Алгачкы жамааттык коом

Википедия дан

Алгачкы жамаатык коом – структурасы адамдар жамаатынын общиналык жана кандаш-туугандык формадагы алакалар менен мүнөздөлгөн алгачкы (же архаикалык) коомдук-экономикалык формация; алгачкы адамдар жаралган мезгилден тартып мамлекет пайда болгон учурга чейинки (б. з. ч. 6–5 миң жылдык) доорду өз кучагына камтыйт.

Коллективдүү эмгек жана керектөө менен мүнөздөлөт. Көпчүлүк окумуштуулардын пикири боюнча Алгачкы жамааттык коомдун негизги ячейкасы болуп матриархат эсептелген. Кийин матриархат патриархаттагы чоң үй бүлө, андан соң коңшулук жамаат менен алмашылган. Алгачкы адамдын ишмердүүлүгү жуп, чоң ж. б. формадагы үй-бүлөлөрдөн куралган урук, уруулук, айылдык жамааттардын чегинен чыккан эмес.

Үй-бүлөлөр адамдын тукумун уланткан жана жамааттан чарбалык, диний ж. б. ишмердүүлүктөрү менен тигил же бул деңгээлде көз каранды болгон ячейка болуп саналган. Үй-бүлөлөр экзогамдуу формада түзүлгөндүктөн, жамааттын составына кандаш-туугандаш адамдардан сырткары башка жамааттын өкүлдөрү болуп эсептелген жубайлар кирген. Үй-бүлөлүк мамилелерди жөнгө салуу жамааттар аралык байланыштарга туруктуу жана ирээттүү мүнөз берип, жамааттардын ири социалдык бүтүндүккө айлануусуна көмөктөшкөн (уруулук түзүлүш ж. б.).

Өндүрүштүн өнүгүшү жана эмгектин коомдук бөлүнүшү жеке менчиктин, индивидуалдуу чарбанын пайда болушуна жана уруунун бай жана кулдар сыяктуу таптарга бөлүнүшүнө алып келген. Таптар аралык мамилелерди жөнгө салуу социалдык топтордун жана мамлекеттин пайда болушун шарттаган. Айрым элдерде Алгачкы жамаатык коомдун саркындылары 20-кылымга чейин сакталган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Философия (энциклопедиялык окуу куралы).-Б.: 2004, ISBN 9967-14-020-8