Мазмунга өтүү

Эңилчектер

Википедия дан
Эрнст Генрих Геккель,
«Жаратылыштагы формалардын кооздугу».

Эңилчектер (лат. Lichenes) — козу-карындар менен микроскоптук жашыл балырлардын жана/же цианобактериялардын (фотобионт, же фикобионт) симбиозу. Микобионт катмарларды (таллом) түзөт, талломдун ичинде фотобионттордун клеткалары жайгашкан. Тайрада болжол менен 17000 дөн 26000 түрлөр, 400 тукум бар.

Изидлөө тарыхы, систематикасы

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Уснея — Теофраст тарабынан сүрөттөлгөн эңилчектердин бири.

Биринчи жазуулар Теофрастын "Өсүмдүктөрдүн тарыхы" деген эмгегинде - Usnea жана Rocella эңилчектер тууралуу жазылган, ошол кезде эле аларды боёк алууда колдонуп келишкен. Теофрастын божомолу боюнча эңилчектер балырлардын же дарактардын өсүндүлөрү деп айтылган. XVII кылымда эңилчектердин 28 гана түрү белгилүү болчу. Француз ботаниги Жозеф Питтон де Турнефор эңилчектерди өзүнчө тайпага бөлүп мохтор менен бириктирип койгон. Өз кезегинде Карл Линней эңилчекткрдин 80 түрүн ачып, аларды "өсүмдүктөрдүн кедейлери" деп атап кургактыкта өсүүчү "балырлардын" курамына киргизип койгон.

Лихенологиянын (эңилчектер тууралуу илим) башаты болуп Карла Линнейдин окуучусу Эрик Ахариустун чыккан эмгеги «Methodus, qua omnes detectos lichenes ad genera redigere tentavit» («Эңмлчектерди аныктоонун методу») саналат (1803-жыл). Эрик өз эмгегинде эңилчектерди өзүнчө тайпага бөлүп, алардын денесине жараша системалаган. Ошол кезде тайпага 906 түр кирген.

Эңилчектердин симбиоздук жаратылышы тууралуу биринчилерден болуп 1866-жылы, врач жана миколог Антон де Бари көрсөткөн. 1869-жылы ботаник Симон Швенденер симбиоздук жаратылыш бардык эңилчектерде бар деген.[1]Ошол эле жылы орус ботаниктери Андрей Сергеевич Фаминцын жана Осип Васильевич Баранецкий эңидчектердеги жашыл клеткалар - бир клеткалуу балырлар экенин аныкташкан. Бул ачылыштар замандаштары тарабынан чоң колдоого алынып, кызыгууну туудурган.

Учурда лихенология өз алдынча дисциплина катары каралып, микология жана ботаника менен теңдеш окутулат.

Эңилчектердин жашоо чөйрөсү таш доору менен башланышкан эмес[2]. Анын эски өкүлү кремний сланцинде табылып девонго (жашы болжолдуу 400 млн жыл) таандык[3]. Андан байыркы өкүлү Spongiophyton, морфологиялык жактан эңилчек деп таанылган[4], ошондой эле изотопиялык өкүлү катары[5] бирок бул жерде ал болжолдуу каралат[6]. Тактала элек изилдөөлөргө караганда Nematothallus да эңилчек болуп саналат[7].

Жалпы жыйынтык

[түзөтүү | булагын түзөтүү]
  1. Heribert Schöller: Flechten — Geschichte, Biologie, Systematik, Ökologie, Naturschutz und kulturelle Bedeutung. Schweizerbartsche Verlagsbuchhandlung, Frankfurt am Main 1997, ISBN 3-7829-1151-2, S. 3-10
  2. (University of California at Berkeley) Fossil Records of Lichens.
  3. Taylor, T.N.; Hass, H.; Remy, W.; Kerp, H. (1995). "The oldest fossil lichen". Nature 378 (6554): 244–244. doi:10.1038/378244a0. Archived from the original on 2007-01-11. https://web.archive.org/web/20070111022833/http://www.uni-muenster.de/GeoPalaeontologie/Palaeo/Palbot/nature.html. Retrieved 2011-06-11. 
  4. Wilson A. Taylor; Chris Free; Carolyn Boyce; Rick Helgemo; Jaime Ochoada (2004). "SEM Analysis of Spongiophyton Interpreted as a Fossil Lichen". Int. J Plant Sci 165: 875–881. doi:10.1086/422129. http://www.journals.uchicago.edu/doi/full/10.1086/422129?cookieSet=1. 
  5. Jahren, A.H.; Porter, S.; Kuglitsch, J.J. (2003). "Lichen metabolism identified in Early Devonian terrestrial organisms". Geology 31 (2): 99–102. doi:[[doi:10.1130/0091-7613(2003)031<0099:LMIIED>2.0.CO;2|10.1130/0091-7613(2003)031<0099:LMIIED>2.0.CO;2]]. 
  6. Fletcher, B.J.; Beerling, D.J.; Chaloner, W.G. (2004). "Stable carbon isotopes and the metabolism of the terrestrial Devonian organism Spongiophyton". Geobiology 2 (2): 107–119. doi:10.1111/j.1472-4677.2004.00026.x. 
  7. Retallack, G.J. (2007). "Growth, decay and burial compaction of Dickinsonia, an iconic Ediacaran fossil". Alcheringa: an Australasian Journal of Palaeontology 31 (3): 215–240. http://www.informaworld.com/index/781217204.pdf. Retrieved 2008-02-04. 

Калып:Bio-stub