Бишкектеги Boeing 747 учагынын Flight 6491 каттамындагы кырсыгы

Бишкетеги Boeing 747 учагынын Flight 6491 каттамындагы кырсыгы
Түрү

Авиакырсык

Себебптери

аныктала элек

Орду

Дача-Суу, Сокулук району

Өлкө

 Кыргызстан

Датасы

16-январь 2017-жыл

Убактысы

7:30 (UTS+5)

Каза болгондор

35 адам

Жабыр тарткандар

8 адам (учурда)

Кыргызстан (Кыргызстан)<div style="font-size:88%;line-height:1.2em;position:absolute;z-index:2;left:Expression error: Unexpected < operator.%;top:9.8351777777778%">
Кыргызстан
Lua error in Модуль:Wikidata/media at line 4: attempt to concatenate local 'value' (a nil value).

Бишкетеги Boeing 747 учагынын Flight 6491 каттамындагы кырсыгы2017-жылдын 16-январь күнү, эртең менен саат 07:30 чамасында Гонконгдон келе жаткан жүк ташуучу учак "Манас" аэропортуна жетпей Сокулук районунун Дача-Суу айылына кулаган.Бишкектеги авиакырсыктан каза болгондордун саны 35ге жетти.Учактын ичиндеги 5 адам жана жергиликтүү тургундардан 30 адам каза болгон. Ошондой эле 8 адам ооруканага жеткирилген.

Каргашалуу кырсык боюнча тийиштүү органдардан турган комиссия түзүлгөн. Комиссияны биринчи вице-премьер-министр Мухаметкалый Абулгазиев жетектеп, курамына Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин, Транспорт жана жол министрлигинин, Саламаттыкты сактоо министрлигинин, Ички иштер министрлигинин, Тышкы иштер министрлигинин, УКМКнын, Чүй облусунун жетекчилери иш алып барышат.

Окуянын жүрүшү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2017-жылдын 16-январь күнү, эртең менен саат 07:30 чамасында Гонконгдон Стамбулга бет алган Боинг-747-400F жүк ташуучу учагы Бишкектеги "Манас" Эл аралык аба майданына күйүүчү май куюу үчүн конмокчу болуп, ага жетпей Курулуш башкармалыгынын дачалары (Дачи СУ) айылына кулап түшкөн. Кырсыктан экипаждын 4 мүчөсү жана, айылдын 40ка чукул тургуну каза тапкан. Булардын 13ү балдар, Боинг 23 турак жайды сүрүп кеткен, ал эми учак кулаган аймактын аянты болжол менен узунунан 350, туурасынан 75 метрди ээлейт. Оор кырсыктан аман калып, ар кандай жаракат алган 13 жаран ооруканаларга жеткирилген.

Окуянын хронологиясы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • 6:41. Учак Кыргыз өлкөсүнүн аба майданына кирген.
  • 7:16. Учкуч "Манас" аэропортуна конууга уруксат сураган. Кыргыз тарап уруксат берген. Мындан кийин учактын экипажы байланышка чыккан эмес.
  • 7:20. "Манас" аэропортунун кызматы коркунуч сигналын жарыялаган.
  • 7:31. Аэропорттун кызматкерлери окуя болгон жерге барышканда, учак өрттөнүп жаткан.
  • 7:45. "Манас" аэропорту убактылуу жабылган. Бир нече каттам токтотулган.
  • 13:30. "Манас" аэропорту ачылган.
  • 18:00. "Манас" аэропорту кадимкидей тартипте иштей баштаган.

Каза болгондор[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кырсыктан каза болгон экипаж мүчөлөрү Түркиянын жарандары болгон.Алар Ибрахим Гүржан Динаржы, Казым Өндүл, Мелих Аслан жана Ихсан Кожа. Ошондой эле Казым Өндүл аттуу учкуч Ооганстанда иштеп, 2009-жылы АКШнын Мамлекеттик катчысы Хиллари Клинтондон сыйлык алган.

Кырсыктан каза болгон экипаж мүчөлөрү
N: Аты-жөнү Кызматы
1 Түркия Ибрахим Гүржан Динаржы Капитан
2 Түркия Казым Өндүл Экинчи учкуч
3 Түркия Мелих Аслан Экинчи учкуч
4 Түркия Ихсан Кожа Жүк жайгаштыруу боюнча адис
Кырсыктан каза болгон айыл тургундары
N: Аты-жөнү Туулган жылы
1 Кыргызстан Карыпбаев Эрзат Нурланович 2012-жыл
2 Кыргызстан Карыпбаева Жылдыз Нурлановна 2014-жыл
3 Кыргызстан Шералиева Сабина Уларбековна 2011-жыл
4 Кыргызстан Шералы уулу Уларбек 1990-жыл
5 Кыргызстан Жуманалы кызы Акмарал ( 1990-жыл
6 Кыргызстан Чокоева Кундуз Таалайбековна (кош бойлуу) 1985-жыл
7 Кыргызстан Осмонов Санжарбек Абдуманапович 1982-жыл
8 Кыргызстан Айдай Шералиева ~(2 жашта)
9 Кыргызстан Шаршенбеков Руслан Нурланович 2011-жыл
10 Кыргызстан Исакова Гүлжан Муратбековна 1980-жыл
11 Кыргызстан Солтокенова Мариям Анарбековна 2009-жыл
12 Кыргызстан Кожоналиева Наргиза Эсенгуловна (кош бойлуу) 1988-жыл
13 Кыргызстан Солтокенов Айбек Анарбекович 1988-жыл
14 Кыргызстан Солтокенова Фарида Алмазбековна 1969-жыл
15 Кыргызстан Кубанычбеков Аман Кубанычбекович 1997-жыл
16 Кыргызстан Максатбеков Тимур Зарылбекович 2006-жыл
17 Кыргызстан Орозбаева Айжамал Максатбековна 1989-жыл
18 Кыргызстан Сүйүн Баатыров 1966-жыл
19 Кыргызстан Жумакунова Наргиза Болотбековна 1984-жыл
20 Кыргызстан Абакиров Актан Азаматович 2011-жыл
21 Кыргызстан Абакирова Раяна Азаматовна 2016-жыл (4 айлык)
22 Кыргызстан Шамибек уулу Айбол 2006-жыл
23 Кыргызстан Белекова Адинай Руслановна 2010-жыл
24 Кыргызстан Бүнаркан Орозбаева 1959-жыл
25 Кыргызстан Айнуса Келишова 1976-жыл
26 Кыргызстан Солтокенов Анарбек Садыбакасович 1960-жыл
27 Кыргызстан Осмонов Айболот Санжарович 2006-жыл
28 Кыргызстан Осмонов Анарбек Санжарович 2014-жыл
29 Кыргызстан Санжар кызы Аяна 2007-жыл
30 Кыргызстан Камилов Иса Сагынович 2013-жыл
31 Кыргызстан Дербишалиев Азамат Абакирович 1983-жыл
32 Кыргызстан Дүйшеева Венера Рахманкуловна 1993-жыл
33 Кыргызстан Камилов Али Сагынович 2011-жыл
34 Кыргызстан Белекова Мадина Руслановна 2003-жыл

Аракеттер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Президент Алмазбек Атамбаев Бишкектин четиндеги авиакырсыктан каза тапкандардын жакындарына көңүл айтып, аларга материалдык жардам көрсөтүү боюнча жарлык чыгарды. Кырсыктан жабыркагандардын дарылануусуна да президенттик фонддон акча бөлүнөт. Президент өкмөткө кырсыктын себептерин дыкат иликтөө, анын кесепеттерин жоюу чараларын көрүү тапшырмасын берген.

Кыргыз Республикасынын президенти Кыргыз жеринде аза күтүү күнүн жарыялады ошондой эле телеканалдарда оюн-зоок программаларын көрсөтүү токтотулат.

Кыргыз транспорттук прокуратурасы Дача-Суу айылында "Боинг" учагынын кыйрашы боюнча кылмыш ишин козгоду.Кылмыш иши Кыргыз Республикасынын Кылмыш кодексинин 280-беренеси (аба транспортун башкаруудагы коопсуздук эрежесин бузуу) боюнча козголот.Кырсыктын келип чыгыш себептерин иликтөөгө Эл аралык авиация комитетинин адистери да тартылган. Буга катар кырсыкты иликтөө үчүн өкмөттүк комиссия да түзүлгөн.

Материалдар иликтөө жүргүзүү үчүн Ички иштер министрлигине өткөрүлүп берилген. ИИМ жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин кызматкерлеринен ыкчам-иликтөө тобу түзүлүп, топ кырсыктын себептерин изилдеп чыгат.

Учак тууралуу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алгач кулап түшкөн учак “Turkish Airlines” компаниясына таандык экени айтылган. Бирок аталган компания бул маалыматты төгүндөп, учак "myCARGO" жүк ташуучу компаниясынын учагы экенин белгилеп чыккан.Боинг 13 жылдан бери колдонулуп келген. Акыркы ирет техникалык кароодон 2015-жылы өткөрүлгөндүгү, “Түрк аба жолдору” жүк жеткирүүгө "ACT Airlines" компаниясынан ижарага алганына 4 гана күн болгону белгилүү болгон.

Кырсыкттын себептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Учактын кулашына Бишкектеги калың туман себепкер болушу мүмкүн экендиги божомолдонгон.Адистердин бир катары жүк ташуучу учактын кырсыкка кабылышына учактын бузулушу же учкучтардын катачылыгы дагы себеп болушу мүмкүн экенин белгилешкен. Анткени туман болгонуна карабай 16 январь күнү 11 учак "Манас" Эл аралык аэропортуна ийгиликтүү конгон.(так себпптери аныктала элек)

Иликтөө[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2017-жылдын 16-январында таңкы саат 7:31 чамасында түркиялык "АСТ Havayolları" компаниясынын Боинг-747 учагы Чүй облусунун Курулуш башкармалыгынын дачалары (Дача-СУ) аймагына кулаган. Кырсыктан 35 жергиликтүү тургун, 4 экипаж мүчөсү каза болгон жана бир канча турак үй кыйраган. Кулаган учакта жалпы 85 тоннага жакын жүк болсо, анын ичиндеги 2 тонна зажигалка Казакстандагы "JTI Kazakhstan LLC" аттуу компаниянын буюртмасы менен Бишкекке алынып келаткан. Жогорку Кеңештин ондон ашык депутаты кирген депутаттык комиссия жүк боюнча бардык документтерди карап чыгып, жүк Кыргыз мамлекетинин жарандарына таандык болбогонун аныктаган. Комиссия аягына чейин тергеп чыгуу үчүн Башкы прокуратурага тапшырма бергенин жарыялаган. Кырсык боюнча Башкы прокуратуранын, Ички иштер министрлигинин жана УКМКнын өкүлдөрүнөн турган тергөө тобу да түзүлүп, ишти тергеп башташкан. Бирок жыйынтыгын чыгара элек. Ал эми Жарандык коргоо комиссиясы Дача-СУдагы келтирилген материалдык зыяндын өлчөмүн 195 миллион сомго барабар деп эсептеп чыккан. Каза болгондордун жакындары жана жапа чеккендерге жардам үчүн деп Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин атайын эсебине эл тарабынан 102 миллион 160 миң 180 сом 55 тыйын чогултулган. Андан кийин түрк компаниясы эки бөлүп акча которгон. Бирок анын суммасы ачыкталган эмес.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]