Асылбек Өзүбеков

Википедия дан
Өзүбеков, Асылбек‎»‎ барагынан багытталды)
Асылбек Өзүбеков
Туулган датасы:

1958 жыл(1958)

Туулган жери:

Тору-Айгыр, Ысык-Көл району, Ысык-Көл облусу, Кыргыз ССР , СССР

Жарандыгы:

СССР желеги СССР
 Кыргызстан

Кесиби:

театр жана кино актёр , ырчы, обончу, композитор, журналист

Карьерасы:

1979 — азыркы учурда

Сыйлыктары:

Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти. Кыргыз Республикасынын эл артисти

Асылбек ӨзүбековСоветтик жана Кыргызстандык актёр, обончу-композитор, ырчы, журналист ошондой эле театр жана кино артисти. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти. Кыргыз Республикасынын эл артисти (2021).

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Асылбек Өзүбеков 1958-жылы Кыргызстандын Ысык-Көл облусуна караштуу Тору-Айгыр айылында туулган.

1971-1974-жылдары мектепти Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарынан окуган.
Орто мектепти 1975-жылы туулуп-өскөн айылы Тору-Айгырдын аяктаган.
Ошол эле жылы Ташкенттеги А.Н.Островский атындагы театр жана сүрөт нөрү институтунун "Драма жана кино актеру" факультетинин кыргыз студиясына өтөт. Институтту 1979-жылы аяктап, чогуу окуган улан-кыздар менен Кыргызстанга кайтып келет.
1979-жылдан 1989-жылга чейин Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрында (КМАДТ)актер болуп эмгектенген.
1989-жылдан тартып Кыргыз эл артисти Жамал Сейдакматова жетектеген "Тунгуч" жеке менчик театрында иштей баштайт. Бул коллективде ал 2007-жылга чейин иштеген.
"Тунгуч" театрында эмгектенип жүргөн учурда эле "Азаттык" радиосунун Кыргызстандагы бөлүмүндө да кызматкер болуп иштеп "Таң шоокуму" берүүсүн алып барган.
2008-жылдан тартып Кыргыз улуттук телерадиокорпорациясында "Күлкүлятор" автордук көрсөтүүсүн негиздеп, көгүлтүр экрандан телевизиондук миниатюралардын сериалын кыргыз көрүүчүлөрүнө тартуулаган.

Чыгармачылыгы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Асылбек Өзүбеков КМАДТка өткөн алгачкы эле мезгилинен тартып дароо башкы ролдорду ойной баштаган. Режиссер Мелис Шаршенбаев койгон "Мен күндү көрүп турам" (авт. Н.Думбадзе) спектаклинде өспүрүм бала Нодардын образын жаратып, театр коомчулугунун оозуна алынат. Андан соң, 1980-жылы режиссер Бообек Ибраевдин "Күттүргөн жаз да келээр" (авт. Б.Жакиев) спектаклинде Тилектин образын жаратып, театрдагы алгачкы ийгилиги бекеринен эмес экенин бышыктайт. Бул спектаклдердин соңунан эле А.Өзүбеков "Тагдырдын өгөй балдары" (авт.Б.Өмүралиев)спектаклинде Витиянын образын жаратат. Ушулардан соң ал "Саадак какты" (авт.Б.Жакиев)спектаклинде Камбаркандын образын жаратып, КМАДТтын алдыңкы таланттуу актерлорунун сабына кошулат.

Ошол эле 80-жылдардын ичинде М.Гапаровдун "Биздин үйдүн Карлсону" драмасынын негизинде режиссер М.Шаршенбаев койгон спектаклге обон чыгарып, музыкалык жасалгасын иштеп чыгып, А.Өзүбеков окуучулук, андан соң студенттик мезгилден бери көкүрөгүн уялаган обончулук жана ырчылык жөндөмүн коомчулукка айгине кылат. Ошондон тартып ал артисттик кесиби менен кошо обончулук жана ырчылык өнөрүн да өөрчүтө баштайт.
1988-жылы А.Өзүбеков режиссер И.Рыскулов Ч.Айтматовдун романынын негизинде сахналаштырган "Кылым карытаар күн" спектаклине атайы ыр жазат, "Таппай жүрөм" деген. Ал ыр "Зарипанын ыры" деп аталган, оюнда. Ушундан соң А.Өзүбеков кыргыз элине популярдуу обончу жана ырчы катары таанылды.
1989-жылы КМАДТтан бөлүнүп чыккан артисттердин тобу менен "Тунгуч" театры ачылган соң, А.Өзүбеков бул сахналык коллективдин эң көрүнүктүү чыгармачыл фигурасына айланат. Айрыкча, аткарган ролдору, чыгарган обондору жана ырлары менен бир катар, сахна өнөктөштөрү менен бирдикте эстен кеткис комедиялык миниатюралардын галереясын жараткан.
А.Өзүбеков кыргыз журтчулугуна аттын кашкасындай таанылган таланттуу театр артисти, популярдуу обончу, ырчы катары гана белгилүү болбостон, улуттук кинонун чебери экени менен да белгилүү.

Театрдагы негизги ролдору[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Нодар ("Мен күндү көрүп турам", авт.Н.Думбадзе)
  • Тилек ("Күттүргөн жаз да келээр", авт.Б.Жакиев)
  • Витя ("Тагдырдын өгөй балдары", авт.Б.Өмүралиев)
  • Камбаркан ("Саадак какты", авт.Б.Жакиев)
  • Кахар ("Чынгыз хандын купуя сыры", авт.Ж.Кулмамбетов)

Обондуу ырлары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Өмүр
  • Кош жылдыз
  • Гүлдөй жан
  • Дилбарым
  • Жаралуу ак куу
  • Келеби
  • Боз торгой
  • Сагыныч
  • Эски достор
  • Өмүрзар
  • Таппай жүрөм
  • Кино, кино
  • Алтын шакек
  • Арман ай

Тасмаграфиясы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Наамдары жана сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Аткарылып жүргөн чыгармалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • «Эски достор» с. К.Урманбетовдуку
  • «Алтайдын ошол поюзу» с. Ш.Дүйшеевдики
  • «Алтынайым» с. К.Урманбетовдуку
  • «Арман ай, арман» с. Э.Ибраевдики
  • «Жалгыз күкүк» с. Ж.Өзүбекованыкы
  • «Жалгыз кыяк» с. Ж.Саалаевдики
  • «Жан арманым» с. Э.Ибраевдики
  • «Жаралуу Ак-куу» с. Ж.Абдыкалыковдуку
  • «Жаштыгым менен сырдашуу» с. элдики
  • «Кечиккен кездешүү» с. Ж.Өзүбекованыкы
  • «Кечирип кой» с. Ж. Өзүбекованыкы
  • «Кечирчи» с. Э.Ибраевдики
  • «Көл жана Апам» с. Ж.Өзүбекованыкы
  • «Кош жылдыз» с. С.Жусуевдики
  • «Көрүнүп кой» с. Ш.Дүйшеевдики
  • «Күйгөн ыр» с. Ж.Мамытовдуку
  • «Мен өрттөнүп барам» с. Ж.Саалаевдики
  • «Өмүр» с. А.Өзүбековдуку
  • «Отуз жаш» с. А.Осмоновдуку
  • «Таң шоолам» с. Д.Садырбаевдики
  • «Таппай жүрөм» с. Ө.Кулумбаевдики
  • «Шок кыз» с. Э.Ибраевдики
  • «Эңсөө» с. С.Жусуевдики ж.б.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Жаныш Кулмамбетов. Театр дүйнөсүндө. Фрунзе, "Кыргызстан", 1987.
  • Кыргыз Республикасынын обончулары.Маалымдама/Кыргызпатент/ Т?з.: А.Чекиров, ?.Калыева. – Б.: Кыргызпатент, 2010. – ISBN 978-9967-26-120-4
  • Ж.Кулмамбетов. Жылдыздар жерде жашашат. Бишкек, "Кыргызстан", 1997.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]