Ленин (Сузак району)
Ленин | |
Өлкө |
Кыргызстан |
---|---|
Облус |
Жалал-Абад областы |
If: |
Сузак району |
If:Айыл аймагыАйыл аймагы |
Ленин айыл округу |
Тарыхы жана Географиясы | |
Негизделген күнү |
1951 |
Бийиктиктиги |
905 |
Калкы | |
Калкынын саны | |
Жыштыгы |
адам/км2 |
Сандык идентификаторлор | |
Убакыт аралыгы |
+6 |
Ленин (кырг. Ленин) – Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы кыштак. Ленин атындагы айыл аймагынын борбору. Көгарт суусунун сол өйүзүндө, деңиз деңгээлинен 905 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Сузак кыштагынан 30 км түндүк-чыгыш тарапта. Багыш темир жол бекетинен 10 км. Кыштак 1951-ж. негизделген. Калкы 2461 (2009); негизинен жүзүмчүлүктө жана дыйкан чарбаларында эмгектенет. Лицей, орто мектеп, китепкана, маданият үйү, бала бакча, байланыш бөлүмү, эс алуу паркы бар. Шарап заводу, турмуш-тиричилик кызматынын бөлүмдөрү, тамактануу жана соода жайлары, чайкана, тегирмен, май сыгуучу цехтер жана башка иштейт. Мурда кант заводу иштегендиктен, бул айыл «Кант заводу» деп да аталат.
Калкы[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Калкы - 2 461 киши.[1] Калып:Kyrgyzstan-stub
Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- ↑ 1.0 1.1 Перепись населения Киргизии 2009. Джалал-Абадская область. Текшерилген күнү 25 -август (баш оона) 2014. Түп булактан архивделген күнү 10 -август (баш оона) 2011.