Эсенбай эсепчи

Википедия дан

Эсенбай эсепчи - Эсенбай Кудаяр уулу (болжол менен 1849-ж. азыркы Нарын облусу, Кочкор өрөөнү, Мантыш – 1941-ж., ошол эле жер, Кара-Суу кыштагы) – Нарын аймагынан чыккан астрономия жаатындагы белгилүү адис. Уругу сарыбагыштын ичиндеги чоң-чарык.

Ата-Бабалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тагайдан Сарыбагыш (Кылжыр). Андан Орозбакты, Дөөлөсбакты (Дөөлөс). Дөөлөстөн Манап. Андан Сүтөй, Жарбаң. Сүтөйдөн Сарысейит, Тугур. Айрым санжырада Тугурдан Эшим. Андан Олжотай. Олжотайдын балдары:

Олжотайдан (ушунун аягы чоң болгон үчүн"чоң чарык" аталган) Тайлак. Тайлактан Ырайымбек, Курманбек. Курманбектен Кумар. Кумардан Бекмурат (манасчы Балыкооз). Андан Найманбай.

Ырайымбектен Чиркей. Чиркейден Аргынбай, Бирке, Аксакал, Карагул. Карагулдун Делгир деген калмак аялынан Эдилбай, Орус (Норус). Эдилбайдан Айтымбет, Медер. Медерден Байкемпир. Андан Аксакал. Аксакалдан Касымаалы. Касымаалыдан Шаршеке, Кожоке, Оңолбек, Кенжебек, Табылбек. Орустан Жаныбек, Ырысменде. Ырысмендеден манасчы Шапак (Шапак Рысмендеев), Шопок. Шапактан Ысмайыл, Ысак, Момуш. Бир аялынан Молдокул. Карагулдан улуу аялынан Качыбек менен Байбото. Байботодон Станбек, андан Ногой. Ногойдон Карыбек. Качыбектен Кудаяр, Кубат, Таштанбек. Кудаярдан Байит, Чоют, Эсенбай. Эсенбайдын атасы Кудаяр молдо киши болгон. Сөөгү Кочкордун Узун-Булак, Мантышына коюлган. Болжол менен 70 жашында өлгөн. Эсенбайдан Надырбек, Намазбек, Келдибек (Эсенбаев Келдибек). Намазбектен Рысбек.Рысбектен Тилек, Тилектен Илимбек Келдибектен Бермет, Шербет (белгилүү акын Келдибекова Шербет), Акылбек, Бурул, Съездбек, Замирбек, Дамир, Айнура, Айгүл, Гүлнур, Венера, Азизбек. Замирбектен Эмил. Эмилден Искендер.

Эсенбай эсепчинин билгичтигинен бир мисал[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кудаярдын Байити дыйкан, Чоюту мергенчи болгон. Жаздын күнү Эсенбай Көк-Бел деген төштө отурат. Маңдай жагынан (азыркы Ормон-хан айылы) Тезекбай Түлкү уулу, бир тууганы Кооман, чертки Бозумбайлар сөз угалы, тогуз кумалак ойнойлу деп келишет. Эрмек кылышат; «мындай көч, тигиндей көч» дешип. Май айынын аягы. Алдыда кымыз. Күн ачык. Өйүзгү Кара-Тоо, Кубаакынын башы даана көрүнөт. Аңгыча болбой Кубаакынын башынан казанбактай ак булут чыгыптыр, Эсенбай карап отурса. Анан баягы ак булут барып кара булутка айланат. Эсенбай; «бул соо булут болбой калды. Ал түндө кар калың түшмөй болду. Төмөн көчкүлө!» дейт. Өзү калып, бала-бакырасын төмөн көчүрөт. Бир топтору кошо көчөт. Жатаарга чейин эчтеке жок. Бирок, эртеси эшик ачылбай калат. Кереге бою кар жааптыр. Көчпөгөндөрдүн малы кырылат. Бүркүт-Уя менен Шардын бети бийик, көп жылкы учуп өлгөн. Көбү укпай калдык дешип наалып калыптыр.

Эсеп кандайча жүргүзүлөт?[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Сентябрдын 2-3нө чейин үркөр менен тогоолдун беши болуп, ай арасы болгондо үшүк түшөт, жылдыздардын тогошун карап отурса. Кочкор өрөөнүндө арпа 90 күн, буудай (токол буудай деп коюшат) туура 4 айда бышат. Эсеп ошого жараша кылынат. Эсенбайдан баш-аягы 20 чактыдай бала болуп, көбү жаш кетти.

Колдонулган адабияттар:
[түзөтүү | булагын түзөтүү]