22 декабрь

Википедия дан

декабрь
Дш Шш Шр Бш Жм Иш Жк
            1
2 3 4 5 6 7 8
9 10 11 12 13 14 15
16 17 18 19 20 21 22
23 24 25 26 27 28 29
30 31          
2024-ж.

22 декабрьГригорий жылнаамасы боюнча жылдын 356-чы (толук жылда 357-чи) күнү. Жылдын аягына чейин 9 күн бар.

Майрамдар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Дагы караңыз: Категория:22 декабрдагы майрамдар

Окуялар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Дагы караңыз: Категория:22 декабрдагы окуялар

Кыргызстанда[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • 1918 — Я.Логвиненко жетектеген советтик Пишпек полку Беловодск айылындагы козголоңчуларга каршы чабуул коюп баштаган.
  • 2009Камбар-Ата2 ГЭСинин тосмосун куруу үчүн ири масштабдагы жардыруу болгон.
  • 2012Түштүк Кореядагы кыргыз мигранттары өздөрү тууралуу "Мекендештер" аттуу тасма тартышып, Түштүк Кореянын борбору Сеул шаарында өткөн кинофестивалда тартууланып, мактоого арзыган.
  • 2013Чүй облусунун Сокулук районунда тоок фабрикасы өрттөнүп, 10 миң тоок күйүп кеткен. Өрт электр жабдууларын туура эмес пайдалануудан улам келип чыккан. Аны өчүрүүгө 4 өрт өчүрүүчү унаа катышкан. Ошондой эле тилсиз жоонун кесепетинен тоок фабрикасынын 900 чарчы метр шыбы күйгөн.

Дүйнөдө[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • 1885 — Ито Хиробуми Япониянын биринчи өкмөт башчысы болуп дайындалган.
  • 1938 — Африкадагы Чалумна дарыясынан эң байыркы балыктын түрү болгон латимерия балыгы кармалган.
  • 1963Грекиянын "Лакония" лайнеринде өрт чыгып, кеме чөгүп кеткен. 150 киши көз жумган.
  • 1992Ливиянын борбору Триполиде Боинг-747 учагы менен МиГ-23 истребители асманда кагышкан. Эки учактагы 157 адамдын баары каза болгон.
  • 1997Мексиканын Ченало айылынын чиркөөсүндө кылмышкерлер 45 адамды (анын көпчүлүгү балдар жана аялдар) атып салышкан.

Төрөлгөндөр[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Дагы караңыз: Категория:22 декабрда төрөлгөндөр

  • 1858Италиялык композитор Жакомо Пуччини төрөлгөн.
  • 1878Орусиялык окумуштуу Степан Тимошенко төрөлгөн.
  • 1937 — Орус жазуучусу Эдуард Успенский төрөлгөн.
  • 1947Канаданын хоккей боюнча улуттук курамынын машыктыруучусу Дэйв Кинг төрөлгөн.
  • 1951 — Коомдук-саясий ишмер Ишенгүл Болжурова төрөлгөн.
  • 1958 — Саясий ишмер Өмүрбек Текебаев төрөлгөн.
  • 1962 — Англиялык актёр Рэйф Файнс төрөлгөн.
  • 1972 — Франциялык актриса, ырчы, модель Ванесса Паради төрөлгөн.

Каза болгондор[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Дагы караңыз: Категория:22 декабрда каза болгондор

  • 1828 — Англиялык физик жана химик Уильям Хайд Волластон каза болгон (188 жыл мурун)
  • 1936 — Советтик жазуучу Николай Островский каза болгон.
  • 1939 — Америкалык ырчы Ма Рейни каза болгон.
  • 2006 — Спорттук гимнастика боюнча СССРдин жана Дүйнөнүн абсолюттук чемпиону Елена Мухина каза болгон.
  • 2009 — Журналист Геннадий Павлюк каза болгон.

Дагы караңыз[түзөтүү | булагын түзөтүү]