Үмөт Түгөлбай уулу

Википедия дан

Үмөт Түгөлбай уулу, Үмөт молдо [1883, Кара-Чоку деген жер (Арал колхозунун аймагы), Талас району — 1943, Кант району, Молдовановка түрмөсү] — алгачкы агартуучу, элдик табып, санжырачы, совет бийлиги үчүн активдүү күрөшүүчү.
Атасы Түгөлбай ырчы, комузчу, жашоосуна тың дыйкан, энеси Такен сөзмөр, жамакчы, жомокчу, уз адамдар болгон. 7 жашында жетим калып, 9 жашында Чүйдөгү (Сокулук району, Асылбаш айылы) таякелерине келип, Нурхумбет молдодон окуган.
1896-ж. Таласка келип Сүйүнбай, Мааке молдолордон сабак алган. 1907-жылдан өз алдынча балдарды окута баштаган.
1912—13-ж. Олуя-Атадагы (азыркы Жамбыл ш.) дин мектебин бүтүрүп, атайын күбөлүгү менен катар бермет теспе сыйлык алууга татыктуу болгон. Мугалимдиги менен катар эле 1900-жылдардан баштап кыргыз тарыхын (санжырасын) чогулта баштаган. Ошол максатта 1915-жылдары Чүй тарапка келип, жолдогу айылдардын элин кара тумоо (чечек) каптап жатканын көрүп, орус дарыгерлерин ээрчип дарыгерликти, эмдөө жолдорун, чептен дары жасоону үйрөнгөн.
1917-жылдан баштап Октябрь төңкөрүшү орноткон жаңы заман жөнүндө насыйкаттоочулардан болуу менен, боз үй тиктирип, балдарды окута баштаган. К. Мифтаковдун жардамы менен 1921-ж. Кара-Чоку айылына эки класстык бөлүмдөн турган биринчи Кызыл мектеп ачкан.
1922-ж. Талды-Булак айылына анын демилгеси менен (кышын өзү куйган) мечит курулуп, 1923-24- жылдары пайдаланууга берилген.
1923-ж. Кара-Чокудагы анын мектебин өрттөп кетишкенден кийин, Көпүрө-Базар айлына келип мектеп ачып, бала окуткан.
1925—27-ж. Талды-Булакта боз үй тигип, балдарды окууга тарткан. Ал колхоз курулушуна да активдүү катышкан.
1930-ж. Талас кантонуна келген Н. С. Будённый менен жолугушуп, кыргыз жылкысынын асыл тукумун жакшыртуу максатында Шумкар-Уяда асыл тукум колхоз уюштурууга салымын кошкон.
1932—34-ж. кыргыз санжырасын, эл чыгармачылыгын изилдеп, алгачкы кыргыз илимпоздору, жазуучулары менен көп иштешкен (айрыкча К. Маликов менен). Калыгул, Молдо Кылыч, Жеңижоктордун көп чыгармаларын жатка билген, өзү да ыр жазган. 300дөй китеби бар китепканасы болгон. Кыргыз Республикасынын улуттук илимдер академиясынын архивинде анын өз колу менен жазылган 1600 бетке жакын (43 китепчеден турган) кол жазмасы (кыргыз санжырасы, чыгыш элдеринин фольклорунан кыргызча которгондору жана башка) сакталууда. Кийин табыпчылыкка оогон.
1934-ж. Талас кантонунун саламаттыкты сактоо бөлүмү «Элдик дарыгер» (фельдшер) деген күбөлүк берип, маяна төлөгөн. Эски тамын ремонттоп, айыл эли акысыз түшкөн мончо ачкан. Бейтап адамдын үйүн дөзинфекциялап, тамыр карман, дубалаган (гипноз), чептен жасаган дарыдармектерин кеңири пайдаланган. «Мектепке берилген жыгачтан мечит куруп, молдочулук кылып элден алат» деген арыздын шылтоосу менен 1941-ж. камакка алынып, актык кагазы колуна тийгенден кийин 1943-ж. Молдовановка түрмөсүндө каза болгон. Анын ысмы менен Арал айлындагы мектеп аталган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Талас облусу энциклопедия. Бишкек-1995-ж.