АНЗЮК

Википедия дан

АНЗЮК (негизги катышуучу өлкөлөрдүн англисче аталышынын баш тамгаларынан түзүлгөн) – Австралия, Жаңы Зеландия менен Улуу Британия, Малайзия, Сингапурдун келишимдердин базасында 1971-ж. түзүлгөн согуштук-саясий топ. Малайзия менен Сингапурду мүмкүн болуучу чет жактан басып алуучулуктан коллективдүү коргонууну уюштуруу АНЗЮКтун официалдуу максаты деп жарыялаган. Бул топтун чегинде коргонуу маселери боюнча Бириккен Саясий Консультативдик Кеңеш иштейт. 1981-ж. бери куралдуу күчтөрдүн биргелешкен сыноолорун өткөрүшөт. АНЗЮКтун байкоочу статусу Таиландга тиешелүү. Бул топко АКШнын таасири күчтүү.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

"Саясат таануу: энциклопедиялык окуу куралы". Башкы редактор: Ү.Асанов, жооптуу редактор: А.Акунов. Бишкек - 2004. ISBN 9967-14-011-9