Автоспорт

Википедия дан
Швециядагы 2003-жылдагы World Rally Championship раллиде спорттук Peugeot 206 WRCрулунда Юсо Пиколисто.

Автомобиль спорту (англ. autosport) — сериялык, спорттук жана жарышуу үчүн жасалган автомобилдер арасында мелдеш өткөрүүчү спорттун түрү[1].

Биринчи автомобилдик мелдештер 1894-ж. Францияда ПарижРуан — Париж маршруту боюнча өткөрүлгөн. Мелдеште автомобилдердин бекемдигине, айдап жүрүү жеңилдигине, айдоочунун коопсуздук эрежелерин сактоосуна жана бензин сарптоосуна баа берилет. Россияда биринчи автомобилдик мелдеши 1898-ж. Петербургга жакын жерде болгон.

СССР убагында автомобилдик мелдеши биринчи жолу 1924-ж. Серпухов шоссесинде уюштурулуп, 1948-жылдан бери дайыма өткөрүлүп келеген. Бир катар райондо ачылган автомобилдик клубдар автоспорттун өнүгүшүнө чоң роль ойногон.

Азыркы учурда Кыргызстанда автоспорт өнүгө элек.

Автоспорттун түрлөрү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Трофи-рейддер — бул өтө алгыс баткак жана бири-бирине жардам.
  • Айланма автожарышуулар
  • Чыдамкайлык жарышуулар
  • Ралли
  • Трофи
  • Автокросс
  • Автослалом
  • Автотриал
  • Дрэг-рейсинг
  • Дрифт
  • Картинг
  • Өмүр үчүн жарыш

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргыз Совет энциклопедиясы 1-т. -Б.:1976.
  • “Кыргызстан”. Улуттук энциклопедия: 1-том. Башкы ред. Асанов Ү. А., Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. ISBN 9967—14—046—1
  1. Легендарлуу спорттук унааларды тарыхы. Текшерилген күнү 22 -июль (теке) 2021. Түп булактан архивделген күнү 19 -июль (теке) 2020.