Өрүк (Armeniaca)

Википедия дан

Өрүк (лат. Armeniaca) — роза гүлдүүлөр тукумундагы мөмө дарак уруусу.

Бийиктиги 15 мге чейин жетип, жалбырагы жазы келет. Гүлү ак же кызгылт, жалбырактоодон мурда ачылат. Мөмөсү данектүү. Жылуулукта жакшы өсүп, кургакчылыкка чыдамдуу. Шор топурактуу жерге өспөйт. Азияда 8, Россия жана КМШ өлкөлөрүндө 5 түрү бар, алардын негизгилери — кадимки, сибирь, манжур,кытай өрүгү Орто Азияда кеңири таралган. Кыргызстандын түш. райондорунда жанa Ысык-Көл ойдудунда жакшы өсөт.

Республикадагы мөмө багынын жалпы аянтынын 40—50%ин Өрүк ээлейт. Арзами, Исфарак, Хурмаи, Ак-Мирсанжели, Кызыл өрүк, Комсо­мол ж. б. сорттору өстүрүлүүдө. Өрүктүн бир жылдык көчөтүн тиккенде 3—4 жылдан кийин мөмөлөй баштайт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.