Акмат Жасави

Википедия дан

Акмат Жасави (Жазылык Кулкожакмат)
Орто кылымдарда өз чыгармаларын түрк тилинде жазган чоң таланттуу инсандардын бири- Акмат Жасави. Ал ири диний ишмер жана сопучуклук идеясынын көрүнүктүү өкүлү болгон. Тарыхта Акмат Жасави “Жасавилик” деген сопучулук -диндик агымдын негиз салуучусу деп да каралат. Ушу жерде диндин, анын ичинде ислам дининин чыгармачылыкка, өнөргө болгон мамилеси тууралуу да кыскача токтоло кетүүгө туура келип отурат. Атактуу төкмө акын Осмонкулга туугандары мүмкүнчүлүк бербей, ырчылык – бул шайтандын иши, ыр – бул шайтандын сөзү деп, ырчынын эл арасына чыгышына каршы чыккан эле. ΧΙ –ΧΙΙ кылымда өз чыгармалары менен дүйнө адабиятынын алтын фондусун түзүшкөн Махмуд Кашгари , Жусуп Баласагын, Акмат Жүгнаки да ислам дининин эрежелерин бекем тутуу менен бирге эле классикалык чыгармаларды да жаратышкан. Ал эми өткөн кылымда эле жашаган Молдо Нияз жана Молдо Кылыч чыгармачылык ишмердик менен диндик ишенимдердин тизгинин бирдей кармап, инсандык даремет- кудуретин чар тараптуу ачып жетишкен эмеспи.
Акмат Жасавинин өмүр таржымалы боюнча бизге жеткен маалыматтар аз. Анын туулган жылы да белгисиз. 1166- жылы каза болгондугу гана маалым. Жасавинин туулган жери жөнүндөгү маалыматтар да азыр түрдүүчө каралып келүүдө. Казак адабиятчылары ал Түркстан ( Мурда Яссы шаары деп аталган) шаарында туулган деп жазышат. Өзбек аалымдары да Акмат Түркстан шаарында ири шайыктын үй бүлөсүндө туулгандыгын айтышат. Ушл жагжайда кыргыз изилдөөчүлөрүнүн (Ч.Өмүрлиев) арасында башкачараак пикир бар:”Туулган жери Яссы шаар Түрксан аталды дешет. Казак жергесинде Түркстан шаарында Аксак Темир тарабынан ага арналып курулган күмбөзү бар. Ушундан улам аын туулган жери башка жер болуш керек деп божомолдойт. Акмат “Насыяттар жыйнагы” деген чыгармасын жазат. Бул жыйнактын түп нускасы бизге жетпептир. Эң эрте табылган нскасы араб ариби менен көчүрүлүп, биринчи жолу Казань шаарында басмадан 1887- жана 1901- жылдары жарыяланыптыр. Кийин Стамбулда (1901), Тaшкентте (1902, 1911-жж.) бир нече ирет басылып чыгарылат. Бул кол жазма да, басмадан чыгарылган нускалары да бири-биринен бир топ айырмачылыктарга ээ экендигин Н.Маллаев өз эмгегинде белгилейт.