Гарри Поттер жана Өлүмдүн тартуусу. 1-бөлүм

Википедия дан
Дэниел Рэдклифф.

"Гарри Поттер жана Өлүмдүн тартуусу. 1-бөлүм" (англ. Harry Potter and the Deathly Hallows – Part 1, орус. Гарри Поттер и Дары Смерти. Часть 1) — 2010-жылы экрандаштырылган британ-америка фантастикалык тасмасы. Режиссеру Дэвид Йейтс, жайылтуучу компания Warner Bros. Pictures. Жоан Кэтлин Роулиңдин ушул эле аталыштагы романына негизделип тартылган эки бөлүмдүн биринчиси жана анда мурдагы актердук топ толугу менен тартылган. Бул "Гарри Поттер" сериясындагы тасмалардын акыркыдан экинчиси. Сценарийин жазган Стив Кловз, продюсерлери Дэвид Хейман, Дэвид Баррон жана Роулиң.

Башкы ролдорду аткаргандар Дэниел Рэдклифф (Гарри Поттер), Руперт Гринт (Рон Уизли) жана Эмма Уотсон (Гермиона Грейнжер). Бул тасма "Гарри Поттер жана Канзаада чалыш" фильминен жана жыйынтыктоочу "Гарри Поттер жана Өлүмдүн тартуусу — 2-бөлүмдөн" мурда жарык көргөн.

Тасманын дүйнө жүзү боюнча кинотеатрлардагы ачылышында "1-бөлүм" 330 млн доллар топтогон. Бул сериядагы эң көп киреше алып келген 3-тасма, 2010-жылдагы ачылыштардын ичинен эң биринчиси жана жалпы жонунан эң жогорку көрсөткүчкө ээ болгон 8-тасма. Тасма дүйнө жүзү боюнча 960 млн доллар киреше табуу менен "Оюнчуктардын окуясы 3" жана "Алиса Керемет дүйнөдөн" артта калып 2010-жылдагы эң көп кассалык жыйым топтогон 3-тасма болуп калган. Ошондой эле "Гарри Поттер" сериясындагы эң көп киреше алып келген фильмдердин ичинен "Өлүмдүн тартуусу — 2-бөлүм" менен "Философияоык таштан" артта калып 3-орунга чыккан. Жалпы жонунан эң көп киреше алып келген тасмалардын арасынан 28-орунду ээлеген. 83-Оскар киносыйлыгынын "Эң мыкты визуалдык эффекттер" жана "Эң мыкты сүрөтчү-коюучу" номинацияларына көрсөтүлгөн.

Сюжети[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылгандар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]