Дунай дарыясы

Wikipedia дан
Дунай
Dunav.jpg

Дунай дарыясы (нем. Donau, венгрче Duna, болгарча, сербче Дунав, чехче Dinaо, румынча Dunarea) – Батыш Европадагы эң ири дарыя. Узундугу 2850 км. Алабынын аянты 817 миң км2. Германия , Словакия , Венгрия , Хорватия , Сербия жана Черногория , Болгария , Румыниянын аймактары аркылуу агып өтөт. Шварцвальд тоосунун тармактарынан башталып, Венадан жогору карай көбүнчө тоолор аркылуу, андан Темир Дарбазага чейин (Румыния менен Сербиянын чегинде) Орто жана Төмөнкү Дунай түздүктөрү аркылуу агат. Кара деңизге куярда дельтаны түзүп, 3 айрыкка (гирлого) бөлүнөт. 300дөн ашык куймасы бар (негизгилери: Драва, Тиса, Сава, Олт, Сирет, Прут). Жаз, жай айларында кирет, орточо чыгымы 6430 м3/сек. Жогорку агымына чейин кеме жүрөт. Борбордук жана Түштүк-Чыгыш Европаны байланыштырууда транспорттук мааниси зор. Темир Дарбазада ири Жердап ГЭСи, Австрия менен Германиянын аймагында ГЭС каскады бар. Балык (көбүнчө дельтасында) кармалат. Боюнда Регенс бург (Германия), Линц, Вена (Австрия), Братислава (Словакия), Будапешт (Венгрия), Нови-Сад Белград (Сербия жана Черногория), Русе (Болгария), Брэила, Галац (Румыния), Из маиль (Украина) жана башка шаарлар жайгашкан. Дунай – эл аралык дарыя. 1948-жылкы конвенцияда Дунайда кеме каттоо эркиндиги аныкталган; Дунай дарыясына чектешпеген өлкөлөрдүн аскер кемелеринин Дунай аркылуу өтүүсүнө тыюу салынган. Конвенция режимин сактоо боюнча (жээгиндеги өлкөлөрдүн) Дунай комиссиясы түзүлгөн.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

“Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14— 046—1