Абдыкеримов Курманбек

Википедия дан

Абдыкеримов, Курманбек (1939–1986) - адабий сынчы, котормочу. 1939-жылы 31-январда Чүй районундагы Бурана айылында туулган. Кыргыз Мамлекеттик университетинин филология факультетинин орус тил жана адабият бөлүмүнөн жогорку билим алган.

1961 - 1969-жж. «Кыргызстан» басмасында көркөм адабият редакциясынын редактору, улук редактору, Кыргыз ССР Министрлер Советинин басма сөз боюнча комитетинин улук редактору, 1969 - 1974-жж. «Мектеп» басмасынын балдар жана өспүрүмдөр көркөм адабият редакциясынын башчысы, 1974-жылдан Кыргыз ССР Министрлер Советинин басма, полиграфия жана китеп соода иштери боюнча Мамлекеттик комитетинин адабият жана искусство боюнча башкы редактору, 1979 - 1981-жж. Кыргыз Совет Энциклопедиясында улук илимий кызматкер, 1981-жылдан Кыргызстан КП БКнын алдындагы Тарых институтунун В.И.Лениндин толук жыйнактарын чыгаруу боюнча Башкы редакциясынын улук редактору болуп иштейт.

Чыгармачылык жолу студенттик жылдарында башталып, «Бир повесттин котормосу жөнүндө» деген алгачкы сын макаласы орус тилинде «Литературный Киргизстан» журналында 1959-жылы басылып чыккан.

Стендалдын, Лев Толстойдун, М. Горькийдин, В.Кожевниковдун, М.Слуцкистин ж.б. чыгармаларын кыргыз тилине которгон.

К.Абдыкеримов 1967-жылдан СССР Журналисттер союзунун, 1972-жылдан СССР Жазуучулар союзунун мүчөсү болгон. «СССР басмасынын отличниги» деген наам алган.

Жарык көргөн китептери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Түркүн асерлер: Адабий-сын макалалар жыйнагы. - Ф.: Кыргызстан, 1968. - 172 б.

Орус тилинде[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ыр жана котормо искусствосу: Адабий-сын макалалар. - Ф.: Мектеп, 1970. - 144 б.

Котормолору[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Стендаль Фредерик. Ванина Винини: Повесть. - Ф.: Кыргызмамбас, 1962. - 36 б.
  • Толстой Л.Н. Аңгемелер. - Ф.: Мектеп, 1965. - 80 б.
  • Кожевников В.М. Таанышып коюңуздар, Балуев: Повесть. - Ф.: Кыргызстан, 1966. - 324 б.
  • Горький А. Лев Толстой; Гарин-Михайловский жөнүндө. - К-пте: Адабий портреттер. - Ф.: Кыргызстан, 1968. 44 - 112, 222 - 243 б.
  • Лодойдамба Ч. Кажыбас адам. - К-пте: Моңгол гүлдөрү. - Ф.: Кыргызстан, 1966. 123 - 158-б.
  • Данилов С.П. Жаандуу күнү. - К-пте: Якут кайрыктары. - Ф.: Кыргызстан, 1968. 183 - 225-б.
  • Пригулыев Я. Чөлдөгү кыштак: Ырлар жыйнагы. - Ф.: Мектеп, 1974. - 36 б.
  • Слуцкий М. Увертюра жана үч көрүнүш: Аңгемелер жыйнагы. - Ф.: Кыргызстан, 1974. - 250 б.
  • Кожевников В. Таанышып коюңуздар, Балуев: Повесть, 2-басылышы. - Ф.: Кыргызстан, 1975. - 308 б.
  • Слуцкий М. Увертюра жана үч көрүнүш: Аңгемелер жыйнагы. - Ф.: Кыргызстан, 1975. - 206 б.
  • Симонов К. М. Солдат болуп жаралбайт: Роман. - Ф.: Кыргызстан, 1977. - 659 б.
  • Симонов К. М. Акыркы жай: Роман. - Ф.: Кыргызстан, 1981. - 544 б.
  • Паустовский К.Г. Уйпаланган таранчы: Жомоктор. - Ф.: Мектеп, 1987. - 96 б.
  • Горбачев М .С. Кайра куруу жана жаңыча ой жүгүртүү… - Ф.: Кыргызстан, 1988. - 311 б.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]