Ортонку Дунай түздүгү

Википедия дан
Ортонку Дунай түздүгү.
Ортонку Дунай түздүгү.

Ортонку Дунай түздүгү, Венгр ойдуңу Дунай дарыясынын ортонку агымынын алабында, Венгрия жана ага чектеш Словакия, Румыния, Хорватия, Австрия, түндүк-чыгышы Украина өлкөлөрүнүн аймагында. Аянты 200 миң км2. Альп, Карпат, Динар жана Серб тоолору менен курчалып, лёсс, аллювий чөкмөлөрүнөн турган тоо аралык тектоникалык ойдуң. Деңиз деңгээлинен бийиктиги 100–2000 м. Венгр тоолору аны Альфельд, Дунантуль, Кишальфельд деп аталган бөлүктөргө бөлөт. Жеринин бети жайпак, бир аз күдүрлүү; жетим тоолор кездешет. Климаты мелүүн континенттик, чыгышы – кургак, батышы – нымдуу. Жылдык жаан-чачыны 500–600 мм, тоолордо – 900 мм. Балатон көлү жайгашкан. Боксит (Венгриядагы Гант, Искасентдьердь кендери), нефть, газ, күрөң көмүр кендери бар. Аянтынын 70–80%ин түзгөн жерлерде дан эгиндери, жүгөрү, жашылча-жемиш айдалат. Токойлуу талаалары тоо этектеринде гана сакталып калган.

Ортонку Дунай түздүгүндө Будапешт (Венгрия), Загреб (Хорватия), Братислава (Словакия), Тимишоара (Румыния) ж. б. ири шаарлар жайгашып, калк жыш отурукташкан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.
  • “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 5-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. илл. ISBN 978 9967-14-111-7