңы турмуштук жагдайларга ылайык байып, өнүгүп олтуруп, өрнөктүү жашоонун мыйзамына, таасын эрежесине айланган. Демек, улуттун теги сыяктуу анын тарбия маданияты да тарыхый категория.
Коллективдүүлүк – элдин таалим-тарбия тажрыйбаларынын генезисин, өсүп-өнүгүшүн мүнөздөөчү башкы өзгөчөлүк. Ал миллиондогон адамдардын акыл чабыттарынан, турмуштук сабактарынан жаралып, эчен муундардын элегинен өтүп, иргелип тандалып, байып отуруп, соңку урпактардын уңгулуу дөөлөттөрүнө, тарбия маданиятына айланган.
Муундан муунга тынымсыз өтүү-чүлүк, элдик мурастарга, анын ичинде элдик педагогикалык мурастарга да мүнөздүү. Ушул ыңгайдан алып караганда элдик педагогика муундар ортосундагы байланышты бекемдөөнүн, улуттук рухий баалуулуктарды сактоонун бөтөнчө калыпы болуп эсептелет.
Элдик педагогикалык салттардын турмушта жандуу жашоосун камсыз кылган шарттардын бири – коомдук пикир. Баарыга маалым, тигил же бул элдин этикалык эрежелеринин аткарылышын түгөл мыйзамга жазууга болбойт. Алар көбүнесе коомдук пикирлердин таасири менен көзөмөлгө алынат. Элдин салтын, этикалык эрежелерин бузган адам ошол элдин өкүлдөрү тарабынан сынга алынат, өзү жашаган чөйрөдө адамгерчилик нарктан чыгып калат. Муну «салтты билбес, санда жок» деген кыргыз макалы таасын туюнтуп турат.
Элдик педагогикага мүнөздүү бөтөнчөлүктөрдүн бири – синкретизм. Бул термин кыргыз тилинде «биригишкен», «айкалышкан» деген түшүнүктү билдирет. Элдин таалим-тарбиялык жөрөлгөлөрү эл турмушунун бардык тарабын: коомдун саясый-экономикалык түзүлүшүн, элдин диний ишенимдерин, салт-санаа, үрп-адаттарын, тиричилик-чарбалык иш-аракеттерин, коомдук жүрүм-турум нормаларын ж.б. өз ара айкалышта чагылдырып көрсөтөт.
"Манас" эпосундагы тарбия
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Элдик педагогика «Манас» эпосунда . Кыргыз элинде жаш муундарга тарбия берүү тажрыйбасынын тамыры тереңде жатат. Педагогика илимдин тармагы катары өз алдынча өнүктүрүлбөгөнү менен улам кийинки урпактарды тарбиялоо, калктын турмуш-тиричилигинин ажырагыс бөлүгү болгон. Элдин бул багыттагы көз караш, идеялары оозеки чыгармачылыктын мыкты үлгүлөрүндө жогорку көркөмдүктө чагылдырылган. «Манас» эпосу көркөмдүгү жогору, мазмуну терең эң көрүнүктүү чыгарма, элдин өзүн-өзү аңдап билүү каражаты катары кыргыз калкынын педагогикалык көз карашынын кылымдар бою өнүгүшүн жандуу чагылдырып, таалим-тарбия берүү процесси, жаштарга мурунку муундун турмуштук тажрыйбасын өткөрүп берүү практикасы тууралуу кеңири маалымат берет. Ошондой эле эпостун энциклопедиялык мазмуну тарых, география, биология, астрономия, медицина илимдин жана башкалар тармактары боюнча угуучуларга билим берүү, дүйнө таанытуу милдетин аткарып, калктын калың катмарына чыгарманын кеңири белгилүү болуп, өзгөчө сүймөнчүлүккө ээ болушу, этикага жана моралга байланыштуу элдик түшүнүктөр «Манастын » образдарынын мисалдарында түшүндүрүлүп, жаштарга тарбия берүүнүн эң бир натыйжалуу каражатына айланышына шарт түзгөн.
Тарбия берүү бул аң-сезимдүү процесс, түпкү максаты айкын болгондо гана натыйжалуу болот. Кыргыз эли кандай адамды өстүрүү жөнүндө тилек кылган, эмнеге умтулган? Мыкты адам жөнүндөгү элдик түшүнүктүн алып жүрүүчүсү Манас баштаган эпостун көптөгөн оң каармандары экенин эске алсак аларга коюлган талап да эң олуттуу. Эл эптеп эле тукумду уланта турган урпак жөнүндө ойлобостон, телегейи тегиздикке умтулганын байкоого болот. Ошондуктан эпостогу көптөгөн образдар болуп өткөн жана болуп жаткан турмуш чындыгынан, андагы реалдуу адамдардын жорук-жосун, мүнөздөрүнөн гана куралган эмес, ага элдин кыял-тилеги, ой-мүдөөсү да ширетилген. Чыгармада сүрөттөлгөн согуштук демократия доорунун мүнөзү, анын керектөөлөрү жоокердик сапатка басым жасалышын шарттаган. Эл көп кылымдар бою көз каранды эместик, эркиндик үчүн сырткы жана ички душмандар менен күрөшүп келген шартта адам баарынан мурун жоокер катары бааланган. Бул талап жеке эле эр бүлөгө тиешелүү болбостон, кары-жаш, аял-эркек дебей уруу, уруктун бардык мүчөлөрү үчүн баарынан жогору турган милдет болгон. Жогоруда айтылгандарды эл кара күчкө, баатырдыкка гана маани берген экен деп түшүнүүгө болбойт. Адамдын күчү, тунук акылы, бийик адамгерчилиги, адептүү жүрүм-туруму, кылдат өнөрү менен айкалышып турууга тийиш болгон. Кыргыз элинин идеялы эл-жеринин эркиндигин, көз каранды эместигин бардыгынан жогору койгон патриот, башка элдин өкүлдөрүн сыйлай, урматтай, татыктуусунан дос күтө билген адилет, эмгекти сүйгөн, өнөрдү баалаган эмгекчил жана чебер, улууга урмат, кичүүгө ызат көрсөткөн адептүү, сулуулукту түшүнгөн сезимтал адам болуп саналган. Идеал каармандар жалаң гана оң сапаттардан түзүлгөн, кенедей кемчилиги жок адамдар болуш керек деп эсептелбейт. Бардык эле тирүү жан сыяктуу алардын кылык-жоруктарында, кылган иштеринде калпыстыктар кезигип, мүнөздөрүндө айрым кемчиликтер учурашына жол берилет. Ал түгүл Манастын өзүндө байкабастык, кенебестик сапаттар бар. Себеби ал — тирүү адамдын жандуу образы катары таасирдүү. Муну менен чыгарма адамдын жетилүүсү, жеткилеңдикке умтулуусу бүтпөй турган түбөлүктүү процесс экендиги жөнүндөгү элдин акылман оюн ырастайт.
Балдарды чоңойтуп өстүрүүнүн, аларды эл арасында калыптанган түшүнүккө ылайык тарбиялоонун натыйжалуу каражаты катары кыргыз элинде эмгек, түрдүү оюн-зооктор, сөздүн сыйкырдуу күчү, жакшы адамдардын үлгүсү пайдаланылганын эпостун материалдары ырастайт. Эмгектин адамдын калыптанышындагы ролун жогору баалашып, келечек жоокерлерди анын оор, бирок керектүү мектебинен өткөрүп келгендиги Манасты бала чагында Ошпурга койчулукка бергенинен көрүнөт. Ал эми аскердик оюндарды ойнотуу, кылыч чабуу, найза саюу, жаа тартууга кичинесинен машыктыруу балдарды жоокер катары тарбиялоонун маанилүү шарты болгон.
Кыргыз эли сөздүн күчүнө чоң маани берип «өнөр алды кызыл тил» деп сөзмөрдүктү жогору баалап келген. Ошондуктан, сөздүн касиети кыргыз элинде балага гана эмес чоң кишилерге да таасир этүүгө, аларды оң жолго багыттоого кеңири пайдаланылып, натыйжалуу каражаттардан болгондугун эпостун материалдары далилдейт. Шарт-кырдаалга жараша акыл-насаат, каалоо, ачык же кыйытып айтуу, ант, бата, каргыш, алкыш сыяктуу адамдын акыл-эсине таасир этүүчү сөздүн түрлөрү чыгарманын каармандарынын сүйлөгөн сөздөрүндө көп жолугат. Ал түгүл бир караганда салттык мааниге гана ээ сыяктуу көрүнгөн өлүм алдындагы адамдын керээзи жана дүйнөдөн кайткан адам тууралуу кошок да терең тарбиялык мааниге ээ. Манастын керээзинин мазмунунун тереңдиги, таасир этүү күчү атанын балага болгон сүйүүсү, келечеги үчүн тынчсыздануусу, алдын ала камкордук көрүүсү жеке Семетей эле эмес келечек муун үчүн аталардын жасаган иш-аракети катары көрүнгөн. Манастын керээзи — кыргыз элинде баланын тагдыры үчүн атанын зор жоопкерчилигинин күбөсү. Ал эми баланы аман-эсен чоңойтуп, эрезеге жеткирүүдө, коомдун керектөөсүнө ылайык адам кылып тарбиялоодо эненин баа жеткис ролу чыгармада Каныкей, Айчүрөк, Алтынай сыяктуу энелердин образдарынын мисалдарында айгинелейт. Мындан тышкары көптү көргөн аксакалдардын турмуштук бай тажрыйбасына, элдик акылмандыкка ширетилген сөздөрүндө омоктуу маани жатат.
Чыгармада муундардын байланышы, турмуштук тажрыйба, салт-санаа, үрп-адат жагдайында топтолтон байлыктардын чыпчыргасын коротпой кийинки муунга өткөрүү маселесине көп көңүл бурулган. Маселенин практикалык чечилишинин эң сонун мисалдарын чыгармадан бир нече ирет жолуктурабыз. Мисалы, «Семетей» бөлүмүндөгү «Каныкейдин жомогу» эпизодунда акылман эне кенедейинен мекенинен кетүүгө аргасыз болгон уулуна кыргыз жеринин кооздугу, элинин меймандос, баатырдыгы, атасы Манас жана анын эр жүрөк чоролорунун каармандыктары, ал түгүл дос-душманы жөнүндө бекеринен терип-тепчип айтып олтурбайт. Муну менен ал Семетейди ошол кооз жердин, баатыр элдин бөлүкчөсү, баатыр атасынын эрдик иштеринин улантуучусу, бабаларынын руханий байлыгынын мураскору экендигине ынандырат. Бул эпизод — бир, чети терең тарбиялык мааниси бар иш-чара болуп эсептелсе, экинчи жагынан ата мурасын балага тапшыруунун, муундар арасындагы байланыштын жандуу мисалы.
Чыгарманын каармандары өздөрүн тамырсыз камгак катары эмес, өткөн менен азыркы, азыркы менен келечектин ортосундагы көпүрө катары сезишет. Ошондуктан алар ата-бабалары жасап кеткен иштери үчүн да жоопкер. Бул сезим аларды укум-тукумун уят кыла турган кылык-жоруктардан качууга аргасыз кылат, алар сыймыктана турган иштерди жасоош, эрдиктерди көрсөтүүгө шыктандырат.
Жыйынтыктап айтканда, «Манас» элдин тарбия жагдайындагы түшүнүк, көз караш, идеяларын чагылдырган, ошондой эле зор таалим-тарбия берүүчү касиетке ээ педагогикалык кенч болуп саналат. Анда бала, аны өстүрүү, тарбиялоо, турмуштук тажрыйбага үйрөтүү, муундар ортосундагы байланыш сыяктуу маселелер чыгарманын каармандарынын иш-аракеттери, кылык-жоруктары, карым-катнаштары, кагылыштары аркылуу жандуу чагылдырылган. Коюлган маселелердин көркөм чечилишинен элдин бул проблемага зор маани бергендигин, бийик максатты алдыга коюп, аны турмушка ашыруунун натыйжалуу каражаттарын иштеп чыгып, системалуу пайдаланып жана кылымдар бою өркүндөтүп келгендигин байкоого болот.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз педагогикасы (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004
- "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору.Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440. ISBN -5-89750-013-4