Молекулалык физика
Көрүнүш
Молекула физикасы - физиканын бир бөлүмү; ал ар түрдүү агрегаттуу абалдагы заттардын физ. касиеттерин ошол заттын микроскопиялык (молекулалык) түзүлүшүнө жараша изилзейт.
- Молекула физикасынын маселелери физ. статистика, термодинамика жана физикалык кинетика методдору менен чечилет. Бул методдор менен физ. затты түзүүчү белүкчөлөрдүн кыймылы жана алардын өз ара аракеттенүүсү талдап изилденет.
- Молекула физикасынын алгачкы калыптанган бөлүмү — газдардын кинетикалык теориясы. Ж. Максвеллдин (1858—60), Л. Болъцмандын (1868) жана Ж. Гиббстин эмгектеринин негизинде классикалык статистикалык физика түзүлдү.
- Молекулалардын өз ара аракеттенүүсү жөнүндөгү түшүнүк капиллярдуу кубулуш теориясында өнүгө баштады. А. Клеронун (1743), П. Лапластын (1806), Т. Юнгдун (1805) ж. б. бул тармактагы классикалык эмгектери беттик кубулуш теориясынын башталышы болду.
- 20- кылымдын башталышында Молекула физикасы өзүнүн жаңы өсүш мезгилине кадам басты.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Бишкек: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1979. Том 4. Лактация - Пиррол. -656 б.