Абдулла ибни Масуд

Википедия дан

Абдулла ибни Масуд (32/653-ж. өлг.) – Мухаммед пайгамбардын эң атактуу сахабаларынын бири, чыгаан мусулман илимпоз жана укуктаануучу. Меккеде төрөлгөн.

Өмүр баян[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алгачкы мусулмандардан болушу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жаш кезинде Абдулла малчы болчу. Ал алгачкылардан болуп Исламды кабыл алган жана андан кийин пайгамбардан алыстаган эмес. Меккеде ал Аркамдын үйүндөгү мусулмандардын чогулуштарынын катышуучусу болгон. Ошол кезде мусулмандар диндин ырым-жырымдарын ачык жасай алуучу эмес, бутпарастар тарабынан кысым көрүп турушкан. Бирок Абдулла ибни Масуд коркподу жана көп эл үйүлгөндө Каабанын өзүндө ар-Рахман сүрөсүн окуду. Ушул үчүн ал кармалып, кыйноого салынган. Аны абдан ысык кумга жаткырышып, бутпарастар анын Исламдан кайтуусун талап кылышкан. Бирок Абдулла бул кыйынчылыктарга эркекче чыдаган жана ишенимден кайтпаган. Андан эч нерсе чыгара албаган соң, бутпарастар (мушриктер) аны коё берүүгө аргасыз болушкан.

Меккедеги мусулмандарга болгон куугунтуктардын мезгилинде Абдулла ибни Масуд Эфиопияга (Хабашстанга) эмиграция кылууга (көчүп кетүүгө) аргасыз болгон. Анан ал Мадинага көч (хижра) жасаган.

Мамлекеттин кызматында[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мадинада жүрүп, Абдулла мусулман мамлекетинин бекемделишине жигердүү катышкан. Ал Бадрдагы, Ухуддагы, Хандактагы салгылаштардын катышуучусу болгон, жана баатырдык менен согушкан, Меккенин ээленишинде катышкан.

Мухаммед пайгамбардын өлүмүнөн кийин, Абдулла болгон күчү менен халифаттын бекемделишине салым кошкон. Ал мусулман аскеринин курамында сирий багыттагы Византияга каршы согушкан. Анан халиф Умар ибни Хаттаб аны Куфанын казысы кылып дайындаган. Бул кызматта туруп, Абдулла өз милдеттерин ак ниети менен аткарган. Ал эч кимге мыйзамдын бузушуна жол бербеген, анын ичинде өзүнүн жакындары менен досторуна дагы. Мисалы, Куфадан Саад ибни Абуваккас мамлекеттик казынадан карыз алган жана ошол сумманы өз убагында төлөй албай калган эле. Муну билгенде Абдулла ага катуу мамиле жасаган жана аны ошондо кечирген эмес.

Абдулла ибни Масуд алтымыш курганда көз жумган.

Илимде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Абдулла ибни Масуд аябай сабаттуу адам болгон, дээрлик укмуштуу эс-тутумга ээ болгон, Куранды бүт жатка билген, аны Мухаммад пайгамбардын өзүнүн оозунан түз үйрөнгөн болчу. Ал хадистердин билгичи да болгон, мусулман укугун мыкты билген жана фатваларды чыгарган.
Ошол эле мезгилде, ал жашоонун такыбалык, дээрлик аскеттик (дүнүйөдөн ажыраган), жолун өткөргөн. Ал мугалимдик ишкердик менен дагы алектенген. Анын көп окуучулары болгон.

Абдулла ибни Масуд ошондой эле фыкыхтын (мусулман укугунун) ирак мектебинин негизсалуучусу деп эсептелет. Анын, ал Куфада жүргөндөгү колдонгон укуктук усулдары Абуханифа тарабынан өнүктүрүлгөн жана ханафий мазхабынын доктринасынын негизине жатты. Өзүнүн укуктук усулунда Абдулла ибни Масуд , эгер мусулмандык башбулактарда маселенин так чечими жок болсо, Мухаммед пайгамбардын жашоосундагы ар кандай окуялар менен болгон окшоштурулуулардын негизиндеги укуктук буйрук чыгаруу усулун колдонгон. Бул усул (метод) «кыяс» аталышын алган.

Колдонулган булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Али-заде А. Исламский энциклопедический словарь. — Ансар, 2007. — ISBN 5-98443-025-8

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Калып:Сахабалар