Неаполь

Википедия дан
Неаполь (Италия)‎»‎ барагынан багытталды)
Неаполь
итал. Napoli неап. Napule
Өлкө

Италия

Облус

Кампания

Тарыхы жана Географиясы
Калкы
Расмий тили

Италян тили

Калкынын саны

1,0 миллион (2010) ([[]])

Жыштыгы

адам/км2

Диний курамы

Католиктер

Этнохроним

Неаполитандыктар

Сандык идентификаторлор
Телефон коду

+39 081

Автоунаа коду

NA

https://www.comune.napoli.it/home

Неаполь – Түштүк Италиядагы шаар. Тиррен деңизинин Неаполь булуңунун жээгинде, Везувий жанар тоосунун этегинде жайгашкан. Кампания облусунун жана Неаполь провинциясынын административдик борбору. Калкы 1,0 миллион (2010). Эл аралык аэропорту бар. Метрополитен иштейт. Порт (жылына 10 миллионтдан ашык жүк ташылат). Өлкөнүн түштүгүндөгү маанилүү экономикалык жана маданий борбор. Нефть ажыратуу, нефть-химиялык, металлургия, машина куруу (анын ичинен кеме куруу, электр-техникалык), жеңил, тамак-аш (ири макарон фабрикалары), кагаз өнөр жай ишканалары иштейт. Университет(1224), музейлер (анын ичинен Европадагы эң ири археологиялык, Сан-Мартино, улуттук жана башка), Каподимонте сүрөт галереясы, «Сан-Карло» опера театры (18-кылым), консерватория (1806) бар.

Этимология[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Тарых[түзөтүү | булагын түзөтүү]

География[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Ажайып жайлары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мурда Грекиянын ээлиги болгон. Биздин заманга чейинки 327–26-жылы Рим жеңип алган, биздин замандын 5–6-кылымында Византия бийлигинин астында, 13-кылымдын 2-жарымынан Сицилия королдугунун, 1282–1442-, 1501–04-, 1806–15-жылы Неаполитан королдугунун, 1815–60-жылы эки королдуктун тең борбору болгон. Соңку христиан катакомбалары, Сан-Жованни баптистерийи (5-кылым), Кастель дель Ово (12-кылым) жана Кастель Нуово (13–15-кылым) сепилдери, көптөгөн готика, ренессанс жана барокко стилиндеги чиркөөлөр, ак сарайлар, Чертоза ге Сан-Мартино кечилканасы (14–17-кылым), Неапольдан түштүк-чыгышта байыркы Помпей шаарынын калдыктары сакталган. Неаполь эл аралык туризмдин борбору.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]