Өтө коркунунчтуу инфекциялар

Википедия дан

Өтө коркунунчтуу инфекциялар, карантин оорулары - эң жугуштуу, бат таралуучу, тезинен эпидемиялык түргө айланып, өз убагында жардам көрсөтүлбөсө өлүмгө учуратуучу коркунучтуу дарттар.

Буларга чума, чечек, холера ж. б. ки­рет. Россияда жугуштуу ооруларды таратпоо үчүн карантин чаралары 16-кылымдан башталган. Өтө коркунунчтуу инфекциялардын ал­дын алуу, күрөшүү чараларын жеңилдетүү үчүн эл аралык макулдашуу уюмдары, эпидемияларта каршы конференциялар уюшулган. 1926-ж. Парижде 14-эл аралык санитариялык конференцияда Өтө коркунунчтуу инфекциялар боюнча дүйнөлүк конвен­ция кабыл алынган. Азыр бул оорулардан өлкөлөрдү сактоо маселесин Бүткүл дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму тейлейт. Эл аралык санитария­лык эрежелердин негизинде СССР аймагын карантин ооруларынан коргоо эрежеси түзүлгөн.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.