Гарри Поттер жана Азкабан туткуну (тасма)

Википедия дан

"Гарри Поттер жана Азкабан туткуну" (англ. Harry Potter and the Prisoner of Azkaban, орус. Гарри Поттер и узник Азкабана) — 2004-жылы тартылган британ-америка фантастикалык тасмасы. Режиссеру Алфонсо Куарон, жайылткан Warner Bros. Pictures. Жоан Кэтлин Роулиңдин ушул эле аталыштагы романына негизделип тартылган. "Гарри Поттер" сериясындагы 3-тасманын сценарийин Стив Кловз жазган, продюсери Крис Коламбус (алгачкы эки бөлүмдүн режиссеру), Дэвид Хейман жана Марк Рэдклифф. Кинотасмада Гарри Поттердин Хогвартстагы үчүнчү жылы тууралуу баяндалат. Башкы каарманды өлтүрүү ниети менен Азкабан абагынан качып кеткен Сириус Блэк аттуу туткун жөнүндө Гарриге маалымат келип түшөт.

Тасмада Дэниел Рэдклифф Гарри Поттердин образын жаратат. Аны менен кошо Руперт Гринт (Рон Уизли) менен Эмма Уотсон (Гермиона Грейнжер) Гарринин эң жакын досторунун ролдорун аткарышат. Ошондой эле, белгилүү актерлор Гэри Олдман, Дэвид Түлис, Майкл Гэмбон (Албус Дамблдордун ролундагы дебюту), Эмма Томсон жана Тимоти Сполл экинчи пландагы образдарды аткарышкан. Бул тасма "Гарри Поттер жана Сырлар бөлмөсү" фильминен кийин жана "Гарри Поттер жана Жалын чөйчөгү" тасмасынан мурда тартылган.

Тасма 2005-жылы 77-Оскар киносыйлыгынын "Эң мыкты музыка" жана "Эң мыкты визуалдык эффекттер" номинациясына көрсөтүлгөн.

"Азкабан туткуну" дүйнө жүзү боюнча 796.7 млн доллар топтоп, 2004-жылдын эң көп киреше алып келген 2-тасмасы болуп калган. Киносынчылардын кеңири алкоосуна ээ болуп, Куарондун режиссердук иши жана башкы каармандардын аткаруу чеберчилиги мактоого татыган. Бул фильм "Гарри Поттер" сериясындагы тасмаларга жаңы түс берип, өңүтүн өзгөрткөн. Ошондой эле киносынчылар менен күйөрмандардын кеңири катмары тарабынан бул франшизадагы эң мыкты тасма деп табылган.

Сюжети[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тартылгандар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]