Айыз чөйчөгү

Википедия дан
Ар кандай өлчөмдөгү айыз чөйчөктөрү
Этек кир толгон айыз чөйчөгү

Айыз чөйчөк (ошондой эле этек кир чөйчөк, этек кир капкак, англ. menstrual cup) - аялдар үчүн интимдик гигиена каражаты - этек кир суюктугун чогултуу үчүн жыныс кындын ичине салынган идишче же этек кирди агызбай кармоочу чөйчөк[1]. Тампондордон же гигиеналык көөктөрдөн айырмаланып, этек кирди секрециясын сиңирип албайт, тескерисинче, аларды агызып жибербей чогултат. Айыз чөйчөктөрүнүн эки түрү бар:

  • полиэтиленден жасалган жана контрацептивдик диафрагмага окшош жумшак ийкемдүү бир жолу колдонулуучу чөйчөктөр. Мындай чөйчөккө «Instead» түрүндөгү чөйчөктөр мисал боло алат.
  • Экинчи, эң кеңири таралган түрү: резинадан (латекс), медициналык силикондон же термопластикалык эластомерден жасалган коңгуроо түрүндөгү чөйчөк. Бул чөйчөктөрдү кайра колдонууга болот жана 10 жылга чейин колдонсо болот. Кээ бир өндүрүүчүлөр чөйчөктөрдү жыл сайын, кээ бирлери 5-10 жылда бир алмаштырууну сунуштайт.

Жумшак, бир жолу колдонулуучу айыз чөйчөктөрдү жыныстык катнаш учурунда колдонсо болот, бирок бойго бүтүрбөөчү контрацепция каражатты болуп эсептелбейт. Силикон же латекстен коңгуроо түрүндөгү чөйчөктөрдү жыныстык катнаш алдында алып салуу керек.

Кээ бир аялдар үчүн этек кир чөйчөктөрүн колдонуу тампондорду колдонууга караганда кыйыныраак. 1995- жылы 51 аял катышкан клиникалык изилдөөдө 23 аял же 45% гана айыз чөйчөктөрүн гигиеналык ыңгайлуу продукт деп аташкан[2].

Канадада 2011-жылы айыз чөйчөктөрү тампондорго альтернатива боло алабы же жокпу деген изилдөө жүргүзүлгөн, жыйынтыгында аялдардын болжол менен 91% чөйчөктөрдү колдонууну улантаарын жана аны башкаларга сунуштаарын айтышкан[3].

Коопсуздук[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Айыз чөйчөктөр көрсөтмө боюнча колдонулганда коопсуз жана ден соолукка эч кандай коркунуч алып келтбейт[1][4].

Артыкчылыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Айыз чөйчөктөрдү колдонуунун себептеринин артыкчылыктары төмөнкүлөрдү камтышы мүмкүн:

  • Үнөмдүү: Этек кир стакандары 10 жылга чейин колдонсо болот[5]. Кээ бир өндүрүүчүлөр чөйчөктөрдү 5 жылда бир алмаштырууну сунушташат. Узак мөөнөттүү колдонууда аз каражат талап кылынат.
  • Экологиялык себептер: Айыз чөйчөктөрдү колдонууда, бөлөк каражаттардан айырмаланып аларды күн сайын ыргытууга кажет жок. Орточо эсеп менен бир аял өмүр бою 11 000 тампон жана гигиеналык көөктөрдү колдонот. Колдонуудан кийинки каражаттар таштанды катары ыргытылып, экологиялык жактан аларды жок кылуу кыйынчылыктарды туудурат.
  • Портативдүүлүк: Саякат же сапар учурунда айыз чөйчөктөрдү алып жүрүү, тампондор жана гигиеналык көөктөргө караганда бир канча оңтойлуу.
  • Комфортуу жана оңтойлуу: гигиеналык көөктөрдөй болуп кийиндин сыртынан байкалбайт, тампондордон айырмаланып заара кылуу учурунда кармоочу жиби ным болуп калбайт.
  • Ден соолукка коркунучу азыраак: айыз чөйчөктөр гипоаллергендик каражаттардан жасалгандыгына байланыштуу микрофлорага таасир этпейт.
  • Колдонууда оңой: айыз чөйчөктөр суюктуктун көбүрөөк көлөмүн кармай алат.
  • Бөлүнүп чыккан айыз денеге тийбейт.
  • Спорт учурунда колдонсо болот.
  • Кийимдин сыртынан байкалбайт.
  • Ашыкча жыты жок.

Кемчиликтери[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Айыз чөйчөктү стерилдөө
  • Айыз чөйчөктү киргизүү жана алып салуу кандайдыр бир тажрыйбаны талап кылат. Эгер туура эмес колдонулса, этек кир агып кетиши мүмкүн.
  • Циклдердин ортосунда стерилдөөнү талап кылат.
  • Которуш үчүн чөйчөктү суу менен чайка же жууп туруш керек.

Көлөмү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Көпчүлүк бренддер айыз чөйчөктөрдү эки өлчөмдө чыгарышат: кичирээк жана чоңураак көлөмдөгү.

Кичинекей көлөмдөгү чөйчөктөр, адатта, өспүрүм кыздарга, 30 жашка чейинки же төрөй элек аялдарга сунушталат; чоңу – 30 жаштан ашкан, төрөгөн же этек кири көп келген аялдарга сунушталат. Бирок, жашына же ден соолугунун абалына жараша ар кандай чөйчөк өлчөмүн зарылдыгын көрсөткөн изилдөөлөр болгон эмес[6].

Орточо көлөмдөгү айыз чөйчөктөрү 20 мл болот. Чоңураак көлөмдөгү айыз чөйчөктөрү 37—51 мл суюктукту кармай алат (тампондор 10-12 мл).


Менструалдык чөйчөктөр катуулугу же ийилчектүүлүгү боюнча да айырмаланат. Кээ бир компаниялар айыз чөйчөктөр үчүн ар кандай катуулукту сунушташат. Катуураак чөйчөктөр киргизилгенден кийин оңой ачылат жана жыныс кындын ичинде тыгыз жайгашат.

Өндүрүүдө колдонуучу зат[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Айыз чөйчөктөр медицина тармагында колдонулган силикондон жасалат.

«Keeper» соода белгисинин айыз чөйчөктөрү латекстен жасалган, ал эми «MeLuna» соода белгиси термопластикалык эластомерлерден жасалган айыз чөйчөктөрү сунуштайт.

Түсү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Lunette түстүү айыз чөйчөгү

Айыз чөйчөктөр түссүз жана ар кандай түстө болот.

Түстүү айыз чөйчөктөрүнүн курамында боёктор бар (тастыкталган), ал эми түссүз айыз чөйчөктөрүн өндүрүүдө боёктор колдонулбайт.

Түссүз айыз чөйчөктөр тез эле баштапкы көрүнүшүн жоготот - алар болунуп чыккан этек кирден саргайышы мүмкүн, бирок түссүз материалдан жасалган айыз чөйчөктөрүндө булгануулар жакшы байкалгадыгынын себебинет, аны таза кармоо оңой.

Тарыхы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Айыз чөйчөктөр (капкактар) биринчи жолу 1930-жылдары чыгарылып, биринчи тампондор менен бир убакта сатыкка чыккан. Бул жылдары жыныс кынга кол менен тийүү уяттуу көрүнүш деп эсептелген.Тампон өндүрүүчүлөрү тампондорду колдонууда жыныс кынына кол менен тийбестен, атайын кычкачтарды (аппликаторлорду) сунуштаган.

Айыз чөйчөктөрүн колдонууда кандайдыр бир кычкачтарды же кармоочторду колдонууга болбойт жана кол менен гана жыныс кынына жайгаштыруу болот. Ушул себептен улам, айыз чөйчөктөрү көп жылдар бою кеңири колдонулбай келген. 1980-жылдары экологиялык суроолор кеңири көтөрүлүп жана талкууланып баштаган жана айыз чөйчөктөрү популярдуулук алган. Алгачкы айыз чөйчөктөрү аллерген болуп саналган табигый латекстен жасалган жана аллергиялык реакциялар келип чыгышана себеп болгон. Заманбап айыз чөйчөктөрү медициналык силикондон жасалат жана ден соолука зыяны жок, аллергия да кылбайт.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  1. 1.0 1.1 Stewart, Elizabeth B. The V Book: A Doctor’s Guide to Complete Vulvovaginal Health (англ.). — New York: Bantam Books, 2002. — P. 96—97. — 455 p. — ISBN 0-553-38114-8.
  2. M. Cheng, R. Kung, M. Hannah, D. Wilansky, J. Shime. Menses cup evaluation study (англ.) // Fertility and Sterility. — 1995. — Vol. 64, iss. 3. — P. 661—663. — PMID 7641929.
  3. Courtney Howard, Caren Lee Rose, Konia Trouton, Holly Stamm, Danielle Marentette, Nicole Kirkpatrick, Sanja Karalic, Renee Fernandez, Julie Paget. FLOW (finding lasting options for women): multicentre randomized controlled trial comparing tampons with menstrual cups (англ.) // Canadian Family Physician. — 2011. — Vol. 57, iss. 6. — P. 208—215. — PMID 21673197.
  4. Tatnai Burnett. What can you tell me about the menstrual cup? (англ.). Mayo Clinic
  5. Anna Maria van Eijk, Garazi Zulaika, Madeline Lenchner, Linda Mason, Muthusamy Sivakami, Elizabeth Nyothach, Holger Unger, Kayla Laserson, Penelope A Phillips-Howard. Menstrual cup use, leakage, acceptability, safety, and availability: a systematic review and meta-analysis (англ.) // The Lancet. Public Health. — 2019. — Vol. 4, iss. 8. — P. 376—393. — doi:10.1016/S2468-2667(19)30111-2. — PMID 31324419.
  6. Jen Gunter. The vagina bible: the vulva and the vagina—separating the myth from the medicine. — Toronto, 2019. — ISBN 978-0-7352-7738-0, 0-7352-7738-9.