Өндүргүч күчтөрдү жайгаштыруу

Википедия дан

Өндүргүч күчтөрдү жайгаштыруу - өндүрүштүн табигый компононенттерин жанa эмгек ресурстарын геогр. жактан, б. а. өлкө аймагы жана анын экономикалык райондору боюнча бөлүштүрүү.

Өндүргүч күчтөрдү жайгаштыруу устөм өндүрүш ыгын жана өндүрүш каражаттарын менчиктөө формасы менен аныкталат. Ар бир социалдык-экон. формацияга коомдук өндүрүштүн белгилүү аймактык уюштуруу системасы, Өндүргүч күчтөрдү жайгаштыруунун белгилүү тиби дал келет.

Капитализмде өндүргүч күчтөр стихиялуу жанa ангагонисттик мүнөздв жайгаштырылат. Монополиялык капитализмге чейин жайгаштыруу маселеси ишкананы жеке ка­питалист максималдуу пайда тапкыч жай жерге куруу, асыресе ошондой жер тандоо менен гана чектелген. Ал эми монополисттик капитализм тушунда бул маселе тиги же бул өнөр жай тармагынын көп ишканаларын «оптималдуу» (пайдалуу) жайгаштыруу жолун издөө менен чечиле баштаган. Бирок монополисттик капита­лизм доорунда Өндүргүч күчтөрдү жайгаштыруу маселесин чечүүдө капитализмге таандык жеке чарба ыкмасы сакталып кала берет.

Экинчи дүйн. согуштан кийин экономикасы өнүккөн капит. мамлекеттерде (АКШ, Япония, Франция ж. б.) экон. интеграция өөрчүп, капит. мамлекеттердин өздөрүнүн да, айрым экон. тармактардын да мамлекет аралык бприкмелери пайда болду. Бирок ал бирикмелердин ичинде, ошондой эле өнүккөн капит. өлкөлөр менен өөрчүп келаткан өлкөлөрдүн арасында элдешпес каршылыктар бар.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.