Падан түздүгү

Википедия дан
Падан түздүгү.

Падан түздүгү - Италиянын түндүгүндө, Альп, Аппенин тоолору жана Адрия деңизи менен чектешет. Падан түздүгүнүн айрым бөлүктөрү Ломбардия ойдуңу (түндүк-батышы), Венеция ойдуну (чыгышы) деп аталат. Узундугу 500 кмдей, туурасы 200 км, бийиктиги 300-400 мге чейин (батышында). Падан түздүгү По дарыясынын жана анын куймаларынын аллювий, ошондой эле деңиз чөкмөлөрүнө толгон тектон. ийилүүдө жайгашкан. Калкы жыш отурукташкан; маданий ландшафт басымдуу. Италиянын негизги айыл-чарбалуу аймагы (буудай, жүгөрү, шалы эгилет). Ири шаарлары: Милан, Турин, Болонья, Падуя.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]