Замандаш (партия)
Партиянын стратегиялык максаты - мамлекеттик башкаруунун Президенттик –Парламенттик формадагы эффективдүү экономикалык жана социалдык системалуу адилет коомдун негизинде заманбап типтеги мамлекеттик демократиялык мамлекетти куруу.
Партия тууралуу кыскача маалымат
[түзөтүү | булагын түзөтүү]«Замандаш» саясый партиясы Кыргыз Республикасынын Конституциясына, Кыргыз Республикасынын «Саясый партиялар тууралуу» Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын башка дагы нормативдик укуктук актыларына ылайык түзүлгөн жарандардын эркин биримдиги болуп саналат.
- Партия 2007-жылы Россия менен Казакстандагы кыргыз диаспораларынын «Замандаш» Ассоциациясынын негизинде түзүлгөн.
- "Замандаш" саясый партиясы 2007-жылдын 19-январында мамлекеттик каттоодон өткөн.
- 2011-жылдын 14-апрелине карата партия өз түзүмүндө 59дан ашык облустук, шаардык жана аймактык комитеттерге ээ болуп турган.
- 2010-жылдагы парламенттик шайлоолордон кийин партия партиялык түзүмдү реформалоого багыт алган.
- Партиянын түзүмүн реформалоо иштерин аткаруу максатында партиянын V жана VI Съезддеринин чечими менен партиянын аталышын «Замандаш-Современник» деп кайра атоо чечими кабыл алынган да, партиянын Уставына өзгөртүүлөр киргизилген.
- Партия КРнын «КРдагы саясый партиялар жөнүндө» Мыйзамына ылайык 2011-жылдын 16-июнунда Юстиция Министрлигинде кайрадан каттоодон өткөн.
- Саясий партиянын түзүмү менен партиянын штаты өзгөртүлгөн. Саны 5 адамга чейин жеткен партиянын теңтөрагаларынын институту киргизилген.
- Республика боюнча бардыгы 24 аймактык бөлүм, 2000 ден ашуун партиянын баштапкы уюмдары түзүлдү.
Партиянын негизги принциптери
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- коомдун консолидацияланышы, улуттар аралык биримдик;
- коомдогу прогрессивдик тенденцияны колдоо;
- өз ресурстарын мобилизациялоо;
- интеллектуалдык мүмкүнчүлүктөр менен маданий баалуулуктарды бириктирүү;
- алдыга койгон максаттарга удаалаш жакындоо.
Теңтөрагалары
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кыргызстандын саясий партиялары | |
---|---|
Парламенттеги партиялар |
«Ата-Журт Кыргызстан» • «Ишеним» • «Ынтымак» • «Альянс» • «Бүтүн Кыргызстан» • «Ыйман Нуру» |
Активдүү саясий партиялар |
«Мекенчил» • «Республика» • «Ыйман Нуру» • «Чоң Казат» • «Замандаш» • «КСДП» • «Реформа» • «Мекен Ынтымагы» • «Ордо» • «Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагылышууларга катышкандардын саясий партиясы» • «Биримдик» • «Мекеним Кыргызстан» • «Бүтүн Кыргызстан» |
Ишмердилүүгүн токтоткон жана ишмердилүүгүнө тыюу салынган партиялар |
Хизб ут-Тахрир аль-Ислам (тыюу салынган) • Кыргыз ССР Коммунистик партиясы • Республика-Ата Журт |