Үч-Кошой

Википедия дан

Үч-Кошой "Манас" эпосундагы топоним. Эпостун көпчүлүк эпизоддорунда учураган Таластагы белгилүү жер. Радлов жазып алган вариантта Каныкей Бакайдан Семетейди көчүрүп келүүнү суранат. Семетей көчүп келген жер Ү.-К. болот:

Ошо бир жерден көчтү дейт,

Таластын башы Үч-Кошой

Манастын ордо тиккен жерине

Манастын уулу Семетей

Ордосун тигип алды дейт (Радлов жазып алган вариант, 309).

Ү.-К. эпостогу көп окуяларда кезигет. Каныкейдин Букарга качканында Бакай "Үч-Кошойдун бөксө түзүнөн" (Саякбай Каралаев, "Семетей", 1. 36) Каныкей менен Чыйырдыны үч күн бою издейт. Географиялык реалияда Ү.-К. өрөөнү Талас Ала-Тоосунун түндүк-чыгыш капталында, Талас дарыясынын башталышында жайгашкан. Өрөөндөн Талас дарыясынын сол куймасы агып өтүп ал да Ү.-К. аталат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4