Үңкүр

Википедия дан
Үңкүрлөр‎»‎ барагынан багытталды)
Үңкүр.

Үңкүр - жер кыртышынын үстүнкү катмарындагы ири көңдөйлөр.

Жер бетине бир же бир нече тешик (Үңкүрлөрдүн оозу) аркылуу чыгат. Негизинен сууда жеңил эрүүчү тоо тектердин (акиташ теги, доломит, гипс ж. б.) жуулуп кетишинен пайда болот. Ири Үңкүрлөр карст үңкүрлөрү деп аталат. Айрымдарынын көңдөйлөрү көп айрыктарга бөлүнүп, жалпы узундугу ондогон кмге жетет. Карст Үңкүрлөрүндө кооз стпалакmum жана сталагмипг, агын суулар, көлдөр кездешет. Муз кристаллдары менен мамычалары кездешкен Үңкүрлөр - муз үңкүрлөрү деп аталат (мис., Урал өндүрүндөгү Кунгур Үңкүрлөрү ж. б.).

Дүйнөдөгү эң ири Үңкүрлөр: Флинт - Мамонт (АКШ) узундугу 587 км; Хёллох (Швецария) 135 км; Оптимисттик (Украина) 157 км ж. б. Кыргызстандын ири Үңкүрлөрүнө Канигут (Баткен облусунда, жалпы узундугу 3200 м), Победный, Чил-Устун, Чилмайрам ж. б. кирет. Көптөгөн Үңкүрлөрдү палеолит доорунан баштап адамдар пайдаланып (тургун жай ж. б.) келген. Үңкүрлөр - спелеология жана археологиянын негизги изилдөө объектиси.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Кыргызстан». Улуттук энциклопедия: 7-том / Башкы ред. Ү. А. Асанов. К 97. Б.: «Кыргыз энциклопедиясы» башкы редакциясы, 2015. - 832 б., илл. ISBN 978-9967-14-125-4