Иманалы Айдарбеков
И.Айдарбеков 1894-жылы азыркы Сокулук ооданынын Жап айылында солту элинин күн туу уруусундагы Сарбан тукумунда туулган... И.Айдарбеков кыргыз мамлекеттүүлүгүн негиз салуучулардын бири көрүнүктүү саясий жана коомдук ишмер.
Өмүр баяны
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Айдарбеков Иманалы 1894-жылы, азыркы Сокулук ооданынын Жап айылында, Солто элинин Күнтуу уруусундагы Сарбан тукумунда туулган. Атасы Айдарбек Турдин Күнтуу болуштугунда манап болгон. Иманалы Айдарбеков - өз заманынын билимдүү, жаңычыл көз караштагы, демилгелүү мамлекеттик жана коомдук ишмерлеринин бири болгон. Анын өмүр жолу улут маңдайына улуу бурулуш тагдыры жазылган кезге туш келди. Ал бүлүнгөн журтту жыйноо, арыган калкты асыроо, талаш аймактарды кайтарып алуу милдеттери жүктөлгөн татаал учурда жан аябай эмгек кылган. Иманалы Айдарбеков кыргыз элинин өз алдынча мамлекетке ээ болушуна, анын юридикалык жактан таанылышы жаатындагы иштердин башында турган. Өзүңүздөр жакшы билесиздер, Октябрь революциясы жеңген учурда кыргыз жергеси бытыранды, калкыбыз чачыранды болуп, анын түндүк аймагы Түркстандын Жети-Суу облусуна, түштүгү Сыр-Дарыя облусуна карап калган. Ошондон улам, жаңыдан калыптана баштаган улуттук интеллигенциянын алдыңкы тобу кыргыз кыйырын бириктирип, өз алдынча мамлекет түптөө демилгесин көтөрүп чыккан. Иманалы Айдарбеков ошолордун алдыңкы сабында болгон.
Билими
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Ал алгач айылдык молдодон кат тааныган. 1909-ж. Бишкектеги айыл чарба техникумун бүтүргөн. Андан кийин Ташкендеги гидротехника мектебинен билим алган.
Ишмердүүлүгү
[түзөтүү | булагын түзөтүү]1918–1920 жылдары Бишкек уезддик-шаардык кеңеш аткомунун, 1920–1921 жылдары Каракол уезддик ревкомунун мүчөсү. 1921–1923 жылдары Бишкек уезддик аткомунун төрагасы. 1924-жылы Кара-Кыргыз автономия облусунун ревкомунун төрагасы. 1925–1926 жылдары Ташкенде «Орто Азия» кеңсесинде башкармалыктын мүчөсү болгон. 1927–29-ж. Кыргыз АКСРнин жеңил өнөр жай жана соода эл комиссары, 1930–31-ж. Кыргыз айыл чарба банкынын башкармалыгынын мүчөсү, Кыргыз АКСР Юстиция эл комиссары, Кыргыз АКСРнин башкы сотунун төрагасы. Аксуу козголоңун, Нарындагы контрреволюциячыл көтөрүлүштү басууга катышкан. Жалган жалаа менен атылган. 1991-жылы сөөгү Атабейит көрүстөнүнө кайра коюлган.
Иманалы Айдарбековду