Өсүмдүктүн мите козу карын илдети

Википедия дан
козу карын Taphrina deformans.

Өсүмдүктүн мите козу карын илдети - фитопатогендүү мите ко­зу карындар пайда кылуучу өсүмдүк илдети.

Башка илдеттерге Караганда көп тарап, зыяндуу келет, түшүмдү азайтып, продукциянын сапатын начарлатат, мөмө-жемиш өсүмдүгүнүн пайдалануу мөөнөтүн кыскартат. Мунун кесепетинен өсүмдүк структурасы, физиол. функциясы бузулат. Ил­дет өсүмдүк уругу, тамыры, кырчыны, көчөтү ж. б. аркылуу таралат. Инфекция эгин ацызында да сакталып, шамал, жаан, жаныбар ж. б. менен да өтөт. Илдеттин өөрчүү күчү сырткы чөйрөгө жараша болот.

Мис., топуракты аки таштоо анын кычкылдуулугун көбөйтүп, капустанын кила илдетине чалдыгышын азайтат. Топуракта бордун кемчилдигинен чирик илдетинен кызылча арбын чүнчүйт. Азот жер семирткичин бир өңчөй чачууда фосфор, кальцийдин жетишсиздигинен эгин дат илдетине, картошка фитофторозго чалдыгат. Бул илдеттен сактоо үчүн агротех. жанa хим. комплекстүү чаралар колдонулат.

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.