Алтынбек Сулайманов

Википедия дан
Алтынбек Сулайманов
Сулайманов Алтынбек Турдубаевич
Алтынбек Сулайманов
Желек
Желек
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутатты
желек
желек
  2010—2015; 2015—2020
Президент: Алмазбек Атамбаев
Сооронбай Жээнбеков
Садыр Жапаров
Президенттин Ысык-Көлдөгү өкүлү
 24-февраль, 2022
Президент: Садыр Жапаров
 
Дини: Ислам
Туулган жери: Шанкол, Ноокат району, Ош облусу, Кыргыз ССРи, СССР
Партиясы: «Бир Бол»
Билими: ОшМУ
КУУ
Кесиби: Саясатчы
 
Сыйлыктары:
Достук ордени — 2017

Алтынбек Сулайманов (төр. 24-сентябрь, 1972) — Кыргызстандык саясатчы, Жогорку Кеңештин IV, V, VI жана VII чакырылышынын депутаты.[1][2][3][4][5][6][7][8]


Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Алтынбек Турдубаевич Сулайманов 1972-жылы 24-сентябрда Ош областынын Ноокат районунун Шаңкол айылында туулган.

Үй-бүлөлүү, эки уул, бир кыздын атасы. Жогорку билимдүү.

1990-1992-жылдары Советтик армияда кызмат өтөгөн.

Эмгек жолу. Саясий ишмердиги[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1992-97-жылдары жекече ишкердик менен алектенген.

1997—1999-ж.ж. «Монолит» акционердик коомунун Оштогу филиалында ага инспектор болуп иштейт.

Ал эми 1999—2001-ж.ж.«Алтын Темир» корпорациясында директордун орун басары, 2001-жылы«Темир» мамлекеттик ишканасынын Ош областы боюнча өкүлчүлүгүндө башкы инспектор болуп эмгектенген.

2001-жылдан 2007-жылга чейин аталган ишкананын Баткен областы боюнча өкүлчүлүгүнүн директору болуп дайындалган.

2003-жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юридикалык факультетин аяктаган.

2007—2010-ж.ж. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин IV чакырылышынын депутаты жана парламенттеги экономика жана бюджет боюнча комитеттин жетекчисинин орун басары болгон.

2009-жылы Ош технологиялык Университетин экономист адистиги менен бүтүргөн.

2010-жылы октябрда Кыргызстан Жогорку Кеңешинин депутаты болуп ("Республика" партиясыныны тизмеси менен) шайланган.

Учурда (2012-жылдын июлунан тартып) "Республика" партиясынын Жогорку Кеңештеги фракциясынын төрагасы.

Билими[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Жогорку билимдүү.

2003-жылы Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин юридикалык факультетин аяктаган.

2009-жылы Ош технологиялык Университетин экономист адистиги менен бүтүргөн.

Демөөрчүлүк иш-аракети[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2012-жылы А.Сулайманов кыргыз тарыхын жаңыча, калыс жана жатык тилде жазуу боюнча ачык коомдук сынак жарыялады.

Бул сынактын мааниси тууралуу депутат А.Сулайманов мындайча маек курду:

"Биздин Кыргыз мамлекетибиз көз карандысыздык алгандан бери 20 жылдан ашык убакыт өттү. Бирок алигиче тарыхыбызды хронологиялык жактан ырааттуу тактап, китепке түшүрүп элге, дүйнөгө тарата элекпиз.Биз «кыргыздын мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдык тарыхы бар!» деп кыйкырабыз. Кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн 2200 жылдыгын белгиледик, бирок ошол 2200 жылдыкты далилдеген илимий фактыларды ырааттуу далилдеп жазып, жайылткан жокпуз. Ошондой фактылар бар экенин билебиз, бирок аны илимпоздордун гана тар чөйрөсү жакшы билбесе жалпы коомчулук ошолордун оозунан гана угуп жүрөт. Ошол эле учурда кыргыздардын, айрыкча жаштардын арасында улуттук өзүн-өзү аңдап,таанып билүү процесси күч алды. Улуттук самоидентификация: биз кайдан келдик, кайда келдик, кайда барабыз деген суроолор көп кыргызды ойлонтуп-түйшөлтүүдө. Жаштар улуу эл экенибизди билет, аны менен сыймыктанышат бирок дикуссияларда аны илимий фактыларга таянып далилдеп берүүдө аксашат. Анткени бизде ошону окуп үйрөнө турган тарыхый, илимий-популярдуу китептер жок. Менин максатым биз «Улуу элбиз!» деп эле кыйкыра бербей ошону илимий фактылар менен таналгыс кылып далилдей ала турган күчтүү жаштарды тарбиялоо. Кайсы гана деңгээлде болбосун биздин жаштар кыргыз тарыхы боюнча олуттуу илимий фактыларга таянып талаша, тастыктай турган болуш керек. Ар бир кыргыз 2200 жылдык тарыхты так жана өзүнө керектүү деңгээлде жатка билиши керек. Тарыхыбызды дүйнөгө жайылтышыбыз керек. Кыргыздын тарыхын дүйнөгө кыргыз жайылтпаса анда ким жайылтат? Биздин карт тарыхыбызды канча киши билсе бизди ошончо киши сыйлайт. Ошондуктан биз кыргыз тарыхын орусча жана англисче да басып чыгаралы деп жатабыз. Жыйынтыктап айтканда, биринчиден биз тарыхыбызды өзүбүз терең билсек деген, экинчиден дүйнөгө таратсак деген зарылчылыктан улам ушундай ишке бел байладык".

2012-жылдын июнунда сынак жыйынтыкталып, Кыргыз Тарых Коомунун мүчөлөрү сынакта жеңүүчү деп табылды.

Бул топ 2013-жылдын ортосуна чейин жети томдук "Кыргыз тарыхын" жазып бүтүрмөкчү.

Үй-бүлөсү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Үй-бүлөлүү.

Эки уул, бир кыздын атасы.

Сыйлыктары. Наамдары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

2008-жылы «Ардак» медалы менен сыйланган.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстан: Улуттук энциклопедия. 1-том. А – Базаркоргон / Башкы редактору академик Үсөн Асанов. – Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2006. – 688 бет, илл. – (Мында: 543-бетте). - ISBN 9967-14-046-1.
  1. ЖОГОРКУ КЕҢЕШ. Сулайманов Алтынбек Турдубаевич | Жогорку Кенеш Кыргызской Республики. www.kenesh.kg. Текшерилген күнү 1 -февраль (бирдин айы) 2017. Түп булактан архивделген күнү 11 -март (жалган куран) 2017.
  2. Sputnik. Сулайманов Алтынбек Турдубаевич. Биография (орус.). ru.sputnik.kg. Текшерилген күнү 1 -февраль (бирдин айы) 2017.
  3. Сулайманов Алтынбек Турдубаевич. who.ca-news.org. Текшерилген күнү 1 -февраль (бирдин айы) 2017.
  4. Алтынбек Сулайманов. Вечерний Бишкек. Текшерилген күнү 1 -февраль (бирдин айы) 2017.
  5. СУЛАЙМАНОВ Алтынбек Турдубаевич | ЦентрАзия. ЦентрАзия. Текшерилген күнү 1 -февраль (бирдин айы) 2017.
  6. Deputat.kg - сервис контроля обещаний и высказываний. (орус.). www.deputat.kg. Текшерилген күнү 1 -февраль (бирдин айы) 2017. Түп булактан архивделген күнү 2 -февраль (бирдин айы) 2017.
  7. Сулайманов Алтынбек Турдубаевич. Биография :: Намба Новости. namba.kg. Текшерилген күнү 1 -февраль (бирдин айы) 2017. Түп булактан архивделген күнү 25 -август (баш оона) 2018.
  8. Сулайманов Алтынбек Турдубаевич. who.ca-news.org. Текшерилген күнү 1 -февраль (бирдин айы) 2017.

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]