Катанов, Николай Федорович
Катанов Николай Федорович | |
Жалпы маалымат | |
Төрөлгөндө берилген аты: | Пора́ |
Туулган жылы: | 6 бугу 1862-жыл |
Туулган жери: | Турахов айылы |
Каза болгон: | 9 жалган куран 1922 (59 жашында) |
Өлкө: | Орус Федерациясы РСФСР |
Илимий чөйрөсү: | филология, фольклористика, түркология |
Иштеген жери: | Казан университети |
Илимий жетекчиси: | Василий Васильевич Радлов |
Катанов Николай Федорович (1862-1922)-белгилүү чыгыш таануучу, хакас элинин окумуштуусу.
Казан университетинин жана Орусия коомдук ИАнын профессору,36 жылдык чыгармачыл өмүрүндө археология, тарых, этнография, тил таануу, адабият, чыгыш элдеринин статистикасы боюнча 382 илимий иш жазган. Көп тил билген. Бардык Европа тилдеринде эркин сүйлөгөн, чыгыш тилдерин, байыркы жана өлгөн тилдерди да билген, байыркы түрк руна жазууларын, шумер шынаа жазууларын, египет, кытай иероглифтерин, санскрит, араб жазууларын, байыркы уйгур, армей графикаларын окуй билген. Сүрөттү мыкты тарткан, карта тузгөн. Өз учурундагы чет элдик окумуштуулар менен тыгыз байланышта болуп, кат алышып турган, бир канча чет элдик илимий коомдордун мучөсү болгон. Дүйнөгө таанымал түрколог С. Е. Маловдун окутуучусу.
Кыскача өмүр таржымакалы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Ал 1862-жылы 18-майда (эски стилде - бугу (май) айынын 6сында) падышалык Орусиянын аймагына айланган Түштүк Сибирдеги Аскиз кыштагынын жанында Үзүм деген жерде улустун катчысынын үй-бүлөсүндө жарык дүйеөгө келген.
1876-84-жж. Красноярск (Кызылжар) гимназиясына окуп, аны алтын медал менен аяктаган.
1884-88-жж. Санткт-Петербург университетинин чыгыш тилдер факультетинде окуган.
Академик В.В.Радловдун сунушу менен Сибирге жана Чыгыш Түркстанга илимий сапарда болгон.
1889-92-жж Энесай, Жети-Суу, Тарбагатай, Чыгыш Теңир-Тоо аймактарын кыдырган.
1893-1917-жж. Петербург менен Казандагы илимий чөйрөлөрдө аны орус эмес, башка тектен ("инородец") болгону үчүн жериген мамилелер да байкалган. В.В.Радлов сыяктуу азганактай чыгыш таануучулар гана ага ырааттуу колдоо көрсөтүшкөн.
1918-1921-жылдары, б.а. үч жыл ичинде, Катанов мындан мурдагы 8 жыл ичинде жараткан эмгектери канча болсо, дал ошончо эмгек жазган. Анын соңку эмгектеринин бири "Чыгыш жыл сүрүү илими" («Восточная хронология») деген 240 беттен турган эмгек болчу.
1921-жылы күзүндө ал оорунун айынан кыймылдай албай калган.
1922-жылы март айында ал кургак учук (туберкулёз) кеселине да кабылып, ага операция жасалган. Бирок баары кеч болуп калган.
Николай Катанов 1922-жылы 10-мартка караган түнү 59 жашында Казан шаарында каза болгон. Анын сөөгү Казан Кремлинин аймагындагы Спасс-Преображенский ыбаадатканасынын короосунда жерге берилген.
Эмгектеринин кыскача тизмеси
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Отчет о поездке в Восточную Сибирь, Монголию и северный Китай в 1890 и 1891 гг. // Живая старина. — СПб., 1892. — С. 111—122, 134—137.
- Сагайские татары Минусинского округа Енисейской губернии // Живая старина. — 1893. — Вып. 4, ч. III. — С. 559—570.
- Письма из Сибири и Восточного Туркестана / Предисловие Радлова В. В. // Записки Имп. Императорской Академии наук. — 1893. — Т. XXIII. — С. 1—114.
- Среди тюркских племен // Известия Имп. Рус. Географического Общества. — 1893. — Т. XXIX. — С. 519—541.
- Качинская легенда о сотворении мира (Записана в Минусинском округе Енисейской губернии на качинском наречии тюркского языка 2 июня 1890 г.) // Известия Общества археологии, истории и этнографии (ИОАИЭ). — 1894. — Т. ХII, вып. 2. — С. 185—188.
- О погребальных обрядах у тюркских племен с древнейших времен до наших дней // ИОАИЭ. — 1894. — Т. XII, вып. 2. — С. 109—142.
- Народные приметы и поверья бельтиров // Деятель (журнал). — 1896. — № 8. — С. 424—425.
- О поездке действительного члена Общества археологии, истории и этнографии Н. Ф. Катанова в Минусинский округ Енисейской губернии // ИОАИЭ. — 1897. — Т. XIX, вып. 2. — С. 219—221.
- Отчет о поездке, совершенной с 15 мая по 1 сентября 1896 года в Минусинский округ Енисейской губернии // Ученые записки Казанского университета. — 1897. — Т. 64, кн. III. — С. 1—50.
- Материалы к изучению казанско-татарского наречия. Ч. 1: Образцы книжной и устной литературы казанских татар // Учёные записки Казанского университета. — 1897, кн. 12, приложение, — С. 1—32.
- Предание тобольских татар о грозном царе Тамерлане // Ежегодник Тобольского губернского музея. - Тобольск, 1898. Т. 9. - С. 50—52.
- Винокурение у абаканских татар Енисейской губернии // Деятель. — 1899. — № 8/9. — С. 312—314.
- Народные способы лечения у сагайцев (Минусинского уезда Енисейской губ.) // Деятель. — 1899. — № 10. — С. 394—395.
- Материалы к изучению казанско-татарского наречия. Ч. 2: Русский перевод образцов книжной и устной литературы казанских татар // Учёные записки Казанского университета. — 1899. — Кн. 5—6. — С. 1—113.
- Отчет о поездке в Минусинский уезд Енисейской губернии, совершенный летом 1899 года // Учёные записки Казанского университета. — 1901. — Т. 63, кн. V—VI. — С. 1—58.
- Опыт исследования урянхайского языка с указанием главнейших родственных отношений его к другим языкам тюркского корня. — Казань, 1903. — XLII, 1539, LX с.
- О религиозных войнах учеников шейха Багаутдина против инородцев Западной Сибири // Учёные записки Казанского университета. — 1903. — Кн. XII. — С. 133—146.
- Наречия урянхайцев, абаканских татар и карагасов // Образцы народной литературы тюркских племён, под ред. В. В. Радлова. Ч. IX. — СПб., 1907. Т. I (тексты), VI+XXXII+68+XLVIII с.; Т. II (переводы), VI+XXV+658 с.
- Предания присаянских племен о прежних делах и людях // Сборник в честь 70-летия Г. Н. Потанина. — СПб., 1909. — С. 265—288.
- Обработка сочинения писателя XVII в. Н. Г. Спафария «Описание первыя части вселенныя, именуемой Азия, в ней же состоит Китайское государство с прочими его городы и провинции». — Казань, 1910. — LVI, 271 с.
- Краткий татарско-русский словарь в транскрипциях арабской и русской в объёме I части учебника М. Ф. Каримова «Тарихи анбия (история пророков)». — Казань, 1912. — XXIV, 265 с. (литография).
- Восточная хронология. Из курса лекций, читанных в Северо-восточном археологическом и этнографическом институте в 1918—1919 учебн. году. — Казань, 1920. — 240 с.
- Volkskundliche Texte aus Ost-Türkistan. I. — (Sitzungsberichte der Berliner Akademie der Wissenschaften, XXXII.). — Berlin, 1933.
- Volkskundliche Texte aus Ost-Türkistan. II. Aus dem Nachlaß von N. Th. Katanov herausgegeben. — (Als Manuskript getruct). — Berlin, 1943.
- Хакасский фольклор (Из книги «Образцы народной литературы тюркских племён», т. IX. СПб., 1907). — Абакан, 1963. — 163 c.
- Николай Федорович Катанов. Автобиография и библиография / Сост. и ред. доктор истор. наук И. Л. Кызласов. Москва — Абакан, 1997.
- Таллал алған пiлiг тоғыстары. Хакас фольклорының паза этнографиязының текcттерi = Избранные научные труды. Тексты хакасского фольклора и этнографии = Bilimsel eserlerinden segneler. Hakas folkloru ve etnografyasi metenleri / Сост. B. H. Тугужекова, B. E. Майногашева. Переводы на хакасский язык B.E. Майногашевой и С. Е. Карачакова. — Анкара, 2000. — 550 с.
- Фольклор саянских тюрков XIX века. Из собрания Н. Ф. Катанова / Сост., переводы, стихотв. перелож, лит. обраб., заключит статья и коммент. А. В. Преловского. В 2 т. — М., 2003. — 576 с. + 624 с.
- Избранные труды о Хакасии и сопредельных территориях / Сост. Угдыжеков С. А. — Абакан: Изд-во ХГУ им. Н. Ф. Катанова, 2004.
- Очерки Урянхайской земли. Дневник путешествия, исполненного в 1889 году / Подг. рукописи, комментарий А. К. Кужугет. — Кызыл, 2011.
Колдонулган адабият
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргыз тарыхы боюнча кыскача энциклопедия. Бишкек. 2003(жеткиликсиз шилтеме)
- Тугужекова В. Н. Детство и юношество: Аскиз и Красноярск // Н. Ф. Катанов и гуманитарные науки на рубеже веков: Очерки истории российской тюркологии. — Казань, Абакан, 2008—2009. — С. 16.
- Валеев Р. М., Мартынов Д. Е. Казанское университетское востоковедение в архивных документах. — Казань, 2009. — С. 76.
- Наследие Н. Ф. Катанова: история и культура тюркских народов Евразии: Доклады и сообщения международного научного семинара, 30 июня — 1 июля 2005 г. / Ред. коллегия: Валеев Р. М., Закиев М. З., Зайнуллин Д. Г. — Казань: Алма Лит, 2006. — 296 с. — ISBN 5-98245-02207.
- Наследие хакасского учёного, тюрколога, доктора сравнительного языкознания, востоковеда Николая Федоровича Катанова: материалы Международной научной конференции, посвящённой 150-летию со дня рождения учёного. 16–19 мая 2012 г.. — Абакан: Хакасское книжное издательство, 2012. — Т. 1. — 146 с. — ISBN 978-5-7091-0543-0.
- Рыкин П. О. Николай Фёдорович Катанов (1862—1922): вехи жизни и творчества // Катанов Н. Ф. Очерки Урянхайской земли. — Кызыл: ТИГИ при правительстве РТ, 2011. — С. 359—383.
- Покровский И. М. Памяти проф. Н. Ф. Катанова // Известия Общества археологии, истории и этнографии при Казанском университете. — Казань, 1923. — Т. 32, вып. 2. — С. 245−259.
- Н. Ф. Катанов — гордость земли хакасской: биобиблиографический справочник / Куюкова Н.И. (сост.). — Абакан: ГБУК РХ «Хакасская РДБ», 2012. — 23 с.
Интернеттеги шилтемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- http://katanovu150.ru/nauchnoe-nasledie/index.php Archived 2015-02-17 at the Wayback Machine
- Петрова О. 2012 год в Хакасии объявлен Годом Николая Фёдоровича Катанова // Абакан : Еженедельная городская газета. — 2012, 18 января. Archived 2014-11-11 at the Wayback Machine
- http://haknii.ru/files/Nasledie_hakasskogo_uchenogo_%D1%821.pdf Archived 2021-08-02 at the Wayback Machine
- http://www.nbdrx.ru/chit/exhibition/004_exhibition_katanov/exhibition_katanov_6.asp