Baндaлдap

Wikipedia дан

Baндaлдap (латынча Vandali) - чыгыш герман урууларынын тобу. Адегенде Скандинавия жарым аралынын Түштүк-батышында жана Ютландия жарым аралынын Түндүк аймактарында жашашкан. Биздин заманга чейинки 2-1-кылымда Одер дарыясынын ортоңку жана жогорку агымына (азыркы Польшанын Түштүк -батышы) көчүп келишкен. Baндaлдap силингдер (азыркы Силезиянын аймагы) жана асдингдер (азыркы Венгриянын түндүк-чыгыш аймактары) болуп бөлүнүшкөн. Рим императору Пробдон жеңилгенден кийин, вaндaлдapдын бир бөлүгү Британияга көчүрүлгөн (279). 4-кылымда Рим императору Константин алардын бир тобун Паннонияга отурукташтырган. 5-кылымдын башында вaндaлдap аландар жана свевдер менен бирдикте Рейн дарыясынан өтүп, Галлияны чаап алып, Испаниянын бир бөлүгүн ээлешет. 429-439-жылы Түндүк Африканы каратып, асдингдердин конунгу Гейзерих (428-477) Карфагенде өз алдынча мамлекет негиздеген; ал жерден вaндaлдap Жер Ортолук деңиздин жээктерине жана аралдарына жапырып кирип турушат. 455-жылы Римге басып кирип, эки жума бою талап-тоношкон. 534-жылы вaндaлдap мамлекетин Византия каратып алган; вaндaлдap болсо жергииктүү элдерге аралашып кеткен. Baндaлдap тарыхта жергиликтүү калктарга карата ырайымсыздыгы, талоончул жортуулдары жана антикалык маданияттын эстеликтерин кыйраткандыгы менен белгилүү. Ушундан улам «вандал» этноними жалпы мааниге ээ болуп. 18-кылымда маданий эстеликтерди максатсыз кыйратууну билдирген вандализм түшүнүгү калыптанган.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]