Янка Купала

Wikipedia дан
Янка Купала
Yanka Kupala.jpg Янка Купала.
Жалпы маалымат
Төрөлгөндө берилген аты: Иван Доминикович Луцевич (беларусча: Іван Дамінікавіч Луцэвіч)
Адабий ысымдары: Адзін з «парнасьнікаў»; Вайдэльота; Здарэнец; Левы; Марка Бяздольны; Ня-Гутнік; Стары Мінчук; Янук з-пад Мінска; Янук Купала; К.; І.К.; Я. К.; К-а; Л.; І.Л.; Л.І.
Туулган мезгили: 1882-жыл, Теке айынын (июлдун) 7си (эскиче – июндун 25и)
Туулган жери: мурдагы падышалык Орусиянын Минск губерниясына караштуу Вязынка кыштагы (азыркы Беларус жумуриятындагы Минск облусунун Молодечненск районунун Вязынка кыштагы)
Өлгөн мезгили: 1942-жыл, Кулжа айынын (июндун) 28и (59 жашында).
Өлгөн жери: Москва шаары, СССР
Өлкө: СССР желеги Советтер Биримдиги (мурдагы падышалык Орусия), Беларус желеги Беларус
Кесиби: жазуучу, акын, драматург
Жанры: ыр, поэма, драма
Тили: Беларус тили
Сыйлыктары: Ленин ордени, Сталиндик сыйлыктын ээси (1941)

Янка Купала (өзүнүн чыныгы аты Иван Доминикович Луцевич, (беларусча: Іва́н Даміні́кавіч Луцэ́віч); 1882-жыл1942-жыл) — беларус акыны, драматургу, жазуучусу жана публицисти.

Беларус адабиятынын классиги. Беларус Эл акыны (1925-жыл). Беларус ИАсынын академиги (1928-жыл) жана Украина ИАсынын академиги (1929-жыл). Биринчи даражадагы Сталиндик сыйлыктын лауреаты (1941-жыл).

Кыскача өмүр таржымакалы[оңдоо | булагын оңдоо]

Янка Купала төрөлгөн үйдүн имараты. Вязынка кыштагы.

Бала чагы. Жаш кези.[оңдоо | булагын оңдоо]

Янка Купала 1882-жылы, Теке айынын, б.а. июлдун 7синде (эскиче – июндун 25инде) мурдагы падышалык Орусиянын Минск губерниясына караштуу Вязынка кыштагында (азыркы Беларус жумуриятындагы Минск облусунун Молодечненск районунун Вязынка кыштагы) туулган.

Атасы Доминик Онуфриевич жана энеси Бенигна Ивановна айтылуу Волосевич жана Луцевич деген тектүү шляхтачылардан болушкан, бирок жакырчылыкка тушуккан. Луцевичтер тээ 17-кылымдан бери аймакка аты чыккан тектен эле. Чоң атасы Онуфрий Радзивилла деген байлардан жерди ижарага алып иштетип, бирок бул жерден куулган. Бул окуя Купаланын “Бузулган уя” («Раскіданае гняздо») драмасына өзөк болгон. 1898-жылы Беларуч деген жерде беларус мектебин аяктаган. 1902-жылы атасы каза болгон соң, жаш Иван ар кыл помещиктерде айылдык мугалим, катчы, буйрукчу жана башка иштерде иштеген.

Архивде сакталган маалыматка караганда, ал жаш чагында рим-католик чиркөөсүнө тийешелүү христиан катары көрсөтүлгөн.

Купаланын алгачкы калем төшөө аракети 1903-04-жылдары жазган “Дан” (“Ziarno”) деген поляк тилиндеги поэма болгон.

Анын эне тилинде (беларусча) жазган “Менин үлүшүм” ("Мая доля") деген чыгарма 1904-жылы 15-июлда жазылган.

1905-жылы 11-майда «Северо-Западный Край» деп аталган беларус гезитине анын «Дыйкан киши» ("Мужык") деген поэмасы (беларус тилинде) жарык көргөн.

Ал 1908-1909 жылдары Вильно шаарында (азыркы Вилнюс) туңгуч беларус гезитинде («Наша Ніва») иштейт. Бул редакцияда иштеп жүрүп, болочокку жары Владислава Станкевич айым менен жана бир кыйла убакытка көзү түшүп жүргөн актриса (театр өнөрпозу) Павлина Мядзёлка менен таанышат. Павлина айымдын аты менен ал өзүнүн алгачкы пьесасынын («Паўлінка» комедиясынын) башкы кейипкерин атаган.

1908-жылы жарык көргөн “Сыбызгыча” (Жалейка) аттуу туңгуч поэмалар жыйнагы падышалык цензурачылар тарабынан өкмөткө каршы чыгарма катары конфискацияланып, сатыктан жыйнап алынган. Акындын экинчи китеби да 1909-жылы (Вилнюста, ошол таптагы Вильнодо) цензурачылар тарабынан тартып алынган.

Янка Купала А.Черняевдин жалпы билим берүүчү даярдык курсунда. Санкт-Петербург, 1909-жыл.

1909-1913-жылдары жаш акын Санкт-Петербург шаарына келип, профессор А.Черняевдин жалпы билим берүүчү даярдык курсуна жазылат. Ал эми [[1915-жыл]ы ал А.Л.Шанявский атындагы Москва шаардык элдик университетинде окуйт. Бул окуу жайды алтын кенин өндүргөн жайлардын ээси, меценат Альфонс Леонович Шанявский жубайы экөө негиздеген.

1910-жылы Максим Горькийдин чыгармаларын окуп, чоң таасирленет.

Ошол эле жылы июлда Санкт-Петербургда анын “Түбөлүк ыр” (Адвечная песьня') деген поэмасы китеп болуп чыгат.

1913-жылы Вильного кайтып келет.

Биринчи дүйнөлүк согуш маалында, 1916-жылы, падышалык Орусиянын аскерине чмакырылып, жолчулар кошуунунда кызмат өтөйт.

Смоленскиде жол куруп жүргөн чагында, 1917-жылы Октябр төңкөрүшү болот.

Доорлор тогошкон ошол жылдар тууралуу Купала кийинчерээк бир канча чыгарма жараткан (маселен, 1919-жылы “Мезгил”, “Атажурт үчүн”, “Мурас”, ж.б. чыгармаларды жазат).

Советтик доордо[оңдоо | булагын оңдоо]

Ыңкылаптын желаргысы менен Купала оптимисттик маанайдагы чыгармаларды да жарата баштаган.

Янка Купала айтылуу марксисттик “Интернационал” гимнин беларус тилине которгон.

Ошого карабастан, ал анти-болшевиктик маанайды сактаган жана бозгунга кеткен беларус айдыңдары (интеллектуалдары) менен карым-катнашын үзгөн эмес.

Советтик Беларустагы бийликтер анын бул мамилеси үчүн Купалага шектенүү менен карашкан. Аны ашкере улутчул катары мүнөздөшкөн.

Бир ирет Янка Купала Беларус ССРинин өкмөт башчысы Александр Червяковго кат жолдоп, мындайча жазган:

“Сыягы, акындардын тагдырдык жазмышы ушундай го дейм. Есенин асынып өлдү, Маяковский атынып өлдү. Мен деле алардын жолуна түшөм да” («Видно, такая доля поэтов. Повесился Есенин, застрелился Маяковский, ну и мне туда за ними дорога»).

1930-жылдары Купала “кемчиликтери үчүн” расмий түрдө кечирим сурап чыккан соң, советтик бийликтер ага каршы басма сөздөгү чабуулду токтоткон.

1941-жылы Янка Купала “Чын жүрөктөн” (Ад сэрца') деген ырлар жыйнагы үчүн Ленин орденине татыган.

1941-жылы Беларусту германдык фашисттер басып алганда, ооруп жаткан Янка Купала Маскөөгө, андан соң Татарстанга көчүрүлөт.

Орусияда жүргөн чагында да ал антифашисттик ырларды жазып, беларус партизандарына колдоо көрсөткөн.

Сырдуу өлүм[оңдоо | булагын оңдоо]

1942-жылы 28-июнда Янка Купала өтө таң каларлык кырдаалда каза болду.

Ал Маскөөдөгү “Москва” конок үйүндө 9-10-кабаттардын ортосунда тепкичтен кулап кеткен экен.

Анын өлүмүн бийликтер кырсык катары мүнөздөгөн, бирок ал өз жанын кыйганбы, же киши колдуу болгонбу, азыркыга чейин беймаалым.

Эс тутум[оңдоо | булагын оңдоо]

Янка Купала СССРдин почтоо маркасында, 1957-жыл
  • 1945-жыл – Минск шаарында Янка Купаланын музейи (ажайыпканасы) ачылган.
  • 1978-жыл – Гродно шаарында Янка Купала атындагы мамлекеттик университет ачылган.
  • Янка Купаланын айрым чыгармаларын кыргыз тилине Темиркул Үмөталиев жана башка акындар которгон.

Чыгармалары[оңдоо | булагын оңдоо]

Ыр жыйнактары[оңдоо | булагын оңдоо]

  • «Сыбызгыча» («Жалейка»), 1908-жыл)
  • «Гусляр» («Гусьляр»), 1910-жыл)
  • «Өмүр жолунда» («Шляхам жыцьця»), 1913-жыл)
  • «Мурас» («Спадчына»), 1922-жыл)
  • «Аты жок китеп» («Безназоўнае»), 1925-жыл)
  • «Гүл күбүлүү» («Адцьвітаньне»), 1930-жыл)
  • «Курулушка ыр арноо» («Песня будаўніцтву»), 1936-жыл)
  • «Ордендүү Беларуска арноо» («Беларусі ардэнаноснай»), 1937-жыл)
  • «Чын жүрөктөн» («Ад сэрца»), 1940-жыл)
  • «Белоарус партизандарына» («Беларускім партызанам»), 1941-жыл)

Поэмалары[оңдоо | булагын оңдоо]

  • «Кышында» («Зімою»), 1907-жыл)
  • «Мунжу» («Калека»), 1907-жыл)
  • «Сүйүү менен төлөө» («Адплата каханнем»), 1907-жыл)
  • «Эмне үчүн?» («За што?»), 1908-жыл)
  • «Түбөлүктүү ыр» («Адвечная песьня ў ХІІ-ці праявах»), 1908-жыл)
  • «Коргон» («Курган»), 1910-жыл)
  • «Коргондогу түш көрүү» («Сон на кургане»), 1910-жыл)
  • «Арстандын көрү» («Магіла льва»), 1913-жыл)
  • «Оресса (Арэса) дарыясынын боюнда» («Над ракой Арэсай»), 1933)
  • «Тарастын тагдыры» («Тарасова доля»), 1939-жыл)

Пьесалары[оңдоо | булагын оңдоо]

  • «Павлинка» («Паўлінка»), 1912-жыл)
  • «Примактар» («Прымакі»), 1913-жыл)
  • «Бузулган уя» («Раскіданае гняздо»), 1913-жыл)
  • «Мындагылар» («Тутэйшыя»), 1922-жыл)

Кино маалыматы[оңдоо | булагын оңдоо]

Сыйлыктары. Наамдары.[оңдоо | булагын оңдоо]

Кыскача адабият[оңдоо | булагын оңдоо]

  • – ISBN
  • Лойко О.А. Янка Купала. – М.: Издательство: Молодая гвардия, 1982. – 351 с. - Серия: Жизнь замечательных людей.

Интернеттеги шилтемелер[оңдоо | булагын оңдоо]