Ж. К. Роулиң

Википедия дан
Ж. К. Роулиң (2010).

Жоан Роулиң, СХ, ОБЕ, ФРСЛ, ФРСЗЕ (англ. Joanne Rowling; /ˈroʊlɪŋ/[1]; 1965-жылы 31-июлда туулган) - жылы К. Роулиң жана Роберт Галбрейз деген ылакап ат менен жазган британиялык жазуучу, кино жана телеберүү продюсери, сценарист жана филонтропист. Ал "Гарри Поттер" фэнтези чыгармасынын автору. Анын китептери дүйнөлүк сүймөнчүлүккө айланып, бир нече сыйлыктарга ээ болгон. Ошондой эле 400 миллиондон ашуун көчүрмөдө сатылган. Роулиңдин китептери тарыхтагы эң көп сатылган китеп топтому аталган жана бир нече бөлүмдүү тасмалардын тартылышына себепкер болгон. Тасмадагы сөздөргө Роулиң өзү макулдуулук берген жана анын акыркы бөлүмүн тартууда продюсер болгон.

Роулиң Йет, Глосестершайр, Англияда туулган[2]. Ага "Гарри Поттер" чыгармасын жазуу тууралуу ойлор, Amnesty International компаниясында ал изилдөөчү жана эки тилдүү катчы катары кызмат өтөп жүрүп, 1990-жылы Манчестерден Лондонду карай сапар алган поезд кечикен кезде келген. Анын алгачкы "Гарри Поттер" жана "Философиялык таш" (англ. Philosopher's Stone) романдары 1997-жылы жарык көргөн. Бул жети жылдын аралыгында, Роулиң апасынан айрылган, эне болгон, жолдошу менен ажырашкан жана жакырдыкта жашаган. Роман Алты бөлүмдөн турган. Ал эми акыркы бөлүмү "Гарри Поттер жана Өлүмдүн тартуусу" (англ. Harry Potter and the Deathly Hallows) 2007-жылы жарык көргөн. Андан бери, Роулиң чоңдорго арналган "Кокус кызмат орун" (англ. The Casual Vacancy) жана Роберт Галбрейт ылакап аты менен "Күкүктүн чакырыгы" (англ. The Cuckoo's Calling, 2013), "Жибек көпөлөк" (англ. The Silkworm, 2014) жана "Шайтандын карьерасы" (англ. Career of Evil, 2015) сыяктуу криминалдуу жана фантастикалуу романдарды жазган.

Роулиң жокчулуктан бейпил турмушка беш жылдын ичинде жетип, мулти-миллионер аталган. Ал китептерин 238 фунттан ашуун сатуу менен Улуу Британияда жашап жаткан бестселлер автор болуп саналат. 2016-жылы Sunday Times журналынын түзгөн байлардын тизмесинде, Роулиң 600 миллион фунт байлыгы менен Улуу Британиядагы эң бай адамдардын тизмесинде 197-орунду ээлеген. 2007-жылы ал күйөрмандарына коомдук, моралдык, саясий дем-күч бергендиги үчүн Time журналы аны "2007-Жылдын адамы" деп атаган. 2010-жылы, октябрда Британиядагы редакторлор аны "Улуу Британиядагы эң таасирдүү айым" деп белгилешкен. Ал ошондой эле Комик Релиф, Бир ата энелүү үйбүлөө, Улуу Британия жана Люмостун бир нече склероз коомчулугу сыяктуу кайрымдуулук фондуна жардам көрсөтүп келет.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Чыгармалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. Smith, Sean (2002). J.K. Rowling: A Biography. Arrow Books. ISBN 0-09-944542-5. OCLC 51303518.
  2. https://www.jkrowling.com/about/