Өсүмдүктүн вирустук илдети

Википедия дан

Өсүмдүктүн вирустук илдети - өсүмдүктүн вирустар пайда кылуучу жугуштуу илдети. Айыл-чарба өсүмдүктөрүн зыянга учуратат. Дан эгиндеринин, кант кызылчасынын, картошканын, капустанын, бадыраңдын, карагаттын, алманын, шабдалынын жана башка Ө. в. и. өтө коркунучтуу.Алар түшүмдү 50-70 %ке азайтышы мүмкүн. Патол. жактан өзгөрүшүнө жараша өсүмдүк вирустук илдеттери эки топко - чаар ала жана сарык илдеттерине бөлүнөт. Ө. в. и-нин көбүн негизинен курт-кумурскалар - өсүмдүк бити, трипс, кантала, кене, кээ бирлеринин (мисалы, томаттын тегерек кара так илдетин) топурак нематодасы таратат. Вирустар механикалык же биологиялык жол менен таралат. Көпчүлүк өсүмдүктөрдө вирустук илдет вегетативдик көбөйүү мезгилинде (мисалы, картошка бырышы), кээ бир өсүмдүктөрдө (мисалы, соя, тоо буурчак, томат жана бадырандын чаар ала илдети жана башка) уругу аркылуу берилет. Кыргызстанда Ө. в. и. картошка, тамеки, томат жана башка айыл чарба өсүмдүктөрү айдалуучу аймактарда кеңири таралган. Каршы күрөшүү чаралары: илдетке туруктуу сортторду эгүү, үрөндү өз убагында сээп, түшүмдү өз убагында жыйноо, илдетке чалдыккан өсүмдүк анызын тазалоо, илдет таратуучуларды-отоо чөптөрдү жок кылуу.

Байланыштуу макалалар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]